# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12022/edition/351889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (29.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58178

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 26-марты №86

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министрлигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы №12 «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы №96 «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө»

Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана

отун ресурстары министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз

Республикасыньш Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министрлигинин башкаруу схемасы.

1-1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси министр менен макулдашуу боюнча министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн бел- гиленген штаттык сандын чегинде бекитүүгө жана өзгөртүүгө укук берилсин. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы N 326 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун

ресурстары министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук

актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштен чыксын жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-январындагы №36

«Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин

маселелери жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр А.Исабеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 26-мартындагы

№ 86 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика

жана отун ресурстары министрлигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы N 326 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика |  |  |
| --- | --- | --- |
| жана отун ресурстары министрлиги |  |  |
| Борбордук аппарат |  |  |
| Министрликтин алдындагы |  | Чарбакер субъекттер: |
| ведомстволук органдар: |  |  |
| Өнөржайэнерминге караштуу |  | Көмүр, кен казып алуу, кайра |
| отун-энергетикалык комплексти |  | иштетүүчү өнөр жай, машина куруу |
| жөнгө салуу боюнча мамлекеттик |  | ишканалары, курулуш материалдар |
| департамент |  | өнөр жайы, жењил өнөр жай, |
| \-------------------------------- | отун-энергетикалык комплекс |  |
| \-------------------------------- | ишканалары, анын ичинде: |  |
| Өнөржайэнерминге караштуу |  | "Кыргызалтын" АКы, "Кумтор голд |
| энергетика жана газ боюнча |  | компании" БИси, |
| мамлекеттик инспекция |  | "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКы, |
| \-------------------------------- | "Хайдаркан сымап АКы", "КГРК" ААКы, |  |
| \-------------------------------- | "Дастан" ААКы, "ЬМЗ" ААКы, |  |
| "Энергия" Кыргыз |  | "БШЗ" МИси, "КЦШК" ААКы, |
| илимий-техникалык борбору |  | "Интергласс" ЖЧКсы, "МСЭЛЗ" ААКы, |
| (КИТБ) |  | "Кыргызнефтегаз" ААКы, |
| \-------------------------------- | "Баткеннефтегаз" ААКы, |  |
| \-------------------------------- | "Кристалл" АКы, "Темир" МИси, |  |
| Энергиянын калыбына |  | "НЭСК" ААКы, "Электр станциялары" |
| келтирилүүчү булактары боюнча |  | ААКы, "Түндүкэлектр" ААКы, |
| Кыргыз ассоциациясы |  | "Чыгышэлектр" ААКы, |
| \-------------------------------- | "Жалалабатэлектр" ААКы, |  |
| \-------------------------------- | "Ошэлектр" ААКы, "Кыргызгаз" ААКы, |  |
| "Энергодолбоор" Кыргыз |  | "Бишкекжылуулуктармактары" ААКы, |
| мамлекеттик инженердик- |  | "Бишкекжылуулукэнерго" КИси, |
| долбоордук изилдөө институт |  | жана |
| (КМИДИИ) |  | башкалар. |
| Кызылкыя тоо-кен-технологиялык |  |  |
| колледжи |  |  |
| "Көмүр" мамлекеттик ишканасы |  |  |
| Кыргызтуракжайкоммунсоюз |  |  |
