# (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фонду тууралуу ЖОБО

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фонду тууралуу ЖОБО
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2362/edition/327307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фонду тууралуу ЖОБО (12.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58229

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 12-апрелиндеги

№ 118 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү

министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан

сыйлоо фонду тууралуу

ЖОБО

Бул жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү минис-

трлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фондунун каражатта-

рын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин аныктайт.

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги-

нин (мындан ары - Министрлик) Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо

фонду (мындан ары - Фонд) төмөнкү максаттар үчүн түзүлөт:

- Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн натыйжалуу

иши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү;

- Министрликтин системинин кызматкерлерин социалдык жактан коргоо-

ну жана гарантияларын камсыз кылуу, алардын өз ишинин жыйынтыгына кы-

зыкчылыгын көтөрүү;

- Министрликтин системинин кызматкерлеринин квалификациясын жого-

рулатуу;

- майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана

жарандарга бир жолку материалдык жардам берүү.

2. Министрликтин Фондуна каражаттарды которуу үчүн мыйзамда белги-

ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук

казыналыгында атайын каражаттар боюнча утурумдук эсеп ачылат.

II. Өнүктүрүү жана материалдык жактан

сыйлоо фондун түзүүнүн булактары

3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен куралат:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин

атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" N 531 токтомуна

ылайык ведомство алдындагы бөлүмчөлөрдүн атайын каражаттарынан 10% че-

герүүлөрдөн;

- гранттардан;

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн

жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбей турган башка түшүү-

лөрдөн.

III. Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо

фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби

4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

- майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана

жарандарга бир ирет мамлекеттик жардам көрсөтүүгө;

- Министрликтин кызматкерлерине, анын ичинде пенсионерлерге жана

пенсияга чыкканга байланыштуу иштен бошонуп кеткен кызматкерлерге дары-

лануу үчүн бир ирет мамлекеттик жардам көрсөтүүгө; дарылоочу мекемелер-

ге жолдомонун наркынын жарым-жартылайын компенсациялоого;

- Министрликтин системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык

базасын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө (кызматтык имаратты куруу жана ку-

рулушуна үлүштүк катыш, капиталдык ремонт, компьютердик жана оргтехни-

каны, инвентарды сатып алуу, техникалык каражаттарды тейлөө жана оњдоо,

ошондой эле жылуулук, электр энергияларына, байланыш кызматына төлөө,

бланк продукцияларын сатып алуу ж.у.с);

- Министрликтин атайын журналын, нормативдик укуктук актыларынын

жыйнактарын басып чыгарууга;

- социалдык-маданий иш-чараларды, чет өлкөлүк делегациялар менен

расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана

өткөрүүгө;

- кызматтык ишсапарларга ж.у.с. чыгымдоолорго;

- окуу-билим алуу программалары менен камсыз кылууга, Министрлик-

тин системасынын кызматкерлерин окуп келүүгө, стажировкага жөнөтүүгө;

- эмгек келишими жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча

күтүлбөгөн чарба иштерин аткарууга;

- Министрликтин мекемелеринин аларга жүктөлгөн маселелерди жана

функцияларды аткаруу боюнча ишин жакшыртууга багытталган иш-чараларга.

5. Фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-

гинин Борбордук казыналыгында Министрликтин борбордоштурулган атайын

эсебинде чогултулат.

6. Фондунун каражаттарын чыгымдоо бекитилген чыгымдоо сметасына

жана кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.

7. Фондунун каражаттарын тескөөчүлөр болуп бюджеттик ассигнование-

лерди тескөөгө укуктары бар министр жана статс-катчы эсептелишет.

8. Министрликтин финансы кызматы каражаттардын куралышынын, бөлүш-

түрүлүшүнүн эсебин жүргүзөт, Фондунун каражаттары боюнча отчет берет,

белгиленген тартипте бекитилген сметалык арналыштарга ылайык каражат-

тарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдүк кылат.
