# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 113 "Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 113 "Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12049/edition/1141463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 113 "Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө" Токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58209

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 11-апрели № 113

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу бо- юнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускамага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:

- "Джабер" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон, мамле-

кеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде Жүк бажы декларациясы № 09883/01/111006/0912 боюнча таризделген 18180 кг өлчөмүндөгү макарон азыктарын Түштүк региону боюнча бажылык инфраструктураны өнүктүрүү бо- юнча дирекция аркылуу сатсын,

- мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товардын баалануучу наркын Кыр-

гыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын корутундусунун негизинде аныктасын,

- мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде билдирил-

ген товарды сатуудан түшкөн каражаттарды, ал товарды сатууга байланыш- туу чыгымдардын суммасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республика- лык бюджетине которсун.

Премьер-министр А.Атамбаев
