# (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2366/edition/327336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо (21.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58248

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 21-апрелиндеги

№ 141 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм

боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө

ЖОБО

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча

мамлекеттик агенттиктин, анын органдарынын ишмердиктеринин укуктук жана

уюштуруучулук негиздерин, алардын бири-бири менен, ошондой эле мамле-

кеттик бийликтин жана башкаруунун башка органдары менен өз ара мамиле-

лерин аныктайт.

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамле-

кеттик агенттик (мындан ары - Мамтуризм), эл аралык (чет өлкөлүк) жана

ички туризм жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу

жана жүргүзүүчү, жөнгө салуучу функцияларды жүргүзүүчү аткаруу бийлиги-

нин мамлекеттик органы, администрациялык ведомство болуп эсептелет.

2. Мамтуризм өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын

жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыла-

рын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен нормаларын,

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирги-

зилген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке

алат.

3. Мамтуризм өз ишмердигин башка аткаруу бийлик органдары, жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана

башка уюмдар менен бирдикте жүргүзөт.

4. Мамтуризм, анын аймактык органдары жана чет өлкөдөгү туристтик

маалыматтык борборлор юридикалык жактар болуп саналат, Кыргыз Республи-

касынын Мамлекеттик герби тартылган жана мамлекеттик, расмий жана анг-

лис тилдеринде өздөрүнүн аталыштары бар мөөрү болот. Мамтуризм жаран-

дык-укуктук мамилелерге өз атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарынын алкагында өз компетенциясынын чегинде мамлекеттин атынан жаран-

дык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгуу укугуна ээ.

II. Мамтуризмдин милдеттери

5. Мамтуризмдин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:

- мамлекеттик жана региондук дењгээлдерде туризм чөйрөсүндөгү сая-

сатты координациялоону камсыз кылган механизмди түзүү, экономикалык на-

тыйжалуулукту жогорулатуу жана туризмди мамлекеттик бюджетти толуктоо

үчүн олуттуу экспорттук мүмкүнчүлүгү бар Кыргызстандын экономикасынын

жогорку кирешелүү тармагына айландыруу максатында бирдиктүү мамлекеттик

саясатты жүргүзүү, ошондой эле туристтик, экскурсиялык, мейманканалык

рынокту жана туризмге тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;

- туристтик ишмердик жүргүзгөн субъекттердин жана туристтик ин-

дустрия объекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин (Туристтик ишмер-

диктин бирдиктүү Мамреестри) жүргүзүү жана туристтик ишмердик

жүргүзүүчү субъекттерди жана туристтик индустрия объекттерин каттоонун

бирдиктүү мамлекеттик системасын иштеп чыгуу;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер-

дин жана ыраакы чет өлкөлөрдүн салттуу туристтик рынокторунда туризм

өлкөсү катары Кыргызстандын жакшы кадыр-баркын түзүү;

- жарнамалык-илгерилетүү ишмердигинин эсебинен чет өлкөлөрдө Кыр-

гызстандын туристтик потенциалын пропагандалоодо мамлекеттик органдар-

дын, туристтик коомчулуктун, туристтик ишмердик жүргүзүүчү субъекттер-

дин жана туристтик индустрия объекттеринин иштерин координациялоо жана

негизги туристтик көргөзмөлөрдүн жана ярмаркалардын ишине катышуу;

- туризм жаатындагы мамлекеттик саясатка ылайык Кыргыз Республика-

сынын аймагында чет өлкөлүк (эл аралык) туристтердин өмүрүн, ден соолу-

гун, мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

- мамлекеттик туристтик саясатка ылайык чет өлкөлөрдө Кыргыз Рес-

публикасынын жарандарынын (ички туристтердин) өмүрүн, ден соолугун,

мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

- эл аралык стандарттарга, эрежелерге жана ченемдерге ылайык ту-

ристтик тейлөөнүн сапатын камсыз кылуу. Туристтик объекттерди классифи-

кациялоонун жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын ыктыярдуу сер-

тификациялоонун мамлекеттик системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

- туризмди өнүктүрүү кызыкчылыгында кол өнөрчүлүк өндүрүштүн жана

элдик уз-чеберчиликтин өнүгүшүнө көмөктөшүү;

- туристтик агымдардын келишин жана кетишин башкарууну кошкондо,

туристтик, экскурсиялык, мейманканалык жана туризмге тиешелүү кызмат

көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жаатындагы саясатты аныктоо жана жөнгө

салуу;

- туризмди башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес

органдардын, менчик туристтик уюмдардын жана ар кандай ведомстволорго

тийиштүү жана түрдүү менчик формасындагы туристтик индустрия объектте-

ринин ишмердиктерин координациялоо;

- туризмди өнүктүрүүнүн концепцияларын, мамлекеттик жана улуттук

программаларын иштеп чыгуу.

III. Мамтуризмдин функциялары

6. Мамтуризм өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөндөгү-

лөрдү ишке ашырат:

Тармактык саясат функциялары:

- туризмди экономиканын жогорку кирешелүү бөлүгүнө айландыруу мак-

сатында туризмди өнүктүрүүнүн экономикалык стратегиясын иштеп чыгат жа-

на жүзөгө ашырат;

- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына

комплекстүү талдоо жана божомол жүргүзөт;

- туристтик инфраструктура объекттеринин абалына талдоо жана ту-

ристтик агымдарга мониторинг жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын туризм инфраструктурасын жана туризмге

байланышкан экономика тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн

ыњгайлуу инвестициялык климатты түзүү боюнча сунуштарды белгиленген

тартипте киргизет;

- туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өр-

күндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана чет өлкөлүк (эл аралык) жа-

на ички (Кыргыз Республикасынын жарандары) туристтерге көрсөтүлүүчү ту-

ристтик жана рекреациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга

багытталган ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде ка-

был алат;

- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бекитет:

туристтик-экскурсиялык жана курорттук-рекреациялык кызмат көрсө-

түүлөрдү камсыз кылуу жана сапатын жогорулатуу;

Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүү рыногунда атаандаштыкты

өнүктүрүү жана туристтик ишмердиктин бардык субъекттери үчүн бирдей

шарттарды түзүү;

Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш комплексин жана тары-

хый-маданий обьекттерди өзүнө камтыган туристтик ресурстарды сактоо;

- Кыргыз Республикасынан мыйзамдарына ылайык туристтик ишмердик

чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана

бекитүү үчүн белгиленген тартипте киргизет;

- кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте туризм

тармагы үчүн илимий-усулдук жактан камсыздоо, кадрларды даярдоо жана

квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;

- кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте туризм

линиясы боюнча чет өлкөгө кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын

мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат;

- туристтик кызмат көрсөтүүлөр боюнча дүйнөлүк рыноктун конъюнкту-

расын иликтейт жана улуттук туристтик продуктуну өткөрүүгө эњ жакшы ке-

лечектүү туристтик рынокторду аныктоо үчүн илимий-изилдөө иштердин

жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

- чет өлкөлүк (эл аралык) туристтердин Кыргыз Республикасынын ай-

магына келүү мезгилинде алардын мыйзамдуу укуктарын жана Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандарынын чет өлкөлөргө туристтик баруулары убагында алар-

дын мыйзамдуу укуктарын коргоо тартибин аныктайт;

- келүүчү жана кетүүчү туристтик агымдарды жөнгө салууну камтуу

менен туристтик, экскурсиялык, мейманканалык жана туризмге тиешелүү

кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты

аныктайт жана жөнгө салат;

- Мамтуризмдин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат-

тык-аналитикалык материалдарды, эксперттик жана божомол баалоолорду да-

ярдоону ишке ашырат;

- республиканын негизги туристтик зоналарында жол берилүүчү чектик

антропогендик нормаларды эске алуу менен туристтик агымды жөнгө салуу

боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;

- чет өлкөлүк (эл аралык) жана ички туристтердин Кыргыз Республи-

касынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өмүрүн, ден соолугун жана мыйзам-

дуу укуктары менен кызыкчылыктарын, ошондой эле туристтерди тейлөөнүн

сапатын камсыз кылуу жана туризм тармагында кадрлардын квалификациясын

жогорулатуу бөлүгүндө Мамтуризмдин компетенциясына кирүүчү маселелер

боюнча көз карандысыз экспертиза уюштурат жана корутунду берет.

Координациялоо жана контролдоо функциялары:

- Кыргызстандын туризм өлкөсү катары жакшы кадыр-баркын түзүү бо-

юнча иштерди тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте

координациялайт;

- Кыргыз Республикасынын туризм жаатындагы ченемдик уктук актыла-

рынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;

- республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу эл аралык

туристтик рыноктордо Кыргызстандын позициясын илгерилетүүгө көмөк

берүүчү маркетингдик жана жарнама-пропагандалык туристтик иш-чараларды

уюштурууга жана өткөрүүгө контролдукту ишке ашырат;

- иштеп жаткан жана жањы курулган туристтик объекттерди пайдала-

нууга киргизүүгө даярдоо боюнча, алардын тейлөө сапатынын, туристтердин

өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун белгиленген стандарттарга

ылайык келиши бөлүгүндө сунуштарды кызыкдар мамлекеттик органдар менен

бирдикте иштеп чыгат;

- республикалык бюджеттин каражатынан каржылануучу туристтик объ-

екттерди жана туризм инфраструктурасынын объекттерин куруу боюнча ин-

вестициялык долбоорлордун ишке ашырууга контролдук жүргүзөт;

- Мамтуризмдин жана ведомстволук уюмдарынын туристтик маалыматтык

борборлорунун ишмердиктерин контролдойт, ошондой эле жањы түзүлүп жат-

кан мамлекеттик туристтик уюмдарга (анын ичинде мамлекеттик катышуу

үлүшү менен) жана туристтик инфраструктура объекттерине уюштуруучулук

жетекчилик жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жана ички туристтерге турист-

тик ишмердик субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын ишмердик-

терин координациялайт жана сапатына мониторинг жүргүзөт;

Колдоо көрсөтүү функциялары:

- туристтердин агымын көбөйтүүгө көмөк бере турган алга жылдыруучу

туристтик иш-чараларды өткөрүүдө коомдук туристтик бирикмелерге маалы-

маттык, техникалык жана административдик колдоо көрсөтөт;

- Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык туристтик ры-

нокто жарнамалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө

туристтик тармактын адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

үчүн туризм секторуна гранттарды, техникалык, донор жана демөөрчүлүк

жардамдарды тартууга көмөктөшөт;

- дүйнөлүк шериктештикте туризм өлкөсү катары Кыргызстандын ка-

дыр-баркын түзүү үчүн эл аралык туристтик рыноктордо Кыргыз Республика-

сынын туристтик потенциалын пропагандалоого өбөлгө түзүүчү маркетингдик

жана жарнамалык илгерилетүүчү иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашы-

рат;

- туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногунун конъюнктура-

сын изилдейт жана улуттук туристтик продуктуларды сатууга кыйла келе-

чектүү туристтик рынокторду аныктоо үчүн илимий-изилдөө иштерин

жүргүзүүнү камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасында туристтик тармактын илимий-изилдөө база-

сын түзүүгө өбөлгө түзөт;

- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-

рлиги менен бирдикте жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен эл аралык

байланыштарды, эл аралык контакттарды өнүктүрөт;

- туристтик ишмердик субъекттеринин жана туристтик индустрия объ-

екттеринин бирдиктүү Мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн, анын ичинде

кызыкдар министрликтерге, ведомстволорго жана башка уюмдарга андан ары

маалымдоо үчүн зарыл маалыматтарды топтоону ишке ашырат;

- туристтик индустрия чөйрөсүндө колдонулуучу статистикалык отчет-

туулукту өнүктүрүү боюнча кызыкдар министрликтер жана ведомстволор ме-

нен бирдикте белгиленген тартипте сунуштарды киргизет, туристтик рынок-

ко изилдөө жүргүзөт;

- эл аралык туристтик көргөзмөлөрдү, биржаларды, жараманкелерди,

илимий конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды жана туризмди ил-

герилетүү жана өнүктүрүү менен байланышкан башка иш-чараларды өткөрөт;

- туроператорлорго, турагенттерге, чет өлкөлүк жана ички турист-

терге алардын убактылуу болуу өлкөсүндө (жеринде) коопсуздук коркунучу

жөнүндө белгиленген тартипте маалымдайт;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстан-

дын чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирдикте жалпыга маа-

лымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана туроператорлор үчүн симпозиумдарды,

конференцияларды, семинарларды, маалыматтык жарнамалык турларды уюшту-

рууга катышат.

Кызмат көрсөтүү функциялары:

- туристтик ишмердик жүргүзүүчү субъекттерге алардын ишмердиктерин

уюштуруу менен байланышкан маселелерде методикалык жана консультациялык

жардам көрсөтөт;

- Кыргызстанды эл аралык туристтик рыноктордо туризм өлкөсү катары

илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын

пропагандалоо жана популярдаштыруу үчүн жарнамалык продукция чыгарат

жана таратат;

- туризмди өнүктүрүү, туристтик ресурстарды сактоо жана туристтик

ишмердик субъекттери үчүн туристтик агымдарды жөнгө салуу маселелери

боюнча консультацияларды жүргүзөт;

- туризм тармагында инвестициялык долбоорлорду даярдоодо, ишке

ашырууда жана илгерилетүүдө инвесторлорго жардам көрсөтөт;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергилик-

түү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамтуризмдин карама-

гындагы маалыматтарды берет;

- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, датта-

нууларын карайт.

IV. Мамтуризмдин укуктары

7. Мамтуризм төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик

комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү өз ал-

дынча органдарынын кароосуна төмөндөгүлөрдү киргизүүгө:

- Мамтуризмдин ишмердиги жаатында мамлекеттик саясатын негизги ба-

гыттары боюнча сунуштарды:

- Мамтуризмдин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик

укуктук актылардын долбоорлорун;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ченемдик укуктук

актыларды жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды;

- туризм инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана модерниза-

циялоо, туристтердин өмүрүнүн жана ден соолуктарынын коопсуздугунун жа-

на аларды тейлөө сапатынын дењгээлин жогорулатуу үчүн инвестицияларды

тартуу, инновациялык технологияларды жайылтуу боюнча сунуштарды;

б) Мамтуризмдин карамагына тиешелүү маселелер боюнча ченемдик

укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде бекитүүгө;

в) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык

ведомстволордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридика-

лык жактардан Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен

сырттагы туристтик ресурстар, туристтик агымдар, иштеп жаткан туристтик

объекттер, туризмди өнүктүрүүгө, туристтик жана рекреациялык багыттагы

жерлерди өздөштүрүүгө жана эксплуатацияга киргизүүгө байланышкан или-

мий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары, аспаптык жана аэрофотосүрөт тартуу-

нун жыйынтыктары, ошондой эле метеорологиялык маалыматтарды, Суу ка-

дастры материалдарын жана Мамтуризмдин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл

болгон башка материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-

ленген тартипте суроого жана акысыз алууга;

г) Кыргыз Республикасынын туристтик ресурстарынын абалы жөнүндө

каттоо жана маалыматтык материалдарды эсепке алуу, сактоо, берүү тарти-

бин белгилөөгө;

д) туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн эл аралык

уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын

тартууга;

е) мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Мамтуризмдин компетен-

циясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын

коргоого;

ж) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди, макулдашуу-

ларды, протоколдорду, меморандумдарды түзүүгө, Мамтуризмдин компетенци-

ясына кирген маселелер боюнча башка өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору,

эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;

з) чет өлкөлөрдө туристтик маалыматтык борборлорду түзүү боюнча

белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды кир-

гизүүгө;

и) басма ишин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ты-

юу салынбаган башка ишмердиктерди жүзөгө ашырууга;

к) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө эларалык институттар-

дын, эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын ишине,

конференцияларга, кењешмелерге туризм маселелери боюнча материалдарды

даярдоого жана катышууга;

л) экспертизаларды жана консультацияларды өткөрүү үчүн аткаруу

бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын адистерин, ошондой

эле көз карандысыз эксперттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте тартууга;

м) акы төлөмө консультацияларды, маалыматтык-сурап билүүчү жана

башка кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде

ишке ашырууга;

н) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамтуризмдин милдет-

теринин жана функцияларынын алкагында башка ишмердиктерди жүзөгө ашыру-

уга.

V. Мамтуризмдин ишмердигин уюштуруу

8. Мамтуризмди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу

боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин

директору жетектейт.

9. Директор Мамтуризмге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана

белгиленген иш-аракеттер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашыры-

лышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

10. Мамтуризмде жогорку административдик мамлекеттик кызмат

статс-катчынын, ошондой эле директордун орун басарынын кызмат орду тү-

зүлгөн.

11. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча

жана директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

тарабынан дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана

ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш тарабынан бекитилген

Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Дирек-

тор тарабынан статс-катчыга башка функциялар жана ыйгарым укуктар

жүктөлүшү мүмкүн.

12. Директордун орун басары директордун сунушу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.

16. Директор:

- Мамтуризмдин ишмердигине, анын коллегиясына, борбордук аппараты-

на, ведомстволук жана аймактык органдарына жалпы жетекчилик жүргүзөт;

- статс-катчы менен директордун орун басарынын ортосундагы милдет-

терди бөлүштүрөт;

- белгиленген тартипте ведомстволук жана аймактык органдардын жо-

босун, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;

- статс-катчыны кызматка дайындоого жана бошотууга макулдугун бе-

рет;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине директордун орун баса-

рын дайындоого талапкерлерди берет;

- Мамтуризмдин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, Мамтуризмдин

ведомстволук жана аймактык органдарынын жетекчилерин жана орун басарла-

рын белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот, аларга карата

сыйлык берүү жана тартип жазаларын колдонуу чараларын көрөт;

- Мамтуризм системасынын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга

тийиш болгон буйруктарды чыгарат;

- Мамтуризмдин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы бо-

юнча эки тараптуу жана кеп тараптуу эларалык келишимдерге кол коет;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына

ылайык статс-катчынын сунушу боюнча Мамтуризмде, анын ведомстволук жана

аймактык органдарында мамлекеттик кызмат өтөө менен байланыштуу маселе-

лерди чечет;

- Мамтуризмдин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык чин-

дерди ыйгарат;

- Мамтуризмдин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөрдү

белгилейт;

- Мамтуризм системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге белги-

ленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарды менен

сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын алдын-

дагы өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөөгө көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өзүнүн ыйга-

рым укуктарынын чектеринде башка функцияларды аткарат.

14. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

статс-катчысы жөнүндө жобого ылайык ишмердик жүргүзөт.

15. Статс-катчы жана директордун орун басары директор тарабынан

алардын ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча чечимдерди өз

алдыларынча кабыл алат, иштин тескөөчү иш багыттары боюнча иштерди уюш-

турулат.

16. Мамтуризмде курамы 7 адамдан турган коллегия түзүлөт: директор

(коллегиянын төрагасы), статс-катчы, директордун орун басары кызматы

боюнча коллегияга кирет, Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

өкүлү, ошондой эле башка мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын же-

текчилери.

17. Мамтуризмдин коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамын директордун

сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.

18. Мамтуризмдин коллегиясы Мамтуризмге жүктөлгөн милдеттердин жа-

на иштердин алкагында маселелерди пландаштырат жана өзүнүн отурумдарын-

да карайт, өз чечимдерин токтом түрүндө ишке ашырат. Коллегиянын чечим-

дери коллегия мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат.

Добуш тењ экиге бөлүнүп калган учурда коллегиянын төрагасы добуш берген

чечим кабыл алынат. Коллегиянын төрагасы жана башка мүчөлөрү ар кандай

талкууланган маселе жана ал боюнча кабыл алынган чечимдер боюнча өзгөчө

пикирде болушу мүмкүн, ал жөнүндө протоколдо жазылат.

19. Мамтуризмдин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын

түзүмдүк подразделениелеринин ишин уюштуруу жана пландаштыруу, күн тар-

тиби, документтерди жүргүзүү жана контролдоо тартиби, Мамтуризмдин иш-

мердигинин башка маселелери директор тарабынан бекитилген тийиштүү жо-

болор менен жөнгө салынат.

20. Мамтуризмдин алдында төмөндөгүлөр иштейт:

- туристтик маалыматтык борборлор;

- Мамтуризмдин аймактык органдары;

- Жарнамалык-көргөзмө борбору;

- Туристтик индустрия кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана

кайра даярдоо боюнча окуу борбору.

21. Мамтуризм илимий-консультациялык жана эксперттик кењештерди

түзө алат. Мамтуризмдин илимий-консультациялык жана эксперттик кењеште-

ринин курамы жана алар жөнүндө жобо директор тарабынан бекитилет. Көр-

сөтүлгөн кењештерди уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Мамтуризм та-

рабынан борбордук аппараттын кызматкерлеринин бекитилген санынын жана

Мамтуризмди күтүүгө карата ассигнованийлердин чегинде ишке ашырылат.

22. Мамтуризмде мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комис-

сия иштейт.

23. Түзүмдүк подразделениелердин, ведомстволук жана аймактык ор-

гандардын ишин контролдоо Мамтуризм тарабынан белгиленген тартипте ишке

ашырылат.

24. Мамтуризм өз иш-милдеттерин түздөн-түз өзү, аймактык органдары

жана чет өлкөдөгү туристтик маалыматтык борборлору аркылуу ишке ашырат.

25. Мамтуризмдин казыначылык системасында алыш-бериш эсеби болот.

Мамтуризмдин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык органдарын

кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын,

атайын каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

26. Атайын каражаттар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- Мамтуризмге жүктөлгөн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган өлчөмдө алынуу-

чу каражаттардан;

- ведомстволук жана түзүмдүк подразделениелердин, ошондой эле Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүн-өзү каржылоочу уюмдардын

чегерүүлөрүнөн.

27. Мамтуризмдин өзүнүн ишмердигинен алынган бардык атайын кара-

жаттар милдеттүү түрдө казыначылык системасы аркылуу өтөт жана ага то-

лук көлөмдө берилет, мамлекеттик бюджетте "Атайын каражаттар" статьясы

боюнча чагылдырылат.
