# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-апрели №106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-апрели №106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12042/edition/327273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-апрели №106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (10.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58201

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 10-апрели №106

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын

10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү

- ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу

тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы №

632 «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР»

телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы

«Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү -ЭЛТР»

телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндик

бульвары, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын бөлүгүн Кыргыз

Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансынан Кыргыз

Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын

балансына жана Ош шаары, Учительская көчөсү, 36 дареги боюнча

жайгашкан имараттын бөлүгүн тиешелүү аймагы менен Кыргыз

Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын

балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын

балансына тиркемеге ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечсин.»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук

телерадиокорпорациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук

телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын имараттарын өткөрүп

берүүнү белгиленген тартипте тариздесин».

4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттук

телерадиокорпорациясына батыш тарабынан Улуттук

телерадиокорпорациясына бекитилген жер участкасынан тартып «Сулайман

Тоо» улуттук тарых музейи археологиялык комплексинин азыркы чегарасына

чейин жана музей комплексинин азыркы чегарасынын түштүк тарабына чейин

кошумча жер участкасын берүү жөнүндө маселени карасын.»;

- 3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 5 жана 6-пункттар деп

эсептелсин;

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«6. Бул токтомдун аткарылышын контролдооо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына

жүктөлсүн.».

Премьер-министр А.Атамбаев
