Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-апрелиндеги
№ 118 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүгүү министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-декабрындагы № 604 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
(мындан ары - Министрлик) калктын турмуш дењгээлинин жана кирешесинин,
эмгекке төлөөнүн, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоонун, эмгек-
тин шарттарынын жана корголушунун, социалдык өнөктөштүктүн жана эмгек-
тик мамилелердин, демографиялык саясаттын, калкты социалдык жактан кор-
гоонун, анын ичинде үй-бүлөнү жана балдарды, картањ жарандарды колдоо-
нун маселелерин камтыган, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынын
ушул багыттары боюнча ишмердигин координациялаган мамлекеттик саясатты
жүргүзүүчү, социалдык өнүктүрүү жана эмгек чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө
ашыруучу борбордук орган болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Консти-
туциялык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын
башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке
алат.
3. Министрлик өз ишмердигин өзүнүн ведомстволук жана аймактык ор-
гандары аркылуу республикалык башка аткаруу бийлигинин органдары, жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка бирикмелер,
ошондой эле башка уюмдар менен алардын уюштуруучулук-укуктук формасына
карабастан өз ара кызматташуу аркылуу жүзөгө ашырат.
4. Министрликтин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ве-
домстволук уюмдарын кармоого чыгымдарды каржылоо мамлекеттик бюджеттин
эсебинен ишке ашырылат.
5. Министрлик юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамле-
кеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тил-
дерде аталыштары бар башка мөөрлөрү, штамптары болот.
6. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекити-
лет.
7. Министрликтин борбордук аппараты, анын ведомстволук бөлүмчөлө-
рү, үй-интернаттар, социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча борборлор, ай-
мактык жана башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү Министрликтин бирдиктүү системин
түзүшөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №
604 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Министрликтин негизги милдеттери
8. Министрлик төмөнкү негизги маселелерди чечет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги багыттарынын ал-
кагында социалдык өнүктүрүү жана эмгек, эмгек акы, социалдык өнөктөштүк
жана эмгек мамилелери, калкты социалдык жактан коргоо, пенсиялык жана
социалдык камсыздоо, үй-бүлөнү жана балдарды, картањ жарандарды колдоо
жана демография чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык саясатты иштеп чыгуу
жана жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчы-
лыктарын корректировкалоо жана жүзөгө ашыруу, социалдык өнүктүрүү прог-
раммасынын аткарылышын координациялык-усулдук жактан камсыз кылуу, эм-
гек жана аны коргоо жаатындагы ишкердикти координациялоо;
- эмгек, эмгекти жана эмгек шарттарын коргоо, социалдык жактан
колдоо, калкты социалдык жана пенсиялык жактан камсыздоо жаатындагы
мыйзамдарды өркүндөтүү, өз компетенциясынын чегинде социалдык норматив-
дерди жана минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгуу;
- калктын жашоо дењгээлин жана кирешесин көтөрүү, эмгекке акы
төлөөнүн уюштурулушун, мамлекеттик пособиелер жана компенсациялык
төлөмдөр системасын өркүндөтүү, ошондой эле пенсиялык камсыздоону
өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу;
- эмгекти коргоонун, анын коопсуздугунун жана гигиенасынын талап-
тарына жооп берүүчү шарттарда жарандардын эмгектенүүгө конституциялык
укуктарын жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу жана жолдо-
рун аныктоо;
- ооруп калган жана эмгекке жарамдуулугун жоготкон, кош бойлуу жа-
на төрөгөн, өндүрүштүк мертинүүгө жана кесиптик дартка чалдыккан учур-
ларда жарандарды социалдык жактан камсыздоо боюнча саясатты иш жүзүнө
ашыруу, ошондой эле иштеп жаткан жарандардын жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнүн ден соолуктарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
- социалдык жактан тейлөөнү реформалоо жана социалдык жактан кор-
гоо, саламаттык сактоо, билим берүү тармагындагы социалдык кызмат
көрсөтүүнү инспекциялоо, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат
көрсөтүүлөрүнө көзөмөлдүк кылуу;
- гуманитардык жардамдарды тартуунун, анын эсебин алуунун, бөлүш-
түрүүнүн, гуманитардык жардамдарды уюштуруу боюнча жумушту координация-
лоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү.
III. Министрликтин функциялары
9. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында
төмөнкү функцияларды аткарат:
а) социалдык өнүктүрүүнүн комплекстүү проблемалары жаатында:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын катышуусу менен Кыргыз Респуб-
ликасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү анализдөөнүн негизин-
де эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик
социалдык саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары, жергиликтүү
өзүн-өзү башкаруу органдары, экономиканын тармактары жана сектору боюн-
ча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эмгек жана социалдык өнүктүрүү
чөйрөсүндөгү иштин абалы жөнүндө баяндама жана Кыргыз Республикасын со-
циалдык өнүктүрүү боюнча жана узак мөөнөттүү, орточо мөөнөттүү жана
кыска мөөнөттүү келечекке карата мамлекеттик программаларына сунуштарды
берет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, мамлекеттик башка-
руунун башка тиешелүү органдарына макулдашуу боюнча жергиликтүү
өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусу менен социалдык программалар-
дын долбоорун даярдайт, аларды аткарууну уюштурат жана бул максатта
бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзөт;
- калкты социалдык жактан коргоо жана эмгек маселелери боюнча мый-
замдык жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой
эле аларды жүзөгө ашыруу механизмин иштеп чыгат жана демилгечи болот;
- Эларалык эмгек уюмунун Конвенцияларын ишке ашыруу боюнча иш-ча-
раларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана
региондордун социалдык саясаттын түрдүү өњүттөрү боюнча иш тажрыйбала-
рын үйрөнөт, жалпылайт жана аны колдонуу боюнча сунуштарын даярдайт;
- демографиялык процесстердин божомолдору боюнча талдоо жүргүзөт;
б) калктын кирешелери жаатында:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик агент-
тиктердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өзүн-өзү баш-
каруу органдарынын комиссияларынын (жумушчу топторунун) Социалдык
өнүктүрүү концепциясынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу бөлүгүндө
ишин уюштурат жана координациялайт;
- калктын жашоо дењгээлин жакшыртууну жана жогорулатууну, жакырчы-
лыкты жоюуну, үй-бүлөнүн жана балдардын кызыкчылыктарындагы социалдык
саясатты корректировкалоону камсыз кыла турган стратегиялык чараларды
иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- калктын кирешелери жагында социалдык нормативди жана социалдык
стандарттарды иштеп чыгууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-
те: жашоо минимуму өлчөмүнүн эсебин даярдайт жана Кыргыз Республикасы-
нын керектөө бюджетин иштеп чыгуу жана анын эсеби (жашоо минимуму) бо-
юнча туруктуу иштөөчү республикалык комиссиянын кароосуна киргизет; ке-
ректөө корзинасынын нормаларын иштеп чыгууну, керектөөнү канааттандыру-
унун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын түзүмүнүн чыныгы жетишкен
дењгээлине жараша калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн
керектөө бюджетинин курамын жана көлөмүн өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
- социалдык маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдык жана нормативдик
актылардын аткарылышына талдоо жүргүзөт, калктын жашоо дењгээли жана
кирешелери жаатындагы чаралардын натыйжалуулугун болжолдоону жана баа-
лоону жүзөгө ашырат;
- социалдык-экономикалык жагдайларга талдоо жүргүзөт, калктын ар
кандай социалдык-демографиялык топторунун кирешелеринин түзүмдөрү жана
жашоо дењгээли боюнча статистикалык материалдарды изилдейт, талдоо
жүргүзүү иштеринин жыйынтыгы боюнча сунуштарды даярдайт;
Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо дењгээлинин социалдык инди-
каторлорунун мониторингин жүргүзөт;
в) эмгек акы жаатында:
- эмгек акы жаатындагы (эмгек акынын эњ төмөнкү өлчөмү, бюджеттик
чөйрөдөгү эмгек акы жана гарантиялар боюнча эњ төмөнкү гарантия) мамле-
кеттик гарантияларды ишке ашырууну камсыз кылат;
- эмгектенүүгө умтулууну жогорулатуу жана эмгек акы системасын ре-
формалоо, квалификацияланган топко карата алардын татаалдыгы боюнча жу-
мушту таандык кылуу жана (же) кызматкерге коюлуучу талаптарга жараша
бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн Бирдиктүү тарифтик торчону рефор-
малоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;
- жумуштун жана жумушчулар кесибинин Бирдиктүү тарифтик-квалифика-
циялык маалымдамасын, жетекчилер, адистер, кызматкерлердин жумуш орун-
дарынын Бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын иштеп чыгат жана беки-
тет;
- мамлекеттик башкаруунун тиешелүү органдарынын катышуусу менен
бирдикте төмөнкүдөй сунуштарды даярдайт: бюджеттик чөйрөнүн, ошондой
эле бюджеттен каржылануучу башка уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы
системасын өркүндөтүү боюнча; бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек
акы шарттарын аныктоо боюнча; экономиканын бюджеттен тышкаркы секторун-
да эмгек акынын мамлекеттик саясатын калыптандыруу боюнча; эмгек акыны
тарифтик жөнгө салуу, эмгек акыны индексациялоо механизмдери боюнча;
мамлекеттик ишканалардын жетекчилери менен эмгек келишимин түзүү боюн-
ча; муниципалдык кызматкерлердин, муниципалдык билим берүүнүн бюджеттик
чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүнүн чектик маани-
лерин белгилөө боюнча; менчиктин бардык формаларындагы уюмдарда эмгек
акыны өз убагында төлөөгө көзөмөлдүк кылууну жана уюштурууну жүзөгө
ашырат;
- эмгек акынын, тармактар аралык дифференциациянын дењгээлине жана
түзүмүнө талдоо жүргүзөт, талдоо ишинин жыйынтыгы боюнча сунуш даяр-
дайт;
- эмгек акы маселелери жана эмгек акы боюнча мамлекеттик гарантия-
лар тууралуу мыйзамдын сакталышы боюнча усулдук жана консультациялык
жардамдарды берет;
г) социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында:
- социалдык өнөктөштүктүн системасын өркүндөтүүнүн негизги багыт-
тарын иштеп чыгат; эмгек мамилелери чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү
өнүктүрүүгө жардамдашат;
- генералдык макулдашууларды иштеп чыгууга катышат, берилген ыйга-
рым укуктарынын алкагында тармактык макулдашууларды каттоону жана экс-
пертизалоону жүзөгө ашырат;
- социалдык-эмгек мамилелерин камсыз кылуучу чараларды иштеп чыгуу
жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн,
кесиптик кошуундардын (трипартизм принцибине негизделген кызматташтык)
ишмердигин координациялайт, алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат;
- тармактык тарифтик жана аймактык макулдашууларды, жамааттык ке-
лишимдерди түзүүгө жана эксперттөөгө катышат, алардын аткарылышына
көзөмөлдүк кылат жана кабарландыруучу каттоону жүргүзөт;
- социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча үч жактуу респуб-
ликалык комиссиянын ишине катышат;
Калкты ишке орноштурууга жардам көрсөтүү боюнча координациялык ке-
њештин ишине катышат;
д) эмгекти коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу жаатында:
- эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат;
- эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин
координациялайт;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча республика-
лык максаттуу программалардын долбоорун иштеп чыгат жана алардын жүзөгө
ашырылышын көзөмөлдөйт;
- эмгекти коргоо боюнча окутууну жана уюмдардын кызматкерлеринин
эмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүнү уюштурат;
- эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик башкарууну жана эмгек шартта-
рын экспертизалоону жүргүзүүгө усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- менчиктин формасына карабастан уюмдар менен мекемелердин кызмат-
керлерин атайын кийим-кече, атайын бут кийим жана башка жекече коргоо
каражаттары менен камсыз кылуу нормаларын бекитет;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мамлекеттик агенттиктер,
административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте эмгекти
коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча аймактык программанын иш-
телип чыгышын уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын сакталышына мамлекеттик
көзөмөлдү ишке ашырат;
- аялдардын жана жаштардын эмгегин пайдаланууга байланышкан жумуш-
тарда, жумуш орундарын эмгек шарттары зыяндуу жана оор категорияга
таандык кылган учурда аларды аттестациялоонун сапатын көзөмөлдөөнү жү-
зөгө ашырат;
- белгиленген тартипти сактоо менен өндүрүштө болгон кырсыктын
эсебин жана текшерилишин көзөмөлдөйт, өндүрүштө болгон кырсыкты сөзсүз
түрдө атайын текшерет;
- курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, башка нормативдик доку-
менттердин долбоорлоруна алар эмгекти коргоо тууралуу Кыргыз Республи-
касынын мыйзамынын талаптарына туура келери жөнүндө корутунду жасайт;
- реабилитациялоонун жекече программаларына ылайык балдар эмгегин
жана майыптар эмгегин пайдаланууну текшерет;
- эмгекти коргоонун жана эмгек шарттарынын абалын, өндүрүштө бол-
гон кырсыктын жана кесиптик дартка чалдыгуунун себептерин талдайт,
аларды эскертүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- эмгек шарттарын мамлекеттик экспертизалоону жүзөгө ашырат;
- уюмдарда эмгекти коргоо боюнча сертификаттоо иштерин уюштурат;
- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоонун жүргүзү-
лүшүнүн тууралыгына көзөмөлдүк кылат;
- эмгек шарттарынын коопсуздугунун мамлекеттик гарантияларын бел-
гилейт;
- өндүрүштөгү эмгектин шарттары жана эмгектин корголушу жана Кыр-
гыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары сакталышына мамлекеттик
көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылат;
е) социалдык жана пенсиялык камсыздоо жаатында:
- мамлекеттик социалдык жактан камсыз кылуу системасын өнүктүрүү
боюнча сунуштарын иштеп чыгып жана аныкталган тартипте киргизет;
- жер-жерлерде иштегендерди социалдык жактан камсыз кылууну (жу-
мушка убактылуу жарамсыздык боюнча пособие, маркумду коюу боюнча посо-
бие, денсоолукту чыњдоого жолдомо) төлөө механизмдерин ишке киргизет;
- жумушка убактылуу жарамсыздык боюнча пособиелердин, кош бойлуу-
лук жана төрөт боюнча пособиелердин, сөөк коюуга пособиелердин, денсоо-
лукту чыњдоого жолдомолордун берилишин көзөмөлдөйт;
- пенсионерлердин жашоо дењгээлин көтөрүү үчүн пенсиялык камсыз
кылуу жана Кыргыз Республикасынын пенсия боюнча мыйзамын өркүндөтүү
жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын калыптандыруу боюнча
сунуштарды иштеп чыгат;
- топтоо элементин киргизүү жана пенсионерлердин жашоо дењгээлин
көтөрүү максатында пенсия саясатын өркүндөтүү чараларын көрөт;
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгө
көмөк көрсөтөт;
ж) калкты социалдык жактан колдоо жаатында:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ардагерлерди, ма-
йыптарды жана башка социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө муктаждарды кол-
доо жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат жана мамлекеттик орган-
дар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара иштешип
аны жүзөгө ашырат;
- согуш ардагерлерин, картањ адамдарды, майыптарды жана калктын
социалдык жактан колдоого муктаж башка катмарларын социалдык жактан да-
ректүү колдоо, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, ошондой эле жењилдиктер
системасын тартипке салуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашы-
рат;
- социалдык жактан коргоого муктаж калктын аялуу катмарынын ту-
рак-жай проблемаларын чечүү үчүн социалдык жактан даректүү колдоо көр-
сөтүүнүн шарттарын жана нормаларын иштеп чыгат;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ардагерлерди, май-
ыптарды жана башка социалдык жактан колдоо алуучуларды социалдык колдоо
жана абалдарын жакшыртуу боюнча республикалык программаны иштеп чыгып,
жүзөгө ашырууну координациялайт жана көзөмөлдөйт;
- Картањ жарандар боюнча иш-аракеттердин Мадрид планын ишке ашыруу
боюнча чара көрөт;
- социалдык нормативдерди жана минималдуу социалдык стандарттарды
эсептөө методикасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- жарды үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторунун маалыматтар базасын
түзүүнү жана "кооптуу абалдагы" балдардын жана үй-бүлөлөрдүн мониторинг
системасын түзүүнү уюштурат;
- социалдык инфраструктураларды, транспорт жана байланыш каражат-
тарын картањ жарандардын жана майыптардын пайдалануусуна жетки-
ликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында шаар куруу жаатындагы мамлекеттик
саясатты түзүүгө катышат;
- жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш-аракеттердин комплексин жүзөгө
ашырат;
- гуманитардык жардамдарды алууга көмөктөшөт жана аны алууга жана
бөлүштүрүүгө мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзөт;
- калкка протез-ортопедиялык жардам берүүнү уюштурууну камсыз кы-
лат жана протез-ортопедиялык буюмдарды даярдоонун технологиясын
өркүндөтүүгө жана өндүрүштү көбөйтүүгө көмөктөшөт;
- майыптардын коомдук бирикмелеринин ишине колкабыш кылат;
- майыптарды ишке алуу үчүн квота белгилөө боюнча сунуш киргизет;
- майыптарды ишке орноштуруу маселеси боюнча миграция жана жумуш-
туулук кызматы боюнча ыйгарым укугу бар органдар менен иш жүргүзөт;
з) социалдык жактан тейлөө жаатында:
- калкты, анын ичинде картањ жарандарды, майыптарды, майып балдар-
ды, үй-бүлөлөрдү жана жашы жетпеген балдарды социалдык жактан тейлөө
чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарын ишке ашы-
рат;
- калкка мамлекет тарабынан гарантияланган социалдык жактан кызмат
көрсөтүүчү мамлекеттик социалдык кызматтардын тармагын түзүүнү жана ан-
дан ары өнүктүрүүнү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бир-
гелешип уюштурат;
- калкты социалдык жактан тейлөөнүн азыркы кездеги формаларын жана
түрлөрүн, анын ичинде турмуштун татаал жагдайында калган жашы жете элек
балдар жана үй-бүлөлөр менен иштердин жањы технологиясын практикага
киргизет;
- калкты социалдык жактан тейлөөчү мекемелердин иш-аракетин башка-
рат, координациялайт жана контролдойт;
- муктаж жарандарга мамлекеттик пособиелерди чектөөнү жана төлөп
берүүнү камтыган акысыз, жарым-жартылай же толук төлөнө турган социал-
дык жактан жардам берүүнүн жана социалдык жактан тейлөөнүн ар кандай
түрлөрүн көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;
- социалдык жактан колдоо көрсөтүү чараларын жүзөгө ашырууга көзө-
мөлдүк кылат;
- социалдык реабилитациялоонун көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтөт;
- реабилитациялык инфраструктураны уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча
иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- медициналык жактан тейлөө, санаторий-курорттук дарылоо, транс-
порт каражаттары менен камсыз кылуу жана жол кире төлөө, турак жай-ти-
ричилик жактан тейлөө жана белгиленген жењилдиктердин башка түрлөрү жа-
на артыкчылыктары боюнча жењилдиктерди берет;
- медициналык-социалдык реабилитациялоону жүзөгө ашырат;
- протез-ортопедиялык буюмдар жана көзайнек оптикасы менен камсыз
кылат;
- калкты социалдык жактан тейлөө боюнча максаттуу программаларды
иштеп чыгат, программалардын иш-чараларын жүзөгө ашырууну координация-
лайт жана көзөмөлдүк кылат;
- жарандарды жана жашы жете элек балдарды социалдык жактан тейле-
ген мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө, капиталдык
курулушту жана капиталдык ремонтту уюштуруу жана жүргүзүү, өрткө каршы
иш-чараларды, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо боюнча иш-аракеттерди
жүзөгө ашырат.
Министрлик саналып өтүлгөн функциялардын аткарылышы менен катар:
- эмгекти коргоо жана эмгек чөйрөсүндөгү иштин абалы, калкты соци-
алдык жактан тейлөө жөнүндө отчет даярдайт;
- эмгек, калкты социалдык жактан тейлөө маселелериндеги эларалык
байланыштарды бекемдөөгө жардам берет;
- калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик муктаждык-
тарды камсыз кылуу үчүн заказдарды жайгаштырууга конкурс уюштурат, өт-
көрөт жана келишимдерди түзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышта болот, социалдык
чөйрөдө өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары менен кызматташууну жүзөгө ашырат, өз сайтында нормативдик
укуктук актыларды өркүндөтүүгө коомчулукту катышууга тартуу үчүн норма-
тивдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштырат;
- Министрликтин системасында мамлекеттик кызматка конкурстук не-
гизде тандоону уюштурат; Министрликтин системасынын кызматкерлерин ат-
тестациялайт, ошондой эле кайра даярдайт жана квалификациясын жогорула-
тат; божомол түзөт жана кадрларга болгон муктаждыкты долбоорлойт; кадр-
лар резервин түзүү жана баалоо боюнча иш жүргүзөт;
- Министрликтин системасында компьютерлештирүүнүн негизги багытта-
рын аныктайт жана компьютердик жањы технологияны ишке киргизет;
- калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын жашоо шарттарын
жакшыртуу максатында социалдык чөйрөгө инвесторлорду тартуу боюнча су-
нуштарды тиешелүү ведомстволор менен бирдикте даярдайт;
- программалык негизде бюджеттик пландаштырууну ишке ашырат, Ми-
нистрлик системасынын чыгымдарын каржылоону, бюджеттин аткарылышын жана
талдоо жүргүзүүнү уюштурат;
- ведомстволук бөлүмчөлөргө республикалык бюджеттен бөлүнгөн фи-
нансы каражаттарын максаттуу пайдалануусуна жана эмгек жана калкты со-
циалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көзөмөлдүк кылат;
- социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого багыттал-
ган каражаттарды максаттуу пайдаланууну калыптандырат жана көзөмөлдүк
кылат;
- эмгек, калкты социалдык жактан колдоо жаатында маалымат техноло-
гияларды, маалыматтарды иштеп чыгуу системасын иштеп чыгууну жана кир-
гизүүнү уюштурат; социалдык чөйрөдө гендердик саясатты жүргүзүүнүн жы-
йынтыктарын чагылдырган индикаторлор системасын иштеп чыгууга катышат;
социалдык чөйрөдө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик
экспертизалоону жүргүзөт;
- жарандарды кабыл алат, жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү
кайрылууларын өз убагында жана толук кароону, алар боюнча чечим кабыл
алууну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө жооп
жиберүүнү камсыздайт;
- жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын суроо-талаптары-
нын негизинде маалымат берет, жашырын маалыматтарды жана конфиденциал-
дуу информацияны камтыган документтерден башка Министрликтин тиешелүү
материалдарын жана документтерин жарыялоону, таркатууну, ошондой эле
түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
- донор өлкөлөр жана эларалык финансы институттары тараптан гума-
нитардык жардамдарды тартуу жана кредиттик-гранттык колдоо көрсөтүү бо-
юнча өз компетенциясынын чегинде иш жүргүзөт;
- социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн инвесторлорду издейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функцияларды жүзө-
гө ашырат.
IV. Министрликтин ыйгарым укуктары
10. Министрлик өзүнүн алдында турган маселелерди чечүү жана ага
жүктөлгөн милдеттерди орундатуу үчүн төмөнкү укуктарга ээ:
- социалдык өнүктүрүү, эмгек, эмгекти коргоо, калкты социалдык
жактан коргоо, пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу, үй-бүлөлөрдү
жана балдарды, улгайган жарандарды колдоо чөйрөсүндө нормативдик укук-
тук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна киргизгенге;
- ведомстволук бардык бөлүмчөлөр аткарууга милдеттүү болгон ведом-
стволук нормативдик-укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл
алганга;
- эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо тууралуу Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл
жүргүзгөнгө. Бул максатта Министрликтин кызмат адамдары ведомствого
таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан уюмдарга жана объек-
тилерге эч тоскоолсуз барып турганга укуктуу болушат;
- социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү инспекциялоону жүргүзгөн-
гө;
- эмгек, эмгекти коргоо, социалдык жактан коргоо жана Министрлик-
тин компетенциясына кирген башка маселелер боюнча маалыматтарды Кыргыз
Республикасынын Улуттук статистика комитетинен акысыз алганга;
- ведомство аралык комиссияларды, эксперттик кењештерди, жумушчу
топторду, анын ичинде тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер,
административдик ведомстволор, эларалык уюмдар жана башка юридикалык
жактар жана жеке адамдар менен бирдикте түзүүгө;
- ведомстволук бөлүмчөлөрдүн финансы тартибин сакташын, материал-
дык жана акчалай каражаттарды максаттуу арналышы боюнча пайдаланышын
текшерүүгө, алардын чыгымдар системасын бекитүүгө жана аларды аткарышын
контролдоого;
- ведомстволук бөлүмчөлөргө бекитилип берилген кыймылдуу жана кый-
мылсыз мүлктөрдүн максаттуу жана талаптагыдай пайдаланылышын текшерүү-
гө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жаатындагы мыйзамдары
аткарылышын жүзөгө ашырууга;
- Министрликтин системасында кызматкерлерди аттестациялоону белги-
ленген тартипте өткөрүүгө жана бош кызмат орундарына конкурстук негизде
тандап алууга;
- ведомстволук бөлүмчөлөрдүн атайын каражатынан 10% өлчөмүндөгү
чегерүүлөрүнүн эсебинен Министрликтин өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо
фондун түзүүгө;
- белгиленген тартипте эларалык кызматташууга катышууга, тиешелүү
чөйрөдө чет өлкөлүк тажрыйбаны колдонууга жана үйрөнүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган ыйгарым укуктардын
чегинде эларалык келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган акысыз жана акы
төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- социалдык чөйрөдө инвестицияларды тартууга багытталган иш-ара-
кеттерди жүзөгө ашырууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурс-
тарды, кењешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана
жарнама-басма ишин жүргүзүүгө;
- республикалык бюджетте турган ведомстволук органдарды белгилен-
ген тартипте каржылоону жүзөгө ашырууга;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун, түзүмүн жа-
на штаттык расписаниесин эмгек акынын фондунун чегинде бекитүүгө;
- Министрликтин системасынын кызматкерлерин даярдоо жана квалифи-
кациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
- Министрликтин мобилизациялык пландарын аткарууга даярдоо боюнча
иш-чараларды өткөрүүгө;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды басып чыгару-
уга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги баш-
ка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
Министрликтин адистери Министрликтин компетенциясына кирген масе-
лелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, республиканын
административдик ведомстволорунун коллегияларынын ишине катыша алышат
жана менчиктин формасына карабастан уюмдарга жана ишканаларга бара алы-
шат.
V. Министрликтин ишин уюштуруу
11. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу жана
бошотулуучу министр башкарат.
12. Министрдин статс-катчысы жана эки орунбасары болот.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана минист-
рдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым
укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекитүүчү Мамлекеттик органдын
статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Министр ошондой эле
статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарууну тап-
шыра алат.
Министрдин орунбасарлары кызматка министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Министрдин орунбасарлары түздөн-түз министрге баш ийишет жана өз иште-
рин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарышат.
13.Министр:
- Министрликке жүктөлгөн милдеттер аткарылышы жана иштин белгилен-
ген чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ишке ашырылышы үчүн жеке жооп бе-
рет;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актылары-
нын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
берет;
- өз компетенциясынын чегинде нормативдик мүнөздөгү, ал эми Ми-
нистрликтин ишмердигин уюштуруудагы тез жана башка күндөлүк маселелер
боюнча - нормативдик эмес мүнөздөгү буйруктарды чыгарат, алардын атка-
рылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгат;
- кызматтардын номенклатурасына ылайык министрдин орунбасарларын,
ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана аларды
кызматтан бошотуу үчүн талапкерлер боюнча, ошондой эле коллегия мүчө-
лөрүнүн талапкерлиги боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине
сунуш киргизет;
- министрдин орунбасарларынын, Министрликке караган ведомстволук
бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын чегин аныктайт жана
министрдин орунбасарлары ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын
кызматкерлерин, башкармалыктардын, борборлордун, жатак үйлөрдүн, инсти-
туттун жана Министрликтин башка ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчиле-
рин жана алардын орунбасарларын, башкы бухгалтерлерин кызматка дайын-
дайт жана бошотот;
- Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин статс-катчынын
сунушу боюнча жана мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар-
лардын мэрлеринин макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот;
- министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундардын тизмесин
жана алардын функционалдык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- мамлекеттик кызматчыларга статс-катчынын сунушу боюнча тиешелүү
класстык чендерди ыйгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин жалпы белгиленген санына жана эм-
гекке акы төлөө фондуна жараша Кыргыз Республикасынын Финансы министр-
лиги менен макулдашуу боюнча ведомстволук бөлүмчөлөрдүн түзүмүн жана
штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин кызматкерлерин сыйлоо маселелерин чечет жана алар-
дын кызматтык маяналарына жекече үстөктөрдү белгилейт;
- Министрликтин системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар
менен сыйлайт, ошондой эле өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Кыргыз Республи-
касынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсө-
төт;
- өзүнүн орунбасарларына, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилерине
жана башка кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонот; аларга ээ-
леген кызматтарынан бошотууга чейинки тиешелүү тартиптик жаза чараларын
көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- ведомстволук бөлүмчөлөр менен аймактык органдардын Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын бардык мекемелери менен уюмдарында жана
чет өлкөлөрдө Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Ми-
нистрликтин атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эларалык ке-
лишимдерге өз компетенциясынын чегинде кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым
укуктарга ээ.
14. Министрликте курамында кызмат орду боюнча министр (коллегиянын
төрагасы), министрдин орунбасарлары, статс-катчы, Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Министрлик системасындагы
башка жетекчи кызматкерлер кирген тогуз кишиден турган коллегия түзү-
лөт. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамы (коллегия курамына кызмат орду
боюнча киргендерден башкасы) министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республи-
касынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
15. Министрликтин коллегиясы өз жыйындарында:
- Министрлик системасынын ишине тиешелүү негизги маселелерди тал-
куулайт;
- Министрликтин жыл сайын түзүлүүчү жумушчу пландарын, алардын ат-
карылышы боюнча отчетторду карап чыгат жана бекитет;
- Министрликтин жыл сайын түзүлүүчү бюджетинин долбоорун бекитет;
- улуттук жана мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына баа
берет;
- усулдук материалдардын жана нускамалардын долбоорлорун бекитет;
- ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана аймактык органдардын жетекчиле-
ринин отчетторун угат;
- Министрликтин компетенциясына кирген жана башка маселелерди ка-
райт.
16. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк
добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделип, коллегиянын
токтомдору жана буйруктар менен ишке ашырылат. Добуштардын саны барабар
болуп калган учурда, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алыњды
деп эсептелинет.
Коллегия мүчөлөрү мындай чечим менен макул болбогон учурда, өз пи-
кирлерин жазуу жүзүндө төрагага жибере алышат.
17. Коллегиянын иштөө тартиби Министрликтин коллегиясы тарабынан
бекитилүүчү регламент менен аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 12.04.2007 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.