Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11-апрелиндеги
№ 110 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар
мамлекеттик агенттиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Агенттиктин милдеттери
III. Агенттиктин иш милдеттери жана укуктары
IV. Агенттиктин ишинин уюштурулушу
V. Кайра уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Агенттик) атка-
руучу бийлик органынын маалыматтык ресурстар жана технологиялар тарма-
гын жөнгө салууну ишке ашыруучу администрациялык мекеме болуп эсепте-
лет.
2. Агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченем-
дик укук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, ошондой эле ушул Жо-
бону жетекчиликке алат.
3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана
расмий тилдерде жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казыначылык
системасында алыш-бериш эсеби болот.
4. Агенттик өзүнүн ишин түздөн-түз жана өзүнүн түзүмдүк жана ай-
мактык органдарынын бөлүмчөлөрү аркылуу аткаруу бийлигинин башка мамле-
кеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук
бирикмелер жана башка уюмдар менен тыкыс байланышта ишке ашырат.
5. Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмү жана кызматкерлеринин
штаттык саны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекити-
лет.
6. Агенттиктин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги";
- расмий тилде - "Государственное агентство информационных ресур-
сов и технологий при Правительстве Кыргызской Республики".
II. Агенттиктин милдеттери
7. Агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик маалымат ресурста-
рын түзүү жана тейлөө;
- маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагын жөнгө салуу;
- Агенттиктин компетенциясына кирген мамлекеттик маалыматтык ре-
сурстардын, маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун
жана корголушун камсыз кылуу;
- заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен мамлекет-
тик маанидеги документтер менен иштөө системасын өркүндөтүү жана калкты
бирдиктүү, толук документтештирүүнү уюштуруу.
III. Агенттиктин иш милдеттери жана укуктары
8. Агенттик өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү иш
милдеттерди ишке ашырат:
- маалыматташтыруу тармагындагы жалпы мамлекеттик программаларды
жана долбоорлорду, ошондой эле ченемдик укук актылардын долбоорлорун
иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- маалыматташтыруу тармагын жөнгө салуу, мамлекеттик маалыматтык
ресурстарды түзүү, сактоо жана пайдалануу, программалык-техникалык
комплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, жањы маалы-
маттык технологияларды, алардын иштешин камсыз кылуу каражаттарын түзүү
жана ишке киргизүү иш милдеттерин жүзөгө ашырат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде маалыматташтыруу тармагындагы
программаларды, долбоорлорду жана сунуштарды экспертизадан өткөрүү, ма-
алыматтык продуктуларды, процесстерди жана технологияларды сертификаци-
ялоо аркылуу маалыматтык ресурстар жана технологиялар чөйрөсүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн көзөмөлдөөнү ишке ашырат,
ошондой эле жекелештирилген документтердин мамлекеттик реестрин
түзүүдө, жүргүзүүдө жана тейлөөдө стандарттардын, тариздердин, структу-
ралардын сакталышына көзөмөлдү ишке ашырат;
- жањы технологияларды, программалык-техникалык комплекстерди, ма-
алыматтык системалар менен тармактарды, алардын иштешин камсыз кылуу
каражаттарын түзүү, пайдалануу жана ишке киргизүү жаатында иш-
мердүүлүктү жүзөгө ашырат;
- электрондук билдирүүлөрдү алмашуу процессинде электрондук сандык
кол өз ээсинин колу менен тењ мааниси бар болуп санала турган электрон-
дук сандык колду пайдалануу үчүн шарттарды камсыз кылат;
- электрондук сандык колду тастыктоо боюнча тейлөө иштерин
жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы N 350
токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын персонификациялашты-
рылган документтеринин мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобого ылайык Кыр-
гыз Республикасынын жекелештирилген документтеринин Мамлекеттик реест-
рин түзөт жана тейлейт, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык ресурстарды
түзүү жана тейлөө үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен мам-
лекеттик маанидеги жекелештирилген, бир түргө келтирилген жана башка
документтердин автоматташтырылган эсебин жүргүзөт;
- үлгүлөрдү долбоорлойт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык мамлекеттик маанидеги жекелештирилген, бир түргө келтирилген жана
башка документтерди (ырастоочу документтерди, анын ичинде паспортторду,
айдоочунун ырастамасын, транспортту каттоодон өткөрүү тууралуу доку-
менттерди ж.б.) чыгарууну, жекелештирүүнү жана берүүнү камсыз кылат,
алдыњкы технологияларды колдонуу менен алардын корголушун камсыз кылат;
- жашаган жери жана барган жери боюнча Кыргыз Республикасынын жа-
рандарын, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар-
ды жана жарандыгы жок адамдарды, жашоого уруксат алган чет өлкөлүк жа-
рандарды, Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган жана жарандыгы-
нан чыккан адамдарды, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып жаткан Кыр-
гыз Республикасынын жарандарын автоматташтырылган эсепке алат, тейлейт
жана жүргүзөт;
- жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылган
эсебин жүргүзөт;
- менчигинин жана ишмердик чөйрөсүнүн түрүнө карабастан юридикалык
жактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эмес-
тердин, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жеке ишкерлердин
автоматташтырылган эсебин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жүргүзөт;
- автомототранспорт каражаттарынын, номурдук белгилердин, автомо-
тотранспорт каражаттарын башкаруу укугунун ырастамасын, автомототранс-
порт каражаттарын башкаруу, тескөө, ажыратуу жана кайра ишеним берүү
укугуна ишеним каттардын, автомототранспорт каражаттарды техникалык ка-
роодон өткөрүүнүн жыйынтыктарынын автоматташтырылган эсебин жүргүзөт;
- мамлекеттик башкаруу органдарын маалыматтык камсыз кылуу аркылуу
бирдиктүү электрондук документ жүгүртүү системасын түзүүгө катышат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын бир-
диктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү жаатында башкаруунун мамлекеттик
органдарынын ишин координациялайт жана усулдук жетекчиликти ишке ашы-
рат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлөр жана эл аралык
уюмдар менен маалыматташтыруу тармагында кызматташат жана илимий-техни-
калык байланыштарды координациялайт;
- Аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтар-
дын реестрине ылайык кызмат көрсөтөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын айма-
гында маалыматтык коддоштуруунун жана классификациялоонун бирдиктүү
системасын жөнгө салууга катышат;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын өз ара байланыштагы
иш-аракеттерин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык ин-
фраструктурасын түзүү, өнүктүрүү жана тейлөө максатында өзүн өзү каржы-
лоонун негизинде мамлекеттик мекемелерди түзүүгө укуктуу;
- илимий-практикалык, изилдөө иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республи-
касынын юридикалык жактарын, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдарды жана ме-
кемелерди тартууга, зарыл болгон учурда өзүнүн ыйгарым укуктарынын че-
гинде алар менен макулдашуу жана келишим түзүүгө укуктуу;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден маалыматтар-
ды жана документтерди сурап алууга укуктуу;
- тийиштүү маалыматты сураган жактарды маалымат менен камсыз кы-
лат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка иш мил-
деттерди жана укуктарды ишке ашырат.
9. Агенттиктин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган
чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык ре-
сурстар тармагындагы бардык субъекттер үчүн милдеттүү болот.
IV. Агенттиктин ишинин уюштурулушу
10. Агенттикти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясыясына ылайык)
11. Деректирдин бир орун басары болот, ал кызматка деректирдин су-
нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайында-
лат жана бошотулат. Деректирдин орун басары деректирге түздөн-түз баш
ийет жана Агенттиктин ишин ага тагылган милдеттердин чегинде уюштурат.
12. Агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик
кызматы уюштурулган. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин су-
нушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-
типте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана
кызматтан бошотулат. Статс-катчынын иш милдеттери жана ыйгарым укуктары
Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш тарабынан бекитилген Мамлекеттик орган-
дын статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат.
13. Агенттиктин деректири:
- Агентикке жүктөлгөн иш милдеттердин жана милдеттердин аткарылышы
үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин деректиринин орун басарларынын милдеттерин бөлүштү-
рөт жана жоопкерчилик даражаларын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекемеге таандык бө-
лүмчөлөрдүн жоболорун, түзүмдөрүн, штаттык тизмектерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Агенттик-
тин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын мамлекеттик кызматчы-
ларын жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн алдында отчет берет;
- маалыматташтыруу чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорула-
тууну уюштурат;
- Агенттиктин иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семи-
нарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктар берилген
учурда өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзөт, сүйлө-
шүүлөрдү жүргүзөт жана чет өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери, эл аралык
уюмдар менен келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык
Агенттиктин ишине жетекчилик кылуу боюнча иш милдеттерди жана ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Агенттикте курамы 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызматы
боюнча деректир, статс-катчы жана деректирдин орун басары коллегия мү-
чөлөрү болушат. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистринин Аппаратынын өкүлдөрү кирет.
Коллегиянын курамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-
ген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекити-
лет.
Агенттиктин коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин иши-
нин айрыкча маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана деректирдин
буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби деректир та-
рабынан бекитилчү регламент менен аныкталат.
15. Агенттиктин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана баш
ийүүдөгү уюмдарын кармоо үчүн чыгымдар республикалык бюджеттин жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылоо булактары-
нын эсебинен каржыланат.
V. Кайра уюштуруу жана жоюу
16. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 11.04.2007 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз…Постановление · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен…Положение · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон