Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 28 „Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 24-апрели № 143
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн дизелдик отун жана аштык буудай менен ыкчам камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы №
28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги N 157-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган 5,0 мињ куб метр дизелдик отундун калдыгы айылдык товар өндүрүүчүлөргө № 5 тиркемеге ылайык са- тылсын. Дизелдик отунду сатуудан алынган акча каражат күйүүчү-майлоочу материалдардын номенклатуралык запасын толуктоого жумшалсын;";
- 7-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- дизелдик отундун жетишпеген көлөмүн брондон чыгарылган автомо- билдик бензиндин бир бөлүгүнө алмашуунун эсебинен сатып алуу мүмкүндүгүн караштырсын.";
- 8-пункттун экинчи абзацындагы "жана күйүүчү-майлоочу материал-
дарды" деген сөздөр алып салынсын, "бөлүнүүчү" деген сөз "берилчү" де- ген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 4 тиркемеси ушул токтомдун тиркеме-
сине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 12-пунктундагы "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 5 тиркемесинин аталышындагы "товар-
дык кредит түрүндө берүү" деген сөздөр "сатуу" деген сөзгө алмаштырыл- сын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 143 токтомуна тиркеме
2007-жылы жазгы себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу үчүн кийин үрөндөргө, күйүүчү-майлоочу материалдарга, минералдык жер семирткичтерге жана запас тетиктерге алмашуу үчүн мамлекеттик материалдык резервден бөлүнгөн аштык буудайдын БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
| Облустардын | Берилчү аштык | Алуучу-жер | |
| аталышы | буудайдын | " | |
| көлөмү, тонна | |||
| Баткен | 800 | "Талас-Дан-Азык" АК - 400 тонна | |
| "Буудай-Кара-Балта" АК - 400 тонна | |||
| Жалал-Абад | 1000 | "Талас-Дан-Азык" АК - 800 тонна, | |
| Жалал-Абад облусунун жергиликтүү | |||
| жооптуу сактоочулары - 200 тонна | |||
| Ысык-Көл | 2300 | "Буудай-Каракол" АК - 2300 тонна | |
| Нарын | 1700 | Нарын облусунун жергиликтүү | |
| жооптуу сактоочулары - 1700 тонна | |||
| Ош | 1000 | "Талас-Дан-Азык" АК - 400 тонна, | |
| "Буудай-Каракол" АК - 600 тонна | |||
| Талас | 800 | "Талас-Дан-Азык" АК - 800 тонна | |
| Чүй | 10000 | Чүй облусундагы "Сулиев" ЖЧ - | |
| 2000 тонна "Алтын-Дан" АК, | |||
| Балыкчы ш. - 400 тонна | |||
| Республика боюнча | 10000 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы №28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында…Постановление · 03.02.2007 · № 28 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы №28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында…Постановление · 03.02.2007 · № 28 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.