# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12007/edition/327215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтому (08.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58154

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-февралы № 67

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын түзүмү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 8-майындагы

№ 154 токтомуна ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясына жана

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) өз-

гөртүлүп кайра түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Өкмөттүн Аппаратынын 117 бирдиктен турган штаттык саны;

- тиркемеге ылайык Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошогон кызматкерлер-

ди ишке орноштурууга байланыштуу маселелерди чечсин;

- Өкмөттүн Аппаратынын кызмат орундарынын тизмесин Кыргыз Респуб-

ликасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө үч күндүк мөөнөттө киргизсин.

- Өкмөттүн Аппараты жөнүндө жобону бир жумалык мөөнөттө иштеп чык-

сын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелери жөнүндө жобону

бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистринин бекитүүсүнө киргизсин;

Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин ортосундагы иш

милдеттерин кайра бөлүштүрсүн жана жањы түзүмүн эске алуу менен алардын

карамагындагы чөйрөлөрдүн маселелерин аныктасын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн 2005-жылдын 5-ноябрындагы № 515 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмүнө

толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-декабрындагы № 571 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-майындагы № 364 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 484 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы № 820 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 847 токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппарат жетекчисине - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Исабеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 8-майындагы

№ 154 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

СТРУКТУРАСЫ

| Кыргыз Республикасынын |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| \-------- | Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - | \-------- |  |  |
|  | министр |  |  |  |
| Кыргыз Республикасынын |  | Кыргыз Республикасынын |  |  |
| Өкмөтүнүн Аппарат | \----------------------- | Өкмөтүнүн Аппарат |  |  |
| жетекчисинин биринчи | \---------------------- | жетекчисинин орун |  |  |
| орун басары |  | Кыргыз |  | басары |
| \------------------------ | Республикасынын | \------------------------ |  |  |
| \------------------------ | Өкмөтүнүн Кыргыз | \------------------------ |  |  |
| Иш кагаздарын жүргүзүү |  | Республикасынын |  | Мамлекеттик кызмат |
| жана контролдоо |  | Жогорку Кењешиндеги |  | жана жергиликтүү өз |
| башкармалыгы |  | Туруктуу өкүлү |  | алдынча башкаруу |
| \---------------------------------------------- | органдары |  |  |  |
| \---------------------------------------------- | башкармалыгы |  |  |  |
| Социалдык өнүктүрүү |  | Кыргыз | \------------------------ |  |
| жана маалымат |  | Республикасынын | \------------------------ |  |
| башкармалыгы |  | Премьер-министринин, |  | Реалдуу сектор |
| \------------------------ | вице-премьер- |  | башкармалыгы |  |
| \------------------------ | министрлеринин | \------------------------ |  |  |
| Коргонуу, укуктук |  | секретариаты | \------------------------ |  |
| тартип жана | \---------------------- | Финансы-экономика |  |  |
| коопсуздук бөлүмү | \---------------------- | башкармалыгы |  |  |
| \------------------------ | Эл аралык | \------------------------ |  |  |
| \------------------------ | кызматташуу бөлүмү | \------------------------ |  |  |
| Укуктук экспертиза | \---------------------- | Региондук проблемалар |  |  |
| бөлүмү |  | бөлүмү |  |  |
| Маалыматтык камсыздоо |  | Агрардык өнүктүрүү |  |  |
| бөлүмү |  | бөлүмү |  |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр К.Базарбаев
