# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө» 2003-жылдын 6-июнундагы №329 токтомуна өзгјртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө» 2003-жылдын 6-июнундагы №329 токтомуна өзгјртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12013/edition/977003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө» 2003-жылдын 6-июнундагы №329 токтомуна өзгјртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58166

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 12-марты N 74

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы N 329 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" 2005-жылдын 30-декабрындагы N 639 токтомуна, "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" 2006-жылдын 30-июнундагы N 473 токтомуна, "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 702 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук базаны, республиканын калкынын саламаттыгын сактоого багытталган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун андан ары өнүктүрүү, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо, калктын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү продукцияны керектөө рыногуна чыгарбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы N 329 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүлүүчү продукциянын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;

- аталган токтом менен бекитилген Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча продукцияны санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Экспертизага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы N 329 токтому менен бекитилген Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүлүүчү продукциялар тийиштүү";

- 10-пункттун 2-абзацы "продукция" деген сөздөн мурда "тамак-аш азыктарынан, анын ичинде жаңы технология боюнча даярдалган жана/же сырьенун мурда пайдаланылбаган түрлөрүнөн жана башка компоненттерден даярдалган азык-түлүк сырьелорунан башка" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пункттун төртүнчү абзацындагы "продукция өндүрүүнүн шарттары боюнча" деген сөздөр "курулган жана реконструкцияланган объектилерди ишке берүү жөнүндө, иштеп жаткан объектилердин санитардык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык нормативдерге туура келиши жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10-пункттун сегизинчи абзацы алып салынсын;

- 10-пункттун тогузунчу абзацы "адамдын" деген сөздөн кийин "(эгер бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пунктунун он экинчи абзацы "курамы жана колдонуу шарттары боюнча" деген сөздөрдөн кийин "өндүрүп чыгарган заводдон алынып келингенде гана" деген сөздөр менен толукталсын;

- 12-пунктта "Жаңыдан иштелип чыгарылып жаткан ата-мекендик продукция үчүн, ошондой эле кошумча изилдөө жүргүзүү зарыл болгондо продукцияны экспертизалоо мөөнөтү үч айга чейин узартылышы мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;

- "III. Өндүрүү шарттарын изилдөө менен продукцияны экспертизалоо" деген III бөлүмдүн аталышы алып салынсын;

- 15-16-пункттар алып салынсын;

- 17-пунктта "мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүдө" деген сөздөр алып салынсын;

- 17-21-пункттар тиешелүү түрдө 15-19-пункттар деп эсептелсин.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- "Продукциянын жаңы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип чыккан жана колдонууга киргизилген) өндүрүүгө, колдонууга (пайдаланууга), калкка сатууга, жаңы технологиялык процесстерге, Кыргыз Республикасынын аймагында продукция өндүрүүгө, алып келүүгө санитардык-эпидемиологиялык корутундунун" бланкасынын формасы;

- "Курулган жана реконструкцияланган объектилерди ишке берүү жөнүндө, иштеп жаткан объектилердин санитардык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык нормативдерге туура келүүсүнө санитардык-эпидемиологиялык корутундусунун" бланкасынын формасы.

3. Бул токтом Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Исабеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы N 74 токтомуна тиркеме

Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүлүүчү продукциянын ТИЗМЕСИ

1. Тамак-аш кошундулары, биологиялык активдүү кошундулар, байытылган тамак-аш азыктары.

2. Тамак-аш азыктары, анын ичинде жаңы технология боюнча даярдалган жана/же сырьенун мурда пайдаланылбаган түрлөрүнөн жана башка компоненттерден даярдалган азык-түлүк сырьесу.

3. Башталгыч жалпы жана кесиптик билим берүү үчүн окуу китептери.

4. Ичүүчү сууну даярдоо жана тазалоо үчүн колдонулуучу реагенттер.

5. Ичүүчү сууну толук тазалоого арналган тиричилик түзүлүштөрү.

6. Курулуш материалы катары пайдаланылуучу табигый же жасалма радионуклиддерди камтыган өндүрүштүн калдыктары.

7. Дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дератизациялык каражаттар (ветеринарияда колдонулгандан башкалары).

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр Т.Табылдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы N 74 токтому менен бекитилген

Герб

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ

МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ

────────────────────────────────────────────────────────────────────── (административдик аймактын аталышы)

Коду\_\_\_N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

200\_жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Курулган жана реконструкцияланган объектилерди ишке берүү жөнүндө, иштелип жаткан объектилердин санитардык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык нормативдерге туура келүүсүнө

(керектүүсүнүн алдын чийүү керек)

САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(объектин аталышы, мекеме) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (дареги, таандыгы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Берилген документтер:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Стат.мекемелер тарабынан берилген мамлекеттик \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ каттоо жөнүндө күбөлүгү (N, берилген күнү, аймактык орган) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чечим, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын буйругу (N, берилген күнү, аймактык бирдик) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ менчик укугун ырастоочу документтер, ижара боюнча келишим (N, берилген күнү, берген орган) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ техникалык жана технологиялык документтер (ТШ, ТК) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ санитардык текшерүүнүн акты (датасы, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык аймактык орган)

3. Объектти текшерүүнүн жана берилген документтерди экспертизалоонун жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

3.1. Курулушу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

атайын курулуш, ылайыкташылган, реконструкцияланган

3.2. Бөлмөлөрдүн тизмеси:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3.3. Бир жумуш орунга туура келген аянт\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

нормасы 4,5 кв.метрден кем эмес аныгы

бийиктиги\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ нормасы 3 метрден кем эмес аныгы

3.4. Бөлмөлөрдүн ички жасалгасы:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(өндүрүш түрүнө туура келет)

3.5. Суу менен камсыздыгы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

борборлоштурулган, жергиликтүү, ташып келинме

3.6. Ысык суу менен камсыздыгы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

борборлоштурулган, жергиликтүү, электржылыткычы

3.7. Канализациясы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

борборлоштурулган, жергиликтүү

3.8. Желдетүүсү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

табигый, тартуучу-соруучу, тартуучу

3.9. Жарык кылынуу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

табигый, жасалма

3.10. Жылытуу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

борборлоштурулган, жергиликтүү

3.11. Санитардык тиричилик бөлмөлөрү:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

гардероб, душ бөлмөсү, дараткана, жуунчу бөлмө

3.12. Медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымат:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Объект талаптарга туура келет \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(туура келбейт): нормативдик документация (кереги жогун чийүү керек) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ аймактын аталышы

МАКУЛДУГУН БЕРЕТ (БЕРБЕЙТ) \_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кереги жогун чийүү керек) (объекттин, ишкананын аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Бул корутунду: 200\_ жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_ чейин жарактуу.

Башкы Мамлекеттик санитардык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дарыгер (орун басары) колу (Аты-жөнү) (чийүү керек)

М.О.

Өндүрүшкө талап кылынган санитардык эрежелеринин жана нормалар сакталбаган учурда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары санитардык-эпидемиологиялык корутундуну аныкталган тартип бузуулар жоюлганга чейин кайра сурап алат. Үзүндү: Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы, 53-ст. "Санитардык мыйзамдарды бузуудан улам келтирилген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик": "Санитардык мыйзамдарды бузуудан улам жарандын инсандыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын, ошондой эле юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыян келтирген жаран же юридикалык жак тарабынан толук көлөмдө толтурулуп берилүүгө тийиш". Тааныштым (санитардык-эпидемиологиялык корутундуну алуучунун колу):

Аты-жөнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу жок болсо жараксыз)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы N 74 токтому менен бекитилген

Герб

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ

МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ

| Коду\_\_\_\_N\_\_\_\_\_\_\_\_ белгиси | коргоо | 200\_-жылдын "\_\_"\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| --- | --- | --- |

Продукциянын жаңы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип чыккан жана колдонууга киргизилген) өндүрүүгө, колдонууга (пайдаланууга), калкка сатууга, жаңы технологиялык процесстерге, Кыргыз Республикасынын аймагында продукция өндүрүүгө, алып келүүгө

САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ

Бул продукция:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык эрежелерге жана нормативдерге туура келери жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсүнө, алып чыгуусуна, өндүрүшүнө, колдонулууга жана сатууга уруксат берилери күбөлөндүрүлөт (керектүүсүн алдын чийүү керек). Санитардык-эпидемиологиялык корутундуну алуучу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (уюм, өтүнүүчүнүн аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (юридикалык дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Партиясы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (саны, продукциянын реквизиттери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өндүрүп чыгарган мекеме:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өндүрүп чыгарган фирманын аталышы, өлкөсү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Продукция\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (нормативдик жана технологиялык документация, ГОСТтор) туура келет\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Бул корутунду төмөнкүлөрдүн негизинде берилди: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (санитардык эпидемиологиялык экспертизанын маалыматтары) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Продукциянын гигиеналык мүнөздөмөсү:

| Көрсөткүчтөр (заттар, факторлор) | Изилдөөнүн жыйынтыгы | Гигиеналык нормативдер (СанЭжанаН, ММД, КЧМ.) |
| --- | --- | --- |

Колдонулуу областы:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колдонулууга, сактоого, ташууга жана коопсуздук чараларынын керектүү шарттары: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Бул санитардык-эпидемиологиялык корутунду 200\_жылдын "\_\_"\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейин жарактуу.

Жетекчи \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу (Аты-жөнү)

М.О.

Эскертүү: Продукцияны өндүрүүдө, сактоодо, сатууда же колдонууда санитардык эрежелер жана нормалар бузулган учурларда санитардык-эпидемиологиялык экспертизадан өткөн санитардык эпидемиологиялык корутунду Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборлору тарабынан кайта сурап алынат.
