Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө Жобо» Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін
2007-жылдын 13-апрелиндеги
№ 125 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы №617 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
(мындан ары - Министрлик) билим берүү, илим, билим берүүнүн
жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мамлекеттик контроль жагында
аткаруучу-тескөөчү функцияларды ишке ашыруучу, билим берүүгө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын
камсыздоочу, билим берүү, илим жана инновациялар жагынан
бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүчү мамлекеттик
башкаруунун борбордук органы болуп саналат.
Министрлик өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук
актыларын жана Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте
күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул
Жобону жетекчиликке алат.
Министрлик өз иш-аракетин Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары менен биргелешип ишке ашырат.
Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы
мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча
балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
казыначылык системасында расчеттук жана башка эсептери, ага
бекитилип берилген мүлкү болот.
II. Министрликтин милдеттери
Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп
саналат:
а) билим берүү тармагында:
- улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, илимдин
жана жањы технологиялардын жетишкендиктеринин негизинде
окуган инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө жана кесиптик
калыптандырууга багытталган билим берүүнү"н колдонуудагы
натыйжалуу системасын түзүү;
- билим берүү жагындагы мыйзамдык базаны түзүү жана
өркүндөтүү;
билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын
конституциялык укугун камсыздоо;
билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын
конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды
камсыз кылуучу билим берүү жагындагы мамлекеттик саясатты
иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, квалификациялуу
кызматкерлерге мамлекеттин керектөөлөрүн канааттандыруу;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу,
бекитүү жана ишке ашыруу;
- билим берүүнү маалыматташтыруу;
- билим берүү сапатын жакшыртуу механизмдерин иштеп
чыгуу жана жайылтуу;
- билим берүүчү уюмдарды туруктуу өнүктүрүү;
- билим берүү системасында илимди өнүктүрүү;
- билим берүү системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү
максатында чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу;
- структуралык подразделениелердин жана ведомствого
караштуу билим берүүчү уюмдардын иштерин башкаруу жана
координациялоо системасын иштеп чыгуу;
- билим берүү системасынын кызматкерлеринин
квалификациясын жогорулатуу механизмин түзүү;
- билим берүү жагынан мамлекеттик кадрдык саясатты ишке
ашыруу;
- билим берүүдө балдардын укуктарын камсыздоо, жетим
балдарды жана майып балдарды окутуп-тарбиялоону мамлекеттик
колдоо;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү иш-аракетин эл
аралык билим берүү мейкиндигине органикалык кошуу үчүн
шарттарды жана механизмдерди түзүүгө көмөктөшүү;
б) илим жана инновациялар тармагында:
- илим жана инновациялар чөйрөсүндө бирдиктүү
мамлекеттик саясатты, концепцияларды жана мамлекеттик
программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- илимди жана инновацияларды өнүктүрүү концепциясын
иштеп чыгуу, илимди өнүктүрүүнүн жана инновациялык иштердин,
ошондой эле максаттуу мамлекеттик программалардын жана
мамлекеттик заказдардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- илим жана инновациялар тармагында мамлекеттик
программаларды ишке ашырууну уюштуруу жана алардын
аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-техникалык
жетишкендиктерди алмашуу;
- илим жана инновациялар тармагында эл аралык
кызматташтыкты ишке ашыруу;
- илимий мекемелерди жогорку квалификациялуу кадрлар
менен камсыз кылуу үчүн илимий потенциалды сактоо
механизмдерин түзүү, шарттарды өркүндөтүү;
- илимий, техникалык жана экономикалык маалыматтардын
улуттук системасын өнүктүрүі, жалпы мамлекеттик маанидеги
маалыматтык ресурстарды түзүү;
- улуттук инновациялык саясатты ишке ашыруу жана
стимулдоо;
- илимий изилдөөчүлүк изилдөөлөрдүн жана иштеп
чыгуулардын, жогорку натыйжалуу ойлоп табуулардын
инновациялык долбоорлорунун жыйынтыктарын өздөштүрүүгө
көмөктөшүү;
- чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартуу,
илимий жактан сыйымдуу продукцияларды жана жањы
технологияларды өздөштүрүү боюнча биргелешкен өндүрүштөрдү
уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- республикада жањы жана жогорку технологияларга
негизденген чакан инновациялык өндүрүштөрдү түзүүгө жана
өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
II. Министрликтин иш милдеттери
Министрлик төмөнкүдөй иш милдеттерди жүзөгө ашырат:
- билим берүү, илим жана инновациялар маселелер боюнча
мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун,
аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик
органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы
келген чечимдерин жоюу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук
уюмдарды белгиленген тартипте каржылоону ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
республикалык бюджеттен каржылануучу Министрликтин
ведомстволук уюмдарында бюджеттик жана финансылык тартиптин
сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт, алардын
чыгымдарынын сметасын бекитет жана аткарылышын контролдойт;
- билим берүү, илим жана инновациялар боюнча мамлекеттик
ведомстволук уюмдар аларга бекитилип берилген мүлктү
тиешелүү түрдө жана максаттуу пайдаланышын контролдойт;
Министрликтин номенклатурасынын тизмесине ылайык
мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү үчүн контролдукту ишке
ашырат;
- Министрликтин, борбордук аппаратынын, билим берүү,
илимий жана инновациялык уюмдарынын, структуралык
подразделениелеринин кызматкерлерин белгиленген тартипте
аттестациялоону, конкурстарды, квалификациялык экзамендерди
жүргүзөт;
- билим берүү, илим жана инновациялар проблемалары
боюнча илимий - изилдөө жана башка иштерди уюштурат жана
жүргүзөт;
- билим берүү, илим жана инновациялар жагында
конференцияларды, семинарларды, курстарды, көргөзмөлөрдү,
фестивалдарды, конкурстарды уюштурат жана өткөрөт;
- илим жана инновациялар жагынан тийиштүү мамлекеттик
башкаруу органдарын, ишканалар менен уюмдарды, ошондой эле
жеке адамдарды маалыматтык жана аналитикалык маалыматтар
менен камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын инновациялык ресурстарынын
маалыматтар базасын түзөт жана дайыма жањылап турат;
- Министрликтин бюджетинин долбоору боюнча сунуш
киргизет жана аны мыйзамда белгиленген тартипте
бекитилгенден кийин аткарат;
- а) билим берүү жагында:
- төмөнкүлөр тууралуу сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет:
Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү
жагынан мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары
жөнүндө;
билим берүү, анын иштешин камсыздоо жана билим берүү
системасын өнүктүрүп, өркүндөтүү жагынан мамлекеттик
саясатты ишке ашырууга багытталган мыйзамдардын жана башка
ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун;
- билим берүү жагындагы максаттуу программалар менен
долбоорлорду иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- билим берүү жагында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого
багытталган чараларды көрөт;
- билим берүүчү уюмдардын сапаттуу билим берүү
кызматтарын көрсөтүінү камсыз кылат;
- билим берүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын
колдонуу практикасын жалпылайт, билим берүү маселелерин
жөнгө салуучу мыйзам долбоорлору боюнча корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте
мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгат;
- билим берүү жагынан маалыматтык-коммуникациялык
технологияларды өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт;
- окутуунун жањы технологияларын колдонууга киргизүүнү
ишке ашырат;
билим берүүчү уюмдарды лицензиялоону, мамлекеттик
аккредитациялоону (аттестациялоону) ишке ашырат;
- окутуунун сапатын, мамлекеттик билим берүү
стандарттарынын сакталышын белгиленген тартипте контролдойт;
- билим беріүчү уюмдардын колдонушуна уруксат берилген
окутуу жана окуу-методикалык адабияттардын тизмесин бекитет;
- окуу куралдарын жана окуу-методикалык китептерди
даярдоо жана басып чыгаруу боюнча иштерди белгиленген
тартипте координациялайт;
- окутуу жана окуу-методикалык куралдарды даярдоо жана
чыгаруу боюнча окутуу-методикалык бирикмелер менен
кењештердин иштерин жана профессионалдык билим берүү
программалары менен маалыматтык камсыздоо иштерин
координациялайт;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кадр саясатын
жүргүзөт;
- билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кадрларын жана
билим берүүнү башкаруу органдарынын кызматкерлерин даярдоо
жана кайра даярдоо системасын уюштурат;
- белгиленген тартипте педагогикалык кызматкерлерди
аттестациялоону уюштурат;
- мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде билим берүү
жөнүндө документтерди нострификациялоо тартибин (башка
мамлекеттерде берилген билим берүү жөнүндө документтерди
Кыргыз Республикасында таануу) аныктайт;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер,
мамлекеттик башка органдар, жалдоочулар жана башка социалдык
өнөктөр менен макулдашуу боюнча кадрларды даярдоо үчүн
кесиптердин жана адистиктердин тизмесин бекитет;
- билим берүү уюмдарында, магистратурада, аспирантурада
жана докторантурада окууга кабыл алуунун жалпы тартибин жана
типтүү эрежесин бекитет;
- билим берүү жөнүндө документтерге карата мамлекеттик
талаптарды иштеп чыгат, менчиктин бардык формасындагы
аккредиттелген (аттестацияланган) билим берүүчү уюмдардын
бүтүрүүчүлөрүн документтер менен камсыз кылат;
- жалпы билим берүүчү жогорку кесиптик окуу жайларынын
окуучуларын кабыл алуу, эсепке киргизүү, которуу, калыбына
келтирүү жана чыгаруу тартибин, абитуриенттердин билиминин
рейтингин белгилөө механизмдерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик
жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн билим
берүүчү гранттардын санын жана өлчөмүн аныктоо боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- жогорку окуу жайлар аралык илимий-изилдөө жана
инновациялык программаларды уюштурат жана аткарылышын
координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын билим берүүчү окуу жайларында
окутулуучу адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим
берүү стандарттарын иштеп чыгат;
- башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволорун билим берүүчү уюмдарынын,
ошондой эле министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу
боюнча региондук органдардын иштерин координациялайт;
- чет өлкөлүк өнөктөр менен формалдуу жана формалдуу
эмес билим берүү жагынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана
өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында эл аралык
келишимдерге (макулдашууларга) кол коет, өкмөттөр аралык
жана ведомстволор аралык кол коюлган макулдашууларды ишке
ашырат;
- билим берүү маселелери боюнча эл аралык уюмдарда
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте
көрсөтөт;
- жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү
өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик ведомстволук билим берүүчү уюмдарга
жетекчилик кылат;
- билим берүүчү уюмдарга бекитилип берилген мүлктү
максаттуу жана тийиштүү түрдө пайдаланууну контролдойт,
республикалык бюджетте турган ведомстволук уюмдарды
белгиленген тартипте каржылоону ишке ашырат жана чыгымдардын
сметасын аткарууну контролдойт;
- эл аралык бала асырап алуу жол-жоболорун даярдоо
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген
функцияны аткарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
жаранын - балдарды эл аралык асырап алуу маселелери боюнча
зарыл түшүндүрмө берүүгө укуктуу; :
- адистерди даярдоонун санын жана структурасын аныктоо
маселелери боюнча мамлекеттик билим берүүчү уюмдардын
иштерин координациялайт;
б) илим жана инновациялар жагында:
- илимий-изилдөө жана инновациялык мекемелердин иштерин
уюштурат жана жөнгө салат;
- илим жана инновациялар жагынан нормативдик укуктук
актыларды иштеп чыгат жана өркүндөтөт, аларды аткаруу боюнча
уюштуруучулук-методикалык жетекчиликти камсыз кылат;
- белгиленген тартипте илим жана инновацияларды
өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу боюнча
сунуштарды киргизет;
- илимий жана инновациялык долбоорлорго мамлекеттик
заказ түзөт жана аларды каржылоо жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- конкурска берилген илимий жана инновациялык
долбоорлорго көз карандысыз экспертизаны уюштурат, аларды
каржылоо боюнча сунуштарды даярдайт жана бюджеттик
каражаттардын сарпталышына контроль жүргүзөт;
- инновациялык иш-аракет субъекттерин түзүү боюнча
сунуштарды киргизет;
- илимий-техникалык жана инновациялык продукцияларды
колдонууга көмөктөшөт;
- илимий-техникалык жана инновациялык иш-аракеттерди
маалыматтык камсыздоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- мамлекеттик мекемелер менен уюмдарды - илимий-
техникалык жана инновациялык иш-аракеттин субъекттерин
аттестациялоо жана сертификациялоо тартибин аныктайт жана
зарыл учурларда аларды өзгөртүп кайра түзүү (жоюу) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларды тартуу
менен илим жана инновациялар чөйрөсүндө эл аралык
кызматташууну ишке ашырат;
- илимий-техникалык иштеп чыгууларды жана илимий-
техникалык маалыматтарды эл аралык алмашууну ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
менен бирдикте илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдө
статистикалык отчеттуулук системасын түзөт;
- кењеш берүүчү органды - Окумуштуулар кењешин түзүү
аркылуу бирдиктүү мамлекеттик илимий-техникалык саясатты
координациялайт;
- аспирантура, докторантура жана йзденип алуучулук
аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо
системасын уюштурат жана координациялайт;
- Кыргыз Республикасында илимий-техникалык
жетишкендиктер жана өндүрүштүк тажрыйба жөнүндө
маалыматтарды даярдоону, басып чыгарууну жана таркатууну
камсыз кылат, чет өлкөлүк уюмдар менен ушундай материалдар
менен алмашууну ишке ашырат;
- инновацияларды түзүү жана ишке ашыруу үчүн шарттарды
түзөт;
- инновациялык иш-аракет жагынан ченемдик укуктук
актылардын жана методикалык материалдардын долбоорлорун
иштеп чыгат;
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу илимий-изилдөө,
тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштерди
жүргүзүүнү координациялайт;
- республикада жана чет өлкөлөрдө экономиканын бардык
тармактарында, илимде жана техникада инновацияларга
мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган инновациялык
долбоорлор жана инновациялык иштер жөнүндө маалыматтык
кызматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте көрсөтөт;
- инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
боюнча Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө
конференцияларды, семинарларды жана кењешмелерди, ошондой
эле көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди уюштурат;
- илим менен өндүрүштүн, ошондой эле өндүрүш менен
рыноктун ортосунда ортомчулук функцияларды ишке ашырат;
- Министрликти, ошондой эле ага караштуу уюмдарды эффек-
тивдүү үнөмдүү жана натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн ички контролдоонун комплекстүү жана эффективдүү системасын уюшту- рат, буга бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттулук, нормативдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоо, укукка каршы жосундарды болтурбоо жана аныктоо, активдердин сакта- лышын камсыздоо, финансылык жана башкаруу отчеттору менен маалыматтардын тууралыгын, ишенимдүүлүгүн жана адекваттуу- лугун камсыздоо, ошондой эле аларды даярдоо кирет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча
жогорку окуу жайлардын уставдарын бекитет. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы №617 токтомунун
редакциясына ылайык
IV. Министрликтин ыйгарым укуктары
Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чектеринде бардык билим берүүчү
уюмдардын, илимий мекемелердин аткарышы учун милдеттүү болуп
саналган ведомстволук нормативдик. актыларды бекитүүгө жана
чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген ыйгарым
укуктардын чектеринде билим берүүчү уюмдардын жана алардын
филиалдарынын, илимий мекемелердин иштерин жеринде текшерүү
жургүзіүгө жана уюштурууга;
- аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды
көріү үчун билим беріү уюмдарына, илимий мекемелерге
көрсөтмө беріүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык билим беріүчү
уюмдардан, илимий мекемелерден илимий-билим берүү иш-
аракетинин маселелери, квалификациялуу адистерди, илимий-
педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо,
квалификациясын жогорулатуу боюнча статистикалык жана башка
маалыматтарды камтыган маалыматтарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган
ыйгарым укуктардын чектеринде билим беріү, илим жана
инновациялар жагынан эл аралык келишимдерди түзүүгө;
- билим берүү, илим жана инновациялар боюнча эл аралык
фестивалдарды, конкурстарды, кењешмелерди, семинарларды жана
конференцияларды өткөрүүгө;
- илимий изилдөө мекемелерин аттестациялоону жүргүзүүгө;
- ведомстволук структуралык подразделениелерди
белгиленген тартипте тузүүгө, өзгөртүп кайра уюштурууга жана
жоюуга;
- колдоо көрсөтүүнүн тармактык системасын иштеп чыгууга
жана бекитүүгө;
- республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук
билим берүү уюмдарынын атайын каражаттарынын сметасынын
киреше бөлүгүнөн жана өзун-өзү каржылоодо турган
ведомстволук уюмдардын сметасынын киреше бөлүгүнөн 3
процентке чейинки өлчөмдө чегерүүлөрдүн, ошондой эле
del55pwүлүк жардамдын, гранттардын жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка
булактардын эсебинен Министрликти өнүктүрүү жана материалдык
колдоо фондун түзүүгө;
- мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, илимий-изилдөө
мекемелеринин статусун өзгөртүү, өзгөртүп кайра уюштуруу,
жоюу жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө сунуш киргизүүтө;
- республиканын билим берүүчү уюмдарына, илимий изилдөө
мекемелерине көрүнүктүү ишмерлердин ысымдарын ыйгарууга
макулдук берүүгө;
- жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде
аспирантураларды жана докторантураларды ачуу (жоюу)
маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- мамлекеттик билим берүүчү уюмдардын уставдарын
бекитүүгө;
- эмгекке акы төлөө фондунун чектеринде жана алар
жөнүндө жоболорго ылайык ведомстволук билим берүүчү
уюмдардын түзүмүн жана кызмат орундарынын тизмесин
бекитүүгө;
- билим берүү, илим жана инновациялар системасын
маалыматтык, илимий-методикалык жана нормативдик жактан
тейлөөнү камсыздоого, билим берүү, илим жана инновациялар
боюнча калкты маалыматтык жактан тейлөөнү ишке ашырууга;
- билим берүү жана илим системасында иштеген өкмөттүк
эмес жана эл аралык уюмдардын иштерин дайыма контролдоп
турууга;
- адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын
жогорулатуу маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан
бардык уюмдардан жана ишканалардан акысыз маалымат алууга;
- илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди
мамлекеттик бюджеттен каржылоону токтотуу жөнүндө сунуш
киргизүүгө.
V. Министрликтин ишин уюштуруу
Министрликке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу министр башчылык
кылат.
Министрликтин структурасында статс-катчынын жана
министрдин орун басарларынын кызматтары каралган.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат иштери боюнча кењештин
сунушу жана министрдин макулдугу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка
дайындалат.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка
дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Статс-катчы жана министрдин орун басарлары түздөн-түз
министрге баш ийишет жана өз иштерин аларга министр жүктөгөн
чектерде жүргүзүшөт.
Министр:
- Министрликке жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясынын чектеринде буйруктарды
чыгарат, ведомстволук нормативдик укуктук актыларды,
эрежелерди, жоболорду, нускамаларды бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн жана
кызмат орундарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Премьер-
министрине бекитүүгө киргизет;
- Министрликтин коллегиясынын жеке курамын Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине бекитүү үчүн берет;
- структуралык подразделениелердин иш-аракети жөнүндө
жобону бекитет жана аныктайт;
- Министрликтин системасынын жетектөөчү кадрларынын
номенклатурасын аныктайт жана бекитет;
- эмгекке акы төлөөнүн белгиленген фондунун чектеринде
республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук уюмдардын
штатын аныктайт жана бекитет;
- Министрликтин номенклатурасына кирүүчү борбордук
аппараттын кызматкерлерин жана кызматкерлерди белгиленген
тартипте кызматка дайындайт жана бошотот, алардын укуктары
менен иш милдеттерин аныктайт;
- министрликтин структуралык органдардын, ошондой эле
структуралык подразделениелердин жетекчилерин белгиленген
тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин
кызматка бекитет;
- Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке
жоопкерчилик тартат;
- министрдин орун басарларынын, Министрликтин
структуралык подразделениелеринин жетекчилеринин ортосунда
милдеттерди бөлүштүрөт;
- эмгекке акы төлөөнүн жана материалдык колдоонун
колдонуудагы шарттарын туура пайдаланууну камсыз кылат,
эмгекти уюштуруунун жана ага акы төлөөнүн алдыњкы формаларын
колдонууга киргизет, эмгекке акы төлөө фондунун
каражаттарынын сарпталышына контролдук жүргүзөт;
- Министрликтин системасынын кызматкерлерин белгиленген
тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт, ошондой эле
аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын
тапшыруусу боюнча өкмөттөр аралык келишимдерге кол коет;
- Министрликтин коллегиясын уюштурат жана анын ишине
жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ага
берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
- илим жагынан кыйла маанилүү маселелерди кароо,
мамилелерди өнүктүрүү үчүн Окумуштуулар кењешин, Илимий-
техникалык кењешти түзөт жана алардын жоболору менен курамын
бекитет;
- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча Илимий-
техникалык эксперттик кењештин курамын аныктайт жана
бекитет;
- ички аудит объектилеринде ички аудиттик текшерүү жүргү-
зүү жана башка аудиттик тапшырмаларды аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы №617 токтомунун
редакциясына ылайык
VI. Министрликтин коллегиясы
Министрликте 13 кишиден турган коллегия түзүлөт, анын
курамына министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы,
кызматы боюнча министрдин орун басарлары, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле
билим берүү жана илим системасынын башка жетектөөчү
кызматкерлери кирет.
Коллегиянын жеке курамы министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
Министрликтин коллегиясы борбордук аппараттын,
структуралык подразделениелердин, билим берүүчү жана илимий
уюмдардын иштеринин, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана
колдоонун маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана
министрдин буйругу менен ишке ашырылат.
Коллегиянын иш тартиби министр бекиткен иштин регламенти
менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин башкаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 13-апрелиндеги №125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 13.04.2007 · № 125 · Күчүн жоготкон
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы №617 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын…Постановление · 02.10.2009 · № 617 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.