# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12072/edition/348385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Токтом (10.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58245

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-апрели № 139

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене

тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды

коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №170 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы № 12 "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республика-

сынын 2006-жылдын 7-августундагы № 151 Балдар жөнүндө кодексине ылайык,

ошондой эле аткаруу бийлик органдарынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалу-

улугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жө-

нүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин

башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана

спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-

тиктин кызматкерлеринин чектик саны 216 бирдик (тейлөөчү персоналдан

сырткары) санында бекитилсин, алардын ичинен:

борбордук аппарат - 21 бирдик санында;

дене тарбия жана спорт боюнча жергиликтүү органдары - 165 бирдик

санында;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин

Жаштардын иштери боюнча департаменти - 15 бирдик санында;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин

Балдарды коргоо боюнча департаменти - 15 бирдик санында.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №170 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана

спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-

тик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт бо-

юнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу экендиги белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын

иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик эки айлык

мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы №

596 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт бо-

юнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтому күчүн жоготту

деп табылсын.

Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 20-апрелиндеги

№ 139 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды

коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу

СХЕМАСЫ

| Борбордук аппарат |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Агенттиктин карамагына кирген уюмдар |  | Дене тарбия жана спорт боюнча аймактык органдар |  | Ведомстволук уюмдар |  | "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы |
| ┌─────────────┐ ├─┤түрлөрү └─────────────┘ ┌─────────────┐ └─┤коргоо ├─┤олимпиадалык └─────────────┘ ┌─────────────┐ ├─┤түрлөрү └─────────────┘ ┌─────────────┐ └─┤республикалык жаштар двореци | ┌────────────┐ Спорттун ├─┤иштери боюнча республикалык өнүктүрүү борборлору Республикалык резерв окуу жайы Спорттун боюнча олимпиадалык резервдин республикалык спорттук балдар- өспүрүмдөр мектеби "Манас" | Балдарды департамент └────────────┘ | └────────────┘ ┌────────────┐ боюнча | Жаштардын боюнча департамент |  |  |
