# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"жөнүндө Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"жөнүндө Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12066/edition/327315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"жөнүндө Токтому (14.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58236

---

КУЧУН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын

14-августу №442:59344 токтомунун

редакциясына ылайык)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 19-апрели № 134

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин маселелери

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

20-сентябрындагы № 420 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

ишинин майнаптуулугун арттыруу жана түзүмүн оптималдаштыруу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобо

(КПҮ);

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкаруу схема-

сы (КПҮ).

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдик-

те 2008-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

фельдъегерлик кызматын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-

лигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр жай министрлигинин Чегарадагы ветеринардык-карантиндик кызмат баш-

кы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кад-

рынан чыгаруунун ылайыктуулугун караштырышсын жана көрсөтүлгөн структу-

ралык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадры-

нан чыгарылган учурда алардын иштерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук

базаны иштеп чыгышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы №

154 "Кадр маселелери боюнча нормативдик документтерди бекитүү жөнүндө"

токтому менен бекитилген дайындоо, бекитүү (бошотуу) Кыргыз Республика-

сынын Премьер-министринин буйругу менен ишке ашырылчу кызмат орундары-

нын номенклатурасынын I бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген бөлүмчө

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |  |  |
| --- | --- | --- |
| Министрдин биринчи орун басары | 1 |  |
| Министрдин орун басарлары | 3 |  |
| Коллегия мүчөлөрү (\*\*) | 8 |  |

";

- "Кызмат орундар бардыгы" деген позициядагы "309" деген сан "299"

деген санга алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана виза-

лык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому ме-

нен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспор-

ттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобого төмөнкүдөй өз-

гөртүү киргизилсин:

51-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын ички иштер ми-

нистри дайындоочу жана бошотуучу начальник башкарат.".

5. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-октябрындагы № 614

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын орто мектеби

жөнүндө" токтому - 2007-жылдын 1-сентябрынан тартып;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №

703 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери жөнүн-

дө" токтому.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министр А.Атамбаев
