# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12053/edition/343662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтому (17.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58216

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 12-апрели № 118

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

өнүгүү министрлигинин маселелери

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 21-декабрындагы № 604 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартында-

гы N 96 жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги-

нин Өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү фонду тууралуу

жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги-

нин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлигинин Социалдык жактан коргоо башкармалыгы Кыргыз Республикасы-

нын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык жактан коргоо

жана гуманитардык жардамдар боюнча Башкы башкармалыгына 22 бирдик штат-

тык санда (тейлөөчү персоналдан тышкары) өзгөртүлүп түзүлсүн.

3. Чектик штаттык сан төмөнкүдөй белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги-

нин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин саны 92 бирдик (тейлөөчү

персоналдан тышкары);

- Мамлекеттик эмгек инспекциясынын аппаратынын кызматкерлеринин

саны 9 бирдик, аймактык бөлүмдөрдүкү - 53 бирдик (тейлөөчү персоналдан

тышкары);

- аймактык социалдык жактан коргоо органдарынын кызматкерлеринин

саны 762 бирдик (тейлөөчү персоналдан тышкары);

- социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча борборлордун кызматкерлери-

нин саны 313 тейлөөчү персоналдан тышкары).

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №

604 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик эмгек

инспекциясынын жана социалдык коргоонун аймактык органдарын каржылоону

"Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №

604 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарлары-

нын мэриялары Мамлекеттик эмгек инспекциясынын жана социалдык жактан

коргоонун аймактык органдарынын материалдык-техникалык каражаттарын

белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзүшсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

7. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыр-

гыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин

маселелери" тууралуу N 610 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 23-декабрындагы N 610 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майын-

дагы N 386 токтому.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 12-апрелиндеги

№ 118 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

өнүгүү министрлигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 21-декабрындагы № 604 токтомунун

редакциясына ылайык)

| Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги | ---\> | Министрликтин |  |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | борбордук аппараты |  |
|  |  |  |  |

v v v v v

| Мамлекеттик |  | Социалдык |  | Социалдык |  | Протездик- |  | Медициналык- |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| эмгек |  | өнүктүрүү |  | жактан коргоо |  | ортопедиялык |  | социалдык |
| инспекциясы |  | жана |  | жана |  | буюмдардын |  | экспертиза |
|  |  | ишкердик |  | гуманитардык |  | республикалык |  | жана |
|  |  | институту |  | жардам башкы |  | ишканасы |  | майыптарды |
|  |  |  |  | башкармалыгы |  |  |  | реабили- |
|  |  |  |  |  |  |  |  | тациялоо |
|  |  |  |  |  |  |  |  | борбору |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |

v v v

| Аймактык эмгек |  | Бишкек, Ош шаарларынын |  | Райондор |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| инспекциялары |  | социалдык жактан коргоо |  | аралык МСЭК |
|  |  | башкармалыктары |  |  |
|  |  |  |  |  |

v v v

| Майып балдар жана |  | Социалдык жактан коргоо |  | Социалдык кызмат |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| өтө картањдар боюнча |  | райондук жана |  | көрсөтүүлөр боюнча |
| үчүн жатак үйлөр |  | шаардык органдар |  | борборлор |
