# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 119 "Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 119 "Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12054/edition/327294/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 119 "Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (10.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58217

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 10-августундагы № 322 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 12-апрели № 119

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 12-статьясынын 7-пунктуна ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген корутундунун негизинде "Банктык салымдарды (депозит-

терди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макул-

дук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-

сына жиберилсин.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Администрациясы

"Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Банктык салымдарды (депозиттерди)

коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,

төмөндөгүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аны кабыл

алууга макулдук берет.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына ылайык Кыргызстан банкы Кыргызстан банкы тарабынан ли-

цензиялануучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин

банктык көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу орган болуп саналып, туруктуу

финансы тутумунун сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кы-

зыкчылыктарын колдоо жана коргоо максатында алардын ишине туруктуу

көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

Ушуга байланыштуу депозиттерди коргоо фондун түзүүдө Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир-

гелешип (паритеттик) катышуусун Мыйзам долбоорунда аныктоо максатка

ылайык деп эсептейбиз.

Мамлекеттик карызды тейлөөдөгү оор кырдаалды жана бюджеттик кара-

жаттардын чектелгендигин эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 30-стать-

ясынын 1-пунктунун 3) жана 5) пунктчаларын жана 32-статьясынын 1-пунк-

тунун з) пунктчасын алып салууну сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-статьясына ылайык Салык

кодекси бажы мыйзамдары тарабынан жөнгө салуунучу бажылык пошлиналарды,

жыйымдарды жана төлөмдөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагын-

дагы бардык салыктар, аларды башкаруу, салык төлөөчүлөрдүн салыктык

ишаракеттери боюнча мыйзам жоболорунун жыйындысы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-статьясынын 2-пунктуна

ылайык Салык кодексинин 1-статьясынын 2-бөлүгүндө каралгандан башка

учурларда салыктар маселесин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.

Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 31-статьясынын 1-пунктун,

35-статьяны жана 44-статьянын 1,2-пункттарын алып салууну сунуштайбыз.

Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 13-статьясынын 1-пунктунун 1) пунк-

тчасын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:

"1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үч өкүлү, анын ичинде Кыргыз

Республикасынын премьер-министри тарабынан дайындалуучу Кыргыз Респуб-

ликасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинен бир өкүл жа-

на Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен эки өкүл (коллегия мү-

чөлөрүнүн дењгээлинен төмөн болбогон)".

Премьер-министри А.Атамбаев
