# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12061/edition/351486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтому (06.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58231

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-апрели № 129

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат

министрлигинин маселелери

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүн-

дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюш-

туруучулук чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгына ылайык, ошондой эле борбордук

аткаруучу органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жо-

горулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүн-

дө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин

башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыр-

гыз Республикасынын Маданият министрлигинин укугун улантуучу болуп

эсептелээри белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

агенттигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 14-декабрындагы № 586 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери" жө-

нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №

608 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери" жө-

нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №

608 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 128 токто-

му;

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сен-

тябрындагы № 641 токтомунун 3-пункту.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги

өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

2007-жылдын 13-апрелиндеги

№ 129 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Маданият жана

маалымат министрлигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 токтомунун

редакциясына ылайык)

```text
---------------------------------

|Кыргыз Республикасынын Маданият|

| жана маалымат министрлигинин |

| аппараты |

---------------------------------
```

v

| v | v |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Ведомстволук мекемелер |  |  | Мамлекеттик архив |  |
| Театрлар, филармониялар, |  |  | агенттиги |  |
| цирк, китепканалар, |  | \------------------- |  |  |
| музейлер, маданият |  |  |  |  |
| үйлөрү, клубдар, |  |  |  |  |
| маданият жана эс алуу | v v |  |  |  |
| парктары, тарых жана | ------------------------- ----------------- |  |  |  |
| маданият эстеликтери, |  | Облустардын жана Бишкек |  | Маданият жана |
| Тарых жана маданият |  | менен Ош шаарларынын |  | искусство окуу |
| эстеликтерин коргоо |  | маданият жана маалымат |  | жайлары |
| боюнча республикалык |  | башкармалыктары, |  | Жогорку окуу |
| инспекция, |  | шаарлардын, райондордун |  | жайлары, |
| "Кыргызреставрация" |  | маданият жана маалымат |  | кесиптик орто |
| илим изилдөө долбордук |  | бөлүмдөрү |  | окуу жайлары, |
| бюросу, Улуттук маданий | \------------------------- | М.Абдраев |  |  |
| борбор, "Манас ордо" |  | атындагы |  |  |
| улуттук комплекси, |  | республикалык |  |  |
| Улуттук китеп палатасы |  | атайын |  |  |
| Достук Үйүнүн |  | музыкалык орто |  |  |
| дирекциясы, "Байчечекей" |  | мектеп-интерна- |  |  |
| жана "Кырчын" |  | ты, балдар |  |  |
| журналдарынын |  | музыкалык |  |  |
| редакциялары" |  | мектептери, |  |  |
| \-------------------------- | балдар көркөм |  |  |  |
| сүрөт |  |  |  |  |
| мектептери, |  |  |  |  |
| балдар |  |  |  |  |
| искусство |  |  |  |  |
| мектептери, |  |  |  |  |
| квалификацияны |  |  |  |  |
| жогорулатуу |  |  |  |  |
| факультеттери, |  |  |  |  |
| N 57 жана N 167 |  |  |  |  |
| бала бакчалары |  |  |  |  |
