# (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтому менен бекитилген ) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө ЖОБО

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтому менен бекитилген ) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө ЖОБО
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2364/edition/327330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтому менен бекитилген ) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө ЖОБО (28.09.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58243

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 13-апрелиндеги

№ 129 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Маданият жана

маалымат министрлиги жөнүндө

ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 токтомунун

редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат минист-

рлигинин (мындан ары - Министрлик) ишмердигинин укуктук жана уюштуруу-

чулук негиздерин аныктайт.

2. Министрлик маданият, маалымат, искусство, жана архив иштери

чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана че-

немдикукуктук жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу

бийлигинин тутумундагы мамлекеттик орган болуп эсептелет.

3. Министрлик өзүнүн карамагындагы маданият, искусство мекемелери-

нин, маданият жана искусство окуу жайларынын, мамлекеттик архив агент-

тигинин ишмердүүлүктөрүн координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашы-

рат.

4. Министрлик өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конститу-

циясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, башка че-

немдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону, Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин

жетекчиликке алат.

5. Министрлик өзүнүн ишмердигин аткаруу бийлигинин башка органда-

ры, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана

башка уюмдар менен өз ара байланышта иштөө аркылуу жүзөгө ашырат.

6. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, мамлекеттик жана

расмий тилдердеги аталышы бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

тартылган мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Рес-

публикасынын Финансы министрлигинин казыналык органдарында алыш-бериш

эсеби болот.

II. Министрликтин негизги милдеттери

7. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик сая-

сатты жүргүзүү;

тарыхый-маданият мурастарын, маданият баалуулуктарын түзүүчү буюм-

дарды сактоо жана маданияттын, искусствонун жетишкендиктерин пайдалану-

уга жарандар мүмкүнчүлүк алуу үчүн шарттарды түзүү, жалпы элди ата-ме-

кендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына жакындаштырып аралашты-

руу;

кыргыз улуттук маданиятынын ар тараптуу өнүгүшүнө, республикада

жашаган элдердин улуттук маданияттарынын өз ара байышына көмөк

көрсөтүү;

материалдык жана руханий маданиятты, элдик каада-салттарды,

үрп-адаттарды жана адеп-ахлактык нормаларды кайра жаратуу жана өнүктү-

рүү;

маданият, искусство, архив иштери жана тармактык билим берүү жаа-

тындагы тейлөөлөрдүн сапатын камсыз кылуу;

экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кењейтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү ма-

даният продукцияларын чыгаруу жана тейлөөлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл

шарттарды түзүү;

маданият, архив иштери, тармактык билим берүү жайларынын туруктуу

өнүгүшүн камсыз кылуу;

улуттук библиографиянын өнүгүшүнө, чыгарылган китептердин жана

мезгилдүү басылмалардын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылууга көмөк

көрсөтүү.

III. Министрликтин функциялары

8. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Министрлик төмөндөгү функция-

ларды жүзөгө ашырат:

Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик сая-

сатты ишке ашырат;

Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик

жана тармактык программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

Министрликтин жана анын ведомстволук уюмдарынын чөйрөлөрүнө тие-

шелүү маселелер боюнча мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларынын

долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;

маданият, искусство, тармактык билим берүү чөйрөсүнүн ар тараптуу

өнүгүшү үчүн шарттарды камсыз кылат;

тарыхый-маданият мурастарын, маданият баалуулуктарын түзүүчү буюм-

дарды сактоону камсыз кылат, мамлекеттин жана жеке адамдардын менчигин-

де турган маданияттын жана искусствонун объектилеринин жана чыгармала-

рынын эсебин жүргүзөт;

маданият, искусство, архив иштери, тармактык окуу жайларынын

чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт, аларда мамлекет-

тик саясаттын абалына жана ишке ашырылышына талдоо жүргүзөт;

Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат-

тык-аналитикалык материалдарды, эксперттик жана алдын-ала болжолдоп баа

берүүлөрдү даярдоону ишке ашырат;

Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин маданият, ис-

кусство, маалымат жана архив иштерине тиешелүү бөлүгүнүн аткарылышын

камсыз кылат;

Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгууга катышат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-

кеттик бийлик органдары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен өз ара

иш алып барат;

Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча борбордук

жана жергиликтүү аткаруу органдарынын, ведомстволук жана башка уюмдар-

дын ишмердигин координациялайт;

белгиленген тартипте конкурстарды өткөрөт жана Министрликтин ке-

ректөөлөрү үчүн товарларды жеткирүү, иштерди аткаруу, тейлөөлөрдү

көрсөтүүгө карата заказдарды жайгаштырууга, ошондой эле ишмердиктин

белгиленген чөйрөсүндө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик

келишимдерди түзөт;

жарандарды кабыл алууларды уюштурат, алардын оозеки жана жазуу

жүзүндөгү кайрылууларын, өтүнүчтөрүн өз убагында кароону, алар боюнча

чечимдерди кабыл алууну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-

гиленген мөөнөттө жоопторду жиберүүнү камсыз кылат;

өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик сырды түзө турган маа-

лыматтарды коргоону камсыз кылат;

Кыргызстандын маданий жана руханий өнүгүшүнүн үлгүлөрүн жана же-

тишкендиктерин пропагандалоого багытталган эл аралык, республикалык жа-

на башка иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, конкурстарды, семи-

нарларды, конференцияларды өткөрөт;

маданият жана искусствонун мамлекеттик мекемелеринде репертуарлар-

ды түзүү, жањы спектаклдерди, концерттик программаларды даярдоо боюнча

иштерди контролдойт;

маданият, искусство, маалымат, архив иштери, тармактык окуу жайла-

рын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча максаттуу комплекстүү прог-

раммаларды, социалдык заказдарды иштеп чыгат жана ишке киргизет, ве-

домстволук мекемелердин иштеринин формасын жана методдорун өркүндөтөт;

кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун тутумун түзөт, аларды

тандоо, тарбиялоо, квалификациясын жогорулатуу жана рационалдуу пайда-

лануу боюнча иштерди жүргүзөт;

маданият, искусство, маалымат, архив иштери жаатындагы илимий

изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жыйынтыктарын иш

практикасына киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат,

илимий жана окуу адабияттарын чыгарууну камсыз кылат;

маданият органдарына ведомстволук мекемелердин ишмердигин

өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, мониторинг жана талдоо

жүргүзүүлөрүнө жардам көрсөтөт;

жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте жањы куру-

луштарды жайгаштыруу, маданият, искусство, архив иштери жана тармактык

билим берүү объектилерин долбоорлоо жана капиталдык ремонт жүргүзүү ма-

селелерин чечет;

маданият, искусство жана архив иштери мекемелерин модернизациялоо,

техникалык жана технологиялык дењгээлин жогорулатуу боюнча иштерди уюш-

турат; белгиленген тартипте ведомстволук ишканаларды, мекемелерди жана

уюмдарды каржылайт, алардын финансы-экономикалык ишмердигине, финансы-

лык, материалдык жана эмгек ресурстарынын туура пайдаланышына контроль

жүргүзүүнү ишке ашырат;

ведомстволук мекемелердин чыгашалар сметасын карайт жана аларды

бекитет;

өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликке тиешелүү маселелер

боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат жана аларды бекитет;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маданият

чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелерине жетекчилик жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ма-

даният чөйрөсүндөгү жогорку жана орто окуу жайларында студенттерди жана

окуучуларды даярдоо планын макулдашат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жү-

зөгө ашырат, эгер алар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыла-

рында каралса.

IV. Министрликтин ыйгарым укуктары

9. Министрлик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:

бардык ведомстволук органдардын жана маданият, искусство, архив

иштери мекемелеринин аткарышы үчүн милдеттүү болгон ведомстволук ченем-

дик укуктук актыларды бекитет;

Министрликке жана анын ведомстволук уюмдарына тиешелүү маселелерге

карата ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат

жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;

облустук, шаардык, райондук маданият жана маалымат башкармалыкта-

рынын жана бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган актыларын

жокко чыгарат;

Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча нускама-

лык-жөнгө салуучу документтерди, ошондой эле ведомстволук мекемелердин

жана аймактык башкаруу органдарынын уставдарын, түзүмдөрүн жана штаттык

расписаниелерин иштеп чыгат жана бекитет;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктары-

нын чегинде маданият, искусство жана архив иштерин өнүктүрүү чөйрөсүндө

эл аралык келишимдерди түзөт;

Министрликтин компетенциясына кирген ишмердик чөйрөсүндө мамлекет-

тик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын

тартат;

Министрликтин компетенциясына кирген ишмердик чөйрөсүндө Кыргыз

Республикасынын уюмдары, ошондой эле чет өлкөлөрдүн мекемелери, эл ара-

лык уюмдар менен өз ара пайдалуу негизде байланышта болот жана кызмат-

ташат, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнөт жана практикада пайдала-

нат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан берилген ыйгарым укук-

тарынын чегинде ведомстволук органдардын, уюмдардын ишмердигине конт-

роль жүргүзөт;

маданият жана маалыматтын облустук жана шаардык башкармалыктары-

нан, райондук жана шаардык бөлүмдөрүнөн, ведомстволук мекемелерден жана

башка түзүмдөрүнөн Министрликтин компетенциясына тиешелүү маселелер бо-

юнча отчетторду, статистикалык маалыматтарды алат;

белгиленген тартипте Министрликтин ишмердигинин чөйрөсүнө кирген

маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана мекемелерден, кызмат адам-

дарынан жана жарандардан сурайт жана алат;

координациялык жана кењешүүчү, анын ичинде белгиленген ишмердик

чөйрөсүндө ведомстволор аралык органдарды (кењештерди, комиссияларды,

топторду) түзөт;

республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук органдардын жана

уюмдардын чыгымдоо сметаларын карайт жана бекитет, алардын аткарылышын

камсыз кылат;

Министрликтин иш-чараларын өткөрүүгө карата чыгашалар сметаларын

иштеп чыгат жана бекитет;

Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мамлекеттик башка

органдар, иш берүүчүлөр жана башка социалдык өнөктөр менен кадрларды

даярдоо үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин макулдашат;

республикалык бюджетте турган ведомстволук уюмдарды белгиленген

тартипте каржылайт, алардын финансалык-чарбалык ишмердигине, финансы-

лык, материалдык жана эмгек ресурстарынын пайдаланылышына контроль

жүргүзөт;

сыйлоонун тармактык системасын иштеп чыгат, бекитет жана колдонуу-

дагы эмгек акы төлөө, материалдык сыйлоо шарттарынын колдонулушуна, эм-

гек акы төлөөнүн жана сыйлык фонддорун сарптоого, маданият, искусство,

тармактык билим берүү жана архив иштеринин кызматкерлеринин кызматтык

маяналарынын схемасынын сакталышына контроль жүргүзүүнү ишке ашырат;

Министрликтин ведомстволук мекемелеринде жана органдарында кадр-

лардын курамын жана алардын резервдерин түзүүгө контроль жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомс-

тволук мекемелердин жана органдардын кызматкерлеринин конкурстарын, ат-

тестацияларын жана квалификациялык экзамендерин өткөрөт;

белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге "Улуттук", "Академи-

ялык" деген статустарды ыйгаруу боюнча сунуштарды киргизет;

маданият, искусство жана архив иштери чөйрөсүндө бюджеттик ассиг-

нованиелердин чыгымдалышына контроль жана эсеп жүргүзүүнү ишке ашырат;

ведомствого караштуу подразделениелерди (мекемелерди) түзүү, кайра

уюштуруу, жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет",

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы

Мамлекеттик архив агенттиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн бекитүүсүнө киргизет.

ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарына ылайык башка ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы №

438 токтомунун редакциясына ылайык)

V. Министрликтин ишин уюштуруу

10. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу

боюнча кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу жана

бошотуучу министр жетектейт.

11. Министрликтин түзүмүндө жогорку мамлекеттик администрациялык

кызмат орду болгон статс-катчынын, ошондой эле министрдин эки орун ба-

сарынын кызмат орду каралган.

12. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген

тартипте Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жана министр-

дин макулдугу менен Кыргыз Республиканын Премьер-министри тарабынан

дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым

укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен статс-катчы жөнүндө

жобо менен аныкталат. Статс-катчыга министр тарабынан башка функциялар

жана ыйгарым укуктар тапшырылышы мүмкүн;

13. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошо-

тулат, алар түздөн-түз министрге баш ийишет жана өзүлөрүнүн ишмердигин

аларга тапшырылган милдеттердин чегинде жүзөгө ашырышат.

14. Министр бир башчылык кылуунун принциптеринде Министрликтин иш-

мердигине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Министрликке жүктөлгөн

милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Рес-

публикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары, Кыргыз Республикасы-

нын аймагындагы чет мамлекеттер менен мамилелерде Министрликтин атынан

чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин компетенциясына

кирген маселелер боюнча өз ара иш алып баруу жана кызматташуу жөнүндө

сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Ми-

нистрликтин тутумунда милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, жо-

болорду, насааттарды, нускамаларды, эрежелерди жана башка ченемдик ак-

тыларды чыгарат;

Статс-катчынын, министрдин орун басарларынын, Министрликтин

түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт;

Министрликтин тутумундагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди бел-

гиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга сунуш кылат, моралдык жана

материалдык жактан сыйлоолордун башка чараларын колдонот, анын ичинде

ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статс-катчынын сунушу

боюнча мамлекеттик кызматкерлерге кенже, орто жана жогорку класстык

чиндерди ыйгарат;

ведомстволук органдардын жана аймактык башкаруу органдарынын же-

текчилерин белгиленген тартипте кызмат орундарынын номенклатурасына

ылайык кызматка дайындайт жана бошотот;

ведомстволук органдардын жана мекемелердин кызмат орундарынын но-

менклатурасын аныктайт жана бекитет, алардын функционалдык милдеттерин

аныктайт;

ведомствого караштуу подразделениелерди (мекемелерди) түзүү, кайра

уюштуруу, жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет",

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы

Мамлекеттик архив агенттиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн бекитүүсүнө киргизет.

аймактык органдардын жана ведомстволук мекемелердин Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана нускамаларын жокко

чыгарат;

эмгек акы төлөө фондунун белгиленген чегинде ведомстволук уюмдар-

дын жана мекемелердин түзүмдөрүн жана штаттык расписаниелерин бекитет;

Министрликтин башкы башкармалыктары, борбордук аппаратынын башкар-

малыктары жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери

жөнүндө жоболорду бекитет;

статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын

кызматкерлерин, ошондой эле белгиленген тартипте мамлекеттик админист-

рациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен макул-

дашуу аркылуу Министрликтин облустук, райондук, шаардык органдарынын

жана уюмдарынын жетекчилерин кызмат орундарына дайындайт жана бошотот;

маданият, искусство, маалымат, архив иштери чөйрөсүндө өкмөттөр

аралык макулдашууларга белгиленген тартипте кол коет;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан берилген башка ыйгарым

укуктарды жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы №

438 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Министрликте саны 15 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын ку-

рамына министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун ба-

сарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү, маданият-

тын, искусствонун жана архив иштеринин ишмерлери, ошондой эле ведомс-

тволук уюмдардын жетекчилери кирет.

16. Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары коллегиясынын

курамына кызмат орундары боюнча киришет. Министрликтин коллегиянын же-

кече курамы министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистри тарабынан бекитилет.

17. Коллегия маданият, искусство жана архив иштерин өнүктүрүүнүн

негизги маселелерин карайт, Министрликтин борбордук аппаратынын башкар-

малыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, ведомстволук органдардын жана мекеме-

лердин жетекчилеринин алардын ишмердикти уюштуруу, коллегиянын чечимде-

ринин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүсү боюнча отчетторун угат.

18. Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк

добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык

кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Кабыл алынган чечимге макул

болбогон коллегиянын мүчөлөрү өзүлөрүнүн оюн Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнө кат жүзүндө билдире алат. Коллегиянын чечими министрдин буйругу
