# Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 13-апрелиндеги №125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 13-апрелиндеги №125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12059/edition/516106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 13-апрелиндеги №125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Токтому (19.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58224

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 13-апрели № 125 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №293, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787, 2014-жылдын 19-мартындагы № 162 токтомдорунун редакцияларына ылайык) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу» 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. «Билим берүү, маданият тармагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар системасын өркүндөтүү (реформалоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 604 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун бүткүл тексти боюнча жана жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуудагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги» жана «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги» деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги» жана «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Ресурстук макулдашуунун 1.1. - пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри» жана «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри» деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри» жана «Кыргыз Республикасынын Финансы министри» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «ББИжЖСМ» деген аббревиатурасы-«ББжИМ» деген аббревиатурага алмаштырылсын;

3. «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы №10 токтомунун 1, 2, 3 жана 4 –пунктары күчүн жоготту деп табылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр

А. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
