# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 61 "Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программа тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 61 "Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программа тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11998/edition/879779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 61 "Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программа тууралуу" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58145

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-февралы № 61

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек

коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу

боюнча 2007-2009-жылдарга карата

программа тууралуу

"Айыл чарбасындагы эмгектин коопсуздугу жана гигиенасы жөнүндө Эл

аралык эмгек уюмунун 184-конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Тиркелген Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун

жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программа бе-

китилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдары:

- Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарт-

тарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программаны жетекчи-

ликке алышсын жана аткарышсын;

- отчеттук жылдан кийинки айдын 30-күнүнө карата Кыргыз Республи-

касынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине программаны атка-

руунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-

рлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек

коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата

программадан келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө су-

нуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү мезгилге карата мый-

зам долбоорлоо иштеринин планынын долбооруна киргизүү үчүн Кыргыз Рес-

публикасынын Адилет министрлигине берсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Исабеков
