# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12016/edition/327232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтому (17.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58170

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-марты № 78

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын

мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-мартындагы

№ 49 буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин

жыйынтыгын карап чыгып, "Кристалл" акционердик коомунун

акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти

менчиктештирүу программаларынын жана жол-жоболорунун чегинен

сырткары сатуунун негиздерин жана кырдаалдарык, ошондой бул маселе

боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын

аткарбоонун себептерин жана натыйжаларын аныктоо боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун

ресурстары министрлиги:

- мурдагы болгон бардык соттук чечимдер боюнча үч күндүк

мөөнөттүн ичинде тийиштүү сот органдарына даттансын;

- "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик

пакетин сатуу маселесинде мамлекеттик кызыкчылыктарды толук коргоо

боюнча токтоосуз чараларды көрсүн.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл

жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарынын

экономикалык иштер боюнча соттук аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн

соттук аткаруучусунун "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын

мамлекеттик пакетине ачык тоорук өткөрүү жөнүндө токтомун жокко

чыгаруу максатында токтоосуз сот органдарына кайрылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Кристалл"

акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жол-

жобосуна тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо сунуш

кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты "Кристалл"

акционердик коомунун активдерин мамлекеттин карамагына өткөрүп

берүү механизмдерин иштеп чыгуу, активдерди реалдуу баалоо,

ннвесторлорду тартууга Кыргыз Респубпикасынын кызыкчылыктарында

тооруктарды өткөрүү жана өндүрүш кубаттуулугун калыбына келтирүү

максатында Кыргыз Республикасынын финансы ыннистри А.ү.Жапаровдун

башчылыгы менен жумушчу комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин буйругун даярдасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Исабеков
