# Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 28-мартындагы №88 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 28-мартындагы №88 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12024/edition/368964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 28-мартындагы №88 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө" Токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58181

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2007-жылдын 28-марты № 88

Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін Токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

2007-жылдын 6-февралындагы № 12 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин башкаруу схемасы;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндө жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин кызматкерлеринин

жогорку штаттык саны 1200 бирдик санында (тейлөөчү персоналды кошпогондо),

алардан: борбордук аппаратта - 160 бирдик, структуралык аймактык

подразделениелерде - 1040 бирдик санында белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде төраганын эки, анын

ичинде бир биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын

бажы кызматынын алдында бажы кызматынын өкүлү болсун.

4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен тийиштүү

жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

в) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду

жөнүндө жободо:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» жана «Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген

сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» жана «Мамлекеттик бажы

комитети» деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

- бүткүл текст боюнча «директор» деген сөз «төрага» деген сөз тийиштүү

жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«З. Фонд бажылык тариздөө, бажылык коштоо жана алдын ала чечимдерди кабыл

алуу үчүн түшкөн бажылык жыйымдардан чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.»;

- 6-пунктта:

алтынчы абзац «иш-чаралар» деген сөздөн кийин «, сувенирлерди, эстелик жана

баалуу белектерди сатып алууга» деген сөздөр менен толукталсын;

тогузунчу абзац «анын ичинде медициналык тейлөөгө» деген сөздөрдөн кийин «,

кызмат өтөө учурунда дуушар болгон ооруларды дарылоо» деген сөздөр менен

толукталсын;

«г» пунктчасы «туугандары» деген сөздөрдөн кийин «баланын төрөлүшүнө,

никеге турууга, кызматкерлердин жана жумушчулардын юбилейлик даталарга толушуна

(50, 60 жыл) байланыштуу» деген сөздөр менен толукталсын;

«д» пунктчасы «Кыргыз Республикасы» деген сөздөрдөн кийин «кызматкердин

өлгөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү, кызматкер өлгөн

учурда анын балдарына жогорку окуу жайларында (окуунун күндүзгү формасы) окуу

үчүн төлөө» деген сөздөр менен толукталсын.

5. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциянын

маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы

№ 72 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын

желеги жана символикасы жөнүндө жобонун аталышында «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийим формасы

жана мүлктүк үлүш нормалары жөнүндө жободо «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору» деген сөздөр «Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы» деген сөздөр менен

алмаштырылсын.

6. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

27-июлундагы №539 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер министр А. Исабеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 28-мартындагы

№ 88 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы

комитетинин башкаруу

СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| комитетинин борбордук аппараты |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  | Россия Федерациясынын бажы |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  | кызматына караштуу Кыргыз |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  | Республикасынын бажы |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  | кызматынын өкүлчүлүгү |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Бишкек |  |  | "Манас" |  | Токмок |  |  |  | Кара-Балта |
| бажысы |  |  | бажысы |  | бажысы |  |  |  | бажысы |
| "Бишкек" эркин |  | Түндүк региону |  |  | "Түндүк" темир |  |  |  |  |
| экономикалык |  | боюнча оперативдүү |  |  | жол бажысы |  |  |  |  |
| зонасы" бажысы |  | бажысы |  |  |  |  |  |  |  |
| Ысык-Көл |  | Нарын |  | Талас |  |  | Ош |  |  |
| бажысы |  | бажысы |  | бажысы |  |  | бажысы |  |  |
| Жалалабат |  | Баткен |  | "Түштүк" |  |  | Энергетикалык |  |  |
| бажысы |  | бажысы |  | оперативдүү |  |  | бажысы |  |  |
| ----------- ------------ | бажысы |  | \--------------- |  |  |  |  |  |  |
| Кинологиялык |  | Лабораториялар |  | Окуу борбору |  |  |  |  |  |
| кызматы |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
