Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20 апрелиндеги №138 токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-04-20.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20 апрелиндеги №138
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнӨ караштуу Кесиптик-
техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик жӨнүндӨ
жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнӨ караштуу Кесиптик-техникалык билим
берүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -Мамлекеттик агенттик)
кесиптик-техникалык билим берүү жагында мамлекеттик саясатты жүргүзгӨн
аткаруучу орган болот.
2. Мамлекеттик агенттик Өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз
Республикасынын ӨкмӨтүнүн токтомдору менен буйруктарын, ошондой эле ушул
Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик агенттиги юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин сүрӨтү түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий
тилде жазылган мӨӨрү жана бурчтуу штампы, ошондой эле казыналык
системасында алыш-бериш, утурумдук жана башка эсептери болот.
4. Мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык
санын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
II. Мамлекеттик агенттиктин максаттары жана милдеттери
5. Мамлекеттик агенттигиктин негизги максаттары болуп тјмӨнкүлӨр
саналат:
- эмгек рыногунун керектӨӨлӨрүн эске алуу менен жумушчу кадрларды
даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик
бирдиктүү саясатты жүзӨгӨ ашыруу;
- ишкердик чӨйрӨсүндӨгү адистерди даярдоонун, кайра даярдоонун жана
квалификациясын жогорулатуунун сапатын ӨркүндӨтүү;
- кесиптик лицейлерде окуп жаткан жаштарга мамлекеттик билим берүү
стандарттарына ылайык жалпы орто билим алуусуна шарттарды түзүү;
- кесиптик-техникалык билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу
жайларды аттестациялоо жана аккредитациялоо;
- кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларын
укуктук, -зстетикалык, адеп-ахлактык-этикалык, спорттук тарбиядоо жана
сергек жашоо мүнӨзүнӨ шарттүзүү боюнча чаралар комплексин жүргүзүү;
- кесиптик-техникалык билим берүү боюнча окуу жайларынын, айыл чарба
жана Өндүрүштүк продукцияларды, эл керектӨӨчү товарларды чыгаруучу жана
жарандарга тейлӨӨ кызматтарын кӨрсӨтүүчү окуу чарбаларынын жана окуу
устаканалардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларына жањы технологияларды,
педагогика илиминин жетишкендиктерин жана алдыњкы тажрыйбаны киргизүү,
окутуу жана Өндүрүштүк ишти айкалыштыруу менен жумушчу кадрларды
даярдоонун сапатын жогорулатуу.
6. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери болуп тӨмӨнкүлӨр
саналат:
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын иштеши үчүн ченемдик-
укуктук базаны иштеп чыгуу;
- кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларында жумушчу кадрларды
окутууда кӨмӨк кӨрсӨтүү жана ар тараптуу жардам берүү;
- жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын
жогорулатууда үнӨмдүүлүктү жана натыйжалуулукту камсыз кылуу;
- окуу жайлардын жана башка баш ийген бӨлүмдӨрдүн иш аракетин
координациялоо жана жӨнгӨ салуу.
III. Мамлекеттик агенттиктин негизги иш милдеттери
7. Мамлекеттик агенттик ӨзүнӨ жүктӨлгӨн милдеттерди жүзӨгӨ ашыруу
максатында тӨмӨнкү иш-милдеттерди аткарат:
а) тармактык саясатты жүргүзүүдӨ:
- кесиптик-техникалык билим берүү маселелерин жӨнгӨ салуучу ченемдик-
укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, ошондой эле аларды ӨркүндӨтүү
боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- жумуш берүүчүлӨрдүн кызыкчылыктарын, заманбап шарттарды жана эл
аралык тажрыйбаны, эмгек рыногунда керектүү жумушчу кадрларды жана
адистерди даярдоо багытын эсепке алуу менен кесиптик-техникалык билим
берүүнү Өнүктүрүү чараларынын программасын иштеп чыгат;
- кесиптик-техникалык билим берүүдӨ реформа жүргүзүүнү ишке ашырат;
- эмгек рыногунда керектүү кесиптер боюнча жумушчу кадрларды даярдоо
жӨнүндј сунуштарды изилдейт, калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик
органдар жана жумуш берүүчүлӨр менен бирдикте жумушчу кадрларды даярдоо,
кайра даярдоо божомолун иштеп чыгат;
- кесиптик-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп
чыгат;
- кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларынын жетекчи жана
пелагогикалык кызматкерлерин аттестациялоо тартибин аныктайт;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасын Өнүктүрүү боюнча эл
аралык финансылык жана донордук уюмдар тарабынан каржылануучу
инвестициялык программаларды жана долбоорлорду жүзӨгӨ ашырууда жана иштеп
чыгууда кӨмӨк кӨрсӨтӨт;
б) кызмат кӨрсӨтүү иш-милдеттери:
- мамлекеттик билим берүүчү стандарттын негизинде жумушчу калрларды
d`pdnnms, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну ишке ашырат;
- калктын социалдык жактан аялуу катмарларына кесип алганга щарт
түзет;
- окутуучуларды аттестациялоо жана квалификациясын жогорулатуу, окуу
китептерин жана методикалык куралдарды чыгаруу, заманбап педагогикалык
технологияларды колдонуу аркылуу билим берүү боюнча кызмат кӨрсӨтүүнүн
сапатын камсыз кылат;
- эмгек рыногунун керектӨӨлӨрүн талдоонун негизинде кийин жумушка
орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен эрезеге жеткен жана жумушсуз
жарандарды жумушчу адистиктерге окутууну, кайра окутууну жана
квалификациясын жогорулатууну уюштурат.
в) жӨнгӨ салуу иш-милдеттери:
- кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларда билим берүүнүн
мазмуну, бүтүрүүчүлӨрдүн даярдоонун дењгээли жана сапаты кесиптик билим
берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайыктыгын жана алардын статусун
белгилӨӨ үчүн аныкталган тартипте аттестациялайт жана мамлекеттик
аккредитациялайт;
- баардык дењгээлдеги жана багыттагы кесиптик-техникалык билим берүүчү
окуу жайларды окуу-методикалык жактан камсыздоону уюштурат.
г) координациялоо, контролдоо жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү
боюнча иш-милдеттер:
- мамлекеттик жана улуттук программаларга камтылган окутуу, кесиптик
даярдоо маселелерин жана тарбия иштерин ишке ашыруу боюнча кесиптик-
техникалык билим берүүчү окуу жайлардын иштерин координациялайт,
мониторингди ишке ашырат жана баалайт;
- кесиптик-техникалык билим берүү программаларын ищке ашыруучу
кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын, ошондой эле кссипке
даярдоочу мекемелердин иштерин системалуу контролдойт жана алардын
мазмуну, бүтүрүүчүлӨрдү даярдоосунун дењгээлин жана сапаты мамлекеттик
билим стандарттарына ылайыктыгын аныктайт;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын иш чараларын каржылоого
арналган каражаттардын максаттуу колдонушун контролдойт;
д) колдоо кӨрсӨтүү иш-милдеттери:
- кесиптик-техникалык билим берүүчү ведомствого караштуу мекемсмердин
жана окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы сакталышына, ремонт
жүргүзүлүшүнӨ жана жањыртылышына чара кӨрӨт;
- Мамлекеттик агенттигиктин негизги милдеттерин аткарууга кӨмӨк
берүүчү окуу-Өндүрүштүк бирикмелерди жана башка түзүмдӨрдү түзӨт;
инженер-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын
жогорулатуу системасын ӨркүндӨтӨт;
- окутуунун сапатынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кесиптик-
техникалык билим берүүчү окуу жайлардын алдыњкы педагогикалык тажрыйбасын
изилдейт, жалпылайт жана жайылтат;
- кесиптик-техникалык билим берүү чӨйрӨсүн ӨркүндӨтүүгӨ,
модернизациялоого жана техникалык жактан жањыртып жабдууга шарт түзүү үчүн
сырткы жана ички инвестицияларды тартууга кӨмӨктӨшӨт;
- окуу жайларга окуу-методикалык ишинин мазмунун жана формасын
аныктоо, педагогикалык кењештердин, методикалык комиссиялардын ишин
уюштуруу боюнча методикалык жардам кӨрсӨтӨт;
- кесиптик-техникалык билим берүүнүн ведомстволук жана аймактык
мекемелерин, окуу жайларын кармоого бюджеттердин долбоорлорун, ошондой эле
окуу чарбалардын Өндүрүштүк-финансылык пландарын, жаштарды жана эрезеге
жеткен калкты кабыл алуу жана бүтүрүп чыгаруу план-болжолдорун иштеп
чыгат;
- жумуш берүүчүлӨрдүн жана кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу
жайлардын Өзүн Өзү каржылоосун кењейтүүнүн, ӨзүлӨрүнүн Өндүрүштүк ишин
ӨнүктүрүүдӨн жана чоњ кишилерди акы тӨлӨтүп окутуунун кӨлӨмүн кӨбӨйтүүнүн
эсебинен кӨп каналдуу каржылоо системасын уюштурат;
- кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларга материал, сырье алуу
жана курулмаларды куруу үчүн жардам кӨрсӨтүү максатында жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдары
менен кызматтык байланыштарды түзӨт;
- бюджеттик каражаттарды жана кесиптик-техникалык билим берүүнүн
ведомстволук мекемелерин, окуу жайларын каржылоого берилчү каражаттарды
пайдаланууга мониторингди ишке ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын
жогорулатуу системасын уюштурат;
- кесиптик-техникалык билим берүү чӨйрӨсүдӨгү иштин абалы боюнча
отчетторду даярдайт;
- кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча жалпыга маалымдоо
каражаттары менен Өз ара байланышта иштешет.
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары жана милдеттери
8. Мамлекеттик агенттик ӨзүнӨ жүктӨлгӨн иш-милдеттерди аткарууда жана
астына коюлган милдеттерди чечүү үчүн тӨмӨнкүлӨргӨ укуктуу:
- баштапкы кесиптик билим берүү маселелери боюнча нормативдик укуктук
актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын жыйынында ведомстволук окуу
жайлардын, уюмдардын негизги иштеринин маселелери боюнча маалыматтарын
угууга;
- эксперт, консультант жана башка адистерди тартуу менен кесиптик-
техникалык билим берүү маселеси боюнча изилдӨӨлӨрдү жана иштеп чыгууларды
жүргүзүүгӨ;
- кесиптик-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп
чыгууга жана бекитүүгӨ;
- Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак
грамоталары, "Кесиптик-техникалык билим берүү отличниги" деген тӨш белгиси
менен сыйлоого жана кесиптик-техникалык билим берүүнүн айырмаланган
кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жӨнүндӨ сунуштарды
киргизүүгӨ;
- чыгымдардын сметасын бекитүүгӨ жана алардын аткарылышын кошролдоого;
- зл аралык жана ӨкмӨттүк эмес мекемелер жана уюмдар менен кесиптик-
техникалык билим берүү жаатында байланыштарды орнотууга, эл аралык
келишимдерди түзүүгӨ жана кызматташууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акы
тӨлӨнүүчү кызматтарды кӨрсӨтүүгӨ;
- Ведомстволук уюмдардын атайын каражаттарынан 5 процентке чейинки
ӨлчӨмдӨгү чегерүүлӨрдүн эсебинен казыначылык системасында атайын эсептерди
ачуута. Атайын эсептин каражаттарын реабилитациялык борборлорду, «Барчын»
санаторий-профилакторийин, «Келечек» эмгек жана эс алуу лагерин
ӨнүктүрүүтӨ жана колдоого, кесиптик-техникалык билим берүү системасынын
окуучуларына, кызматкерлерине жана ардагерлерине жардам кӨрсӨтүүгӨ,
бекитилген иш планга ылайык борбордоштурулган иш-чараларды ӨткӨрүү үчүн
жиберүүгӨ;
- Мамлекеттик агенттиктин иш-аракетин колдоого жана ӨнүктүрүүгӨ
багытталган конкурстарды ӨткӨрүүгӨ;
- басма ишин жүргүзүүгӨ;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке
ашыруута.
9. Тапшырылган иш-милдегтериие ылайык Мамлекеттик агенттик
тӨмӨнкүлӨргӨ милдеттүү:
- кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Кыргыз Реслубликасынын
мыйзамдарын катуу сактоого;
- жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын
жогорулатууда кесиптик-техникалык билим берүүнүн окуу стандарттары
сакталышына катуу контролду камсыз кылууга;
- жарандарды кабыл алууну жүргүзүүгӨ, жарандардын каттарында,
даттанууларында жана арыздарында кӨтӨрүлгӨн маселелерди чечүүгӨ жана
жоопторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мӨӨнӨттӨрдӨ
жиберүүгӨ;
- баштапкы кесиптик били.м берүү системасын натыйжалуу башкарууну
камсыз кылууга.
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
10. Малекеттик агентикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана
бошотуучу директор жетектейт.
11. Мамлекеттик агенттиктин директору:
- Мамлекеттик агенттиктин жана анын ведомстволук түзүмдүк болүмдорүнүн
иш-аракеттерин жетектейт;
- Мамлекеттик агенттикке жүктӨлгӨн милдеттердин жана функциялардын
аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы менен директордун орун
басарларынын ортосундагы милдеттерди бӨлүштүрӨт, алардын жоопкерчилик
даражасын белгилейт;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,
ведомстволук түзүмдүк бӨлүмдӨрдүн жана аймактык органдардын жетекчилерин
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка алат жана бошотот,
ошондой эле аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын жетекчилерин жана
башкы бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Мамлекеттик агенттиктин жана ведомстволук түзүмдүк болүмдӨрдүн
кызматкерлери милдеттүү түрдӨ аткаруучу буйруктарды, токтомдорду жана
нускамаларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт:
- ички иш тартибин белгилейт;
- кесиптик-техникалык билим берүүнүн ведомстволук түзүмдүк
бӨлүмдјрүнүн, аймактык органдарынын жана окуу жайлардын жоболорун жана
уставдарын бекитет;
- эмгек акы тӨлӨӨ фондунун чектеринде кесиптик-техникалык билим
бсрүүнүн ведомстволук бӨлүмдӨрүнүн, окуу жайларынын штаттык расписаниесин
бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин аттестациялоо боюнча
комиссиянын чечимдерин бекитет;
- мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү класстык чиндерди ыйгарат;
- Мамлекеттик агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, казналык
системасында эсептерди ачат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин
мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын ишин уюштурат жана ага
жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ага берилген башка ыйгарым
укуктарды жүзӨгӨ ашырат.
12. Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине - директор, статс-катчы жана
директордун орун басары кирет. Директордун орун басары Мамлекеттик
агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-
министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат жана түздӨн-түз
директорго баш ийет.
Статс-катчы кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана директордун
макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
дайындалат жана бошотулат.
Статс-катчынын иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат
боюнча кењеш бекитүүчү жобо менен аныкталат. Директор тарабынан статс-
катчыга башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жүктӨлүшү
мүмкүн.
13. Мамлекеттик агенттикте курамы тогуз кишиден турган коллегия
түзүлӨт.
Мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орун
басары кызматы боюнча коллегиянын мүчӨлӨрү болушат.
Коллегиянын курамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЈкмӨтүнүн
Аппаратынын Өкүлү, Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кирет.
Коллегия мүчӨлӨрүнүн жекече курамын, кызматы боюнча ага кирген
адамдардан башкасын, Мамлкекттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
Мамлекеттик агенггиктин директору коллегиянын тӨрагасы болот.
14. Коллегия јзүнүн жыйындарында тӨмӨнкүлӨрдү карайт:
- иштин негизги маселелерин жана кесиптик-техникалык билим бсрүү
системасын јркүндӨтүүнү;
- јзүнүн чечимдеринин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыктарын;
- негизги нормативдик материалдардын жана нускамалардын долбоорлорун;
- кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларын аккредитациялоо
жӨнүндӨ маселелерди;
- кесиптик-техникалык билим берүүнүн ведомстволук жана аймактык
бӨлүмдӨрүнүн, окуу жайларынын жетекчилеринин отчетторун угат.
15. Коллегиянын чечими коллегия мүчӨлӨрүнүн жалпы санынан кӨпчүлүк
добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда,
тӨрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп саналат.
16. Коллегиянын чечими токтом формасында кабыл алынат жана директордун
буйругу менен ишке ашырылат.
VI. Жоопкерчилик
17. Мамлекеттик агенттиктин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык аныкталат.
VII. Жоюу жана кайра уюштуруу
18. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлӨт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрлиндеги №138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 20.04.2007 · № 138 · Күчүн жоготкон