Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 1-марты № 71
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер»
категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык
жана Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнуктүрүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер
боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз
Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ташдөбө айылдык
кењешинин аймагындагы жеке менчик укугунда Кыргыз Республикасынын
жарандары А.Б.Кошоевге жана С.С.Жумашевге таандык 1,53 га сугат
айдоосун жана 10,54 га кайрак айдоосун турак жай комплексин куруу
үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу
конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл
алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик
администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы
пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта,
социалдык-маданий багыттагы объектилерди жана инженердик
коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга
пландоочу жана жумушчу документтерди иштеп чыксын;
- участкага курулуш куруу бекитилген архитектуралык-шаар куруу
документтерине жана Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнүн толук пландоо
долбооруна ылайык жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү
өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.