# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги №97 «Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги №97 «Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12033/edition/327261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги №97 «Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58192

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-апрели №97

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун чет

өлкөлүк кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу

жөнүндө

«Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун карыздык

каражаттарын кайтарууну камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жана туруктуу иштешин стимулдоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Ош-Фарм-Ка» ачык

типтеги акционердик коомунун (мындан ары - «Ош-Фарм-Ка» АТАКы) карызын

төмөнкүдөй шарттарда реструктуралаштырсын:

- Дүйнөлүк банктын (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы) кредитинин 1

жана 2-лоттору боюнча 262 747,75 АКШ доллары суммадагы карыздарын бир

кредитке топтоо жана Дүйнөлүк банктын кредити боюнча «Ош-Фарм-Ка»

АТАКы менен карыздык милдеттенмесин кайра тариздөө;

- Дүйнөлүк банктын негизги карызын жана жањы кредити боюнча

процентин жоюунун мөөнөтүн 2017-жылдын 15-июнуна чейин узартуу;

- кредит боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн жылына 6 процент

өлчөмүндө айып санкция белгилөө;

- Дүйнөлүк банктын кредити боюнча калган шарттарды өзгөртүүсүз

калтыруу.

2. «Ош-Фарм-Ка» АТАКка бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлиги менен мурда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге

өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жогоруда аталган шарттарда жањы карыздык

милдеттенме тариздөө сунушталсын.

3. Белгиленген мөөнөттөрдө 2-пункт аткарылбаган учурда «Ош-Фарм-

Ка» АТАКы ушул токтомдо каралган мөөнөттү узартуу укугун жоготот.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
