Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2005/2006-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2006/2007-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 августа 2007 года № 307 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2006/2007 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2007/2008 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-08-02.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 2-августундагы № 307 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 14-февралы № 57
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана
калкынын 2005/2006-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун
жыйынтыктары жана 2006/2007-жылдагы күз-кыш мезгилге
даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомун аткаруунун жүрүшү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-
тер, администрациялык ведомстволор, облустардын жергиликтүү мамлекеттик
администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча
башкармалыктары, ошондой эле республиканын отун-энергетика комплексинин
ишканалары тарабынан "2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинин өтүү жый-
ынтыктары жана Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын
2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомун аткаруу бо-
юнча бир кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
Жер-жерлерде уюштуруу-техникалык иш-чаралар иштелип чыгып, кышкы
мезгилде иштөөгө даярдык боюнча туруктуу иштөөчү штабдар жана жылытуу
от казандарынын даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссиялар түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын
2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык
штабдын заседаниелеринде даярдык мөөнөттөрүнөн артта калуу белгиленип,
министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, облустардын мамле-
кеттик администрацияларынын жана энергокомпаниялардын жетекчилерине ай-
кын тапшырмалар берилген.
"Каракече" кенинде түзүлгөн кырдаал жергиликтүү көмүрлөрдү берүү
боюнча белгиленген тапшырмаларды толугу менен аткарууга мүмкүндүк бер-
бей жатат. Кенде көмүр казып алуу 2006-жылдын 11 айында болгону 61,7
мињ тоннаны же өткөн жылдын дењгээлине карата 47,5 процентти, алардан:
"Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) - 38,6
мињ тоннаны, "Ак-Улак разрези" мамлекеттик акционердик коому (мындан
ары - МАК) - 7 мињ тоннаны, "Шарбон" жабык акционердик коому (мындан
ары - ЖАК) - 8 мињ тоннаны, "Демилге Плюс ЛТД" ЖЧКсы - 0,5 мињ тоннаны,
"Ак-Жол" акционердик коому (мындан ары - АК) - 7 мињ тоннаны түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Капиталдык салымдар"
статьясы боюнча каралган 3,5 млн. сом бюджеттик каражаттан көмүр казып
алуучу ишканаларга 3,5 млн. сом же жылдык сумманын 100 процентин бөл-
гөн.
20 проценттик алдын ала төлөөнү, өткөн жылытуу сезону үчүн карызды
төгүүнү кошо алганда көмүр даярдоо боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн өт-
көн жылытуу сезонунда 30,2 млн. сом, анын ичинде: Кыргыз Республикасы-
нын Саламаттык сактоо министрлигине - 989,5 мињ сом (100%), Кыргыз Рес-
публикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - 1,57 млн. сом
(100%), Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - 11 млн. сом
(100%), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - 1,73 млн. сом
(100%), Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-
лигине -1,6 млн. сом (90,3%), Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына -
8,3 млн. сом (95,5%) бөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объекттерине 3,7 мињ
тонна көмүр же тапшырманын 35 проценти, Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлигинин объекттерине - 8 мињ тонна көмүр (93%), Кыр-
гыз Республикасынын Чегара кызматына - 5,9 мињ тонна (74%), жергиликтүү
бюджеттин балансында турган мектептерге - 52,9 мињ тонна (83%) көмүр
жеткирилген.
Республиканын бардык облустарында калкка көмүр сатуу боюнча пункт-
тардын иштери калыбына келтирилген. 2006-жылы республиканын калкына 558
мињ тонна көмүр же белгиленген тапшырманын 102 проценти берилген.
Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр даярдоо тапшырмада белгиленгенден ке-
чигүү менен жүргүзүлгөн (83%). Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча
башкармалыгы Бишкек шаарынын ТЭЦине Каракече жана Ташкөмүр көмүрлөрүн
ташуу үчүн 14 млн. сом же 78 процентин которушкан. Бирок, "Көмүр" мам-
лекеттик ишканасы (мындан ары - МИ) көмүрдү кем бергендигине байланыш-
туу "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) акы-
ны көмүр берүү фактысы боюнча жүргүзүүдө.
Бишкек шаарынын ТЭЦинде жагуучу мазуттун запастары 2006-жылдын
1-декабрындагы абал боюнча 2,1 мињ тоннаны түзөт, бул өткөн жылдагы
дењгээлден 0,1 мињ тоннага көп.
Бөлүштүрүүчү электр компанияларынан акча каражаттар жетишсиз түш-
көндүктөн "Электр станциялары" ААКы электр станциялардын жабдууларын
капиталдык ремонт жүргүзүү планын (66%) жана капиталдык салымдар планын
(31%) аткаруу графигинен артта калууга жол берген.
Бишкек шаарынын ТЭЦинде 24 от жаккыч агрегаттардан 6сы гана ка-
нааттандырарлык абалда. Техникалык жактан канааттандырарлык эмес абалда
турган, бирок эптеп иштеп жаткандар - 4, ремонттогусу - 3, иштебей тур-
ганы - 10.
Бишкек шаарынын ТЭЦине оњдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуу
каржылоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы 11,7
млн. сом же 78 процентин которгон.
Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарла-
рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, бөлүштүрүүчү компаниялар
тарабынан электр энергиясынын коромжулуктарынын дењгээлин азайтуу боюн-
ча көрүлгөн чаралардын натыйжасында тармактарда алардын дењгээлин айрым
азайтуу (1,8%ке) болуп өттү. Бирок, электр энергиясынын коромжулуктары
али да болсо жогору бойдон калууда (37,2%). Алсак, "Түндүк электр" АА-
Кында коромжулуктар өткөн жылдагы дењгээлден 0,7 процентке азаюу менен
40 процентти, "Чыгыш электр" ААКында - 37 процентти (-1%), "Ош электр"
ААКында - 32,8 процентти (-3%) жана "Жалалабат электр" ААКында - 32,5
процентти (- 5,9%) түздү.
Бөлүштүрүүчү электр компаниялары өткөн жылга салыштырмалуу керек-
телген электр энергиясы үчүн дебитордук карызды азайтууга жетишкен жок.
Электр бөлүштүрүүчү компанияларга керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы
2,9 млрд. сомду түзүп, 335 млн. сомго же өткөн жылдын ушундай мезгилине
салыштырганда 13 процентке көбөйдү. Мында калктын карызы 231 млн. сомго
же 13 процентке көбөйдү жана 2 млрд. сомго жетти. Бюджеттик уюмдардын
карызы 112 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 44 млн. сомго
көбөйдү.
"Электр станциялары" ААКына жана "Кыргызстандын улуттук электр
тармактары" ААКына бөлүштүрүүчү электр компанияларынын карыздарынын
өсүшү ушул жылдын башынан бери тийиштүүлүгүнө жараша 402,5 млн. сомду
жана 224,5 млн. сомду түздү.
Бөлүштүрүүчү электр компаниялары тиричилик керектөөчүлөрүн электр
энергиясы менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүү
жагынан тапшырманы аткарышкан жок.
Борбордоштурулган жылуулук менен жабдуудан баш тартышкан жана жы-
лытуу жана ысык суу менен жабдуу максаттары үчүн электр энергиясын кол-
донушкан керектөөчүлөр жайгашкан райондордогу колдонуудагы электр тар-
мактарын күчөтүү боюнча иштер тийиштүү дењгээлде жүргүзүлбөй жатат. Ал-
сак, Бишкек шаары боюнча кошумча төрт трансформатордук подстанция же 30
проценти орнотулган, 12 трансформатор пландаштырылса, анын күч келип
кеткен 3 гана трансформатору алмаштырылган.
Ош шаары боюнча пландаштырылган 5 трансформатордун ордуна күч кел-
ген 9 трансформатор алмаштырылган.
Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципал-
дык ишканасынын каражаттарынын жоктугунан тышкы электр менен жабдуу
схемасын категориялуулук боюнча электр жабдуулар түзүлүшүнүн эрежелери-
нин талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлбөйт.
Ушундай эле себептен Чүй, Жалалабат облустарынын мамлекеттик адми-
нистрациялары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы
Кыргызтуракжайкоммунсоюз жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишка-
насы менен бирдикте газ от казандарын отундун альтернативалуу түрүнө
өткөрүү боюнча иштерди жүргүзө албай жатышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өк-
мөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 3-июлунда кол коюлган 2006-жылы жана
2007-жылдын биринчи кварталында сууэнергетика ресурстарын колдонуу жө-
нүндө эки тараптуу Протоколго ылайык казакстан тарап вегетация мезги-
линде Бишкек шаарынын ТЭЦине жагуучу 15 мињ тонна мазут жана 630 мињ
тонна көмүрдү утурлап берүү эсебине 1,1 млрд. кВтс кыргыз электр энер-
гиясын алууга милдеттенген. Иш жүзүндө 2006-жылдын 1-апрелинен 1-декаб-
рына чейинки мезгилинде 494 мињ тонна көмүр берилген.
Электр энергиясынын экспорту 2006-жылдын 1-декабрдагы абал боюнча
2,3 млрд. кВтс түздү. Бул өткөн жылдагы дењгээлден 190,2 млн. кВтс аз,
анын ичинде Казакстан Республикасына - 2 млрд. кВтс түзгөн.
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКы тарабынан Жалалабат
облусунда 220 кВ "Октябрьская" подстанциясын реконструкциялоо боюнча
иштер жүрүүдө.
Бөлүштүрүүчү компанияларда электр өткөргүч линияларын капиталдык
оњдоо жана подстанцияларды электр менен жабдуу планы 2006-жылдын 11
айында 64 процентке аткарылган. Мында капиталдык салымдардын планы
2006-жылдын 1-декабрындагы абал боюнча 66 процентке аткарылган. Капи-
талдык салымдарды өздөштүрүү боюнча артта калуу 2006-жылга электр энер-
гиясына тарифти эсептөөгө салынган капиталдык салымдардын көлөмү Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-
даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан өзгөртүлүшүнө
байланыштуу.
Жылуулук тармактарын капиталдык ремонттоо жана капиталдык салым-
дарды өздөштүрүү планы "Бишкекжылуулуктармагы" ААКы тарабынан графикке
ылайык жүргүзүлүүдө.
Азыркы убакта "Кыргызгаз" ААКнын "КазТрансГаз" АКсына карызы 16,9
млн. АКШ долларын, газдын транзити үчүн "Интергаз Борбордук Азия" АКсы-
на карызы 1,7 млн. АКШ долларын түзөт. "Узтрансгаз" акционердик коомуна
алдын ала төлөөгө "Кыргызгаз" ААКы 336 млн. сом өлчөмүндө кредит алган.
Жарандардын жењилдетилген категориялары жана кирешеси 1 адамга
эсептегенде 350 сомго чейинки аз камсыздалган үй-бүлөлөргө компенсация
боюнча керектелген электр энергиясы үчүн жењилдиктерди каржылоо
2006-жылдын 1-декабрдагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы ми-
нистрлиги тарабынан 94 процентке, керектелген жаратылыш жана суюлтулган
газ үчүн - 69 процентке, берилген көмүр үчүн (акчалай компенсация) 103
процентке аткарылган.
2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отунэнерге-
тика комплексинин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын ТЭЦиндеги энергожабдууларды оњдоо боюнча тап-
шырмаларды аткаруу мөөнөтүн сактабагандыгы белгиленсин.
2. Төмөнкүлөрдүн жетишсиз иштери жана тапшырманы аткаруу мөөнөтүн
үзгүлтүккө учураткандыгы белгиленсин:
- көмүр даярдоо боюнча - Кыргыз Республикасынын бардык министрлик-
тери менен ведомстволорунун, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын мам-
лекеттик администрациялары, Ош шаарынын мэриясынын;
- керектелген электр-жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн
дебитордук карызды азайтуу боюнча - бардык облустардын мамлекеттик ад-
министрацияларынын, Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча баш-
кармалыктары жана энергокомпанияларынын.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек
жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын, "Электр
станциялары" ААКынын, бөлүштүрүүчү электр компанияларынын, "Көмүр" МИ-
нин, "Кыргызнефтегаз" ААКынын, Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жетекчилери-
не 2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде электр жана жылуулук энерги-
ясын берүүдө үзгүлтүктөргө жол беришкен учурда аларга эњ катуу админис-
трациялык чаралар көрүлө тургандыгы эскертилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине отчет-
тук жылга жана 2010-жылга чейинки келечекке отун-энергетикалык балансты
жыл сайын иштеп чыгууну камсыз кылсын.
5. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ош
электр" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүү
сунушталсын:
- борбордоштурулган жылуулук менен жабдуудан баш тартышкан, жылы-
туу жана ысык суу менен жабдуу максаттарында электр энергиясын колдо-
нушкан керектөөчүлөр турган райондордогу иштеп жаткан электр тармакта-
рынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле тиричилик керектөөчүлөр
менен электр энергиясын жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим-
дерди түзүү иштерин аяктоо;
- "Электр станциялары" ААКына жана "Кыргызстандын улуттук электр
тармактары" ААКына карыздарды жоюу;
- зарыл ремонт иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомуна № 16 тиркемеге ылайык тар-
мактарды куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди аяктоо.
6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш
кылынсын:
- белгиленген электр жана жылуулук оорчулуктарын көтөрүү үчүн Биш-
кек шаарынын ТЭЦинде жана Ош шаарынын ТЭЦинде зарыл ремонт иштерин мөө-
нөтүндө аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-
дын 24-майындагы № 379 токтомуна № 14 жана № 15 тиркемелерге ылайык
электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун зарыл көлөмүн камсыз кы-
луу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379
токтомунун № 11 тиркемесине ылайык белгиленген тапшырмага жараша Бишкек
шаарынын ТЭЦине сапаттуу жергиликтүү жана казакстандын көмүрүн өз учу-
рунда берүүнү камсыздоо;
- "Кыргызнефтегаз" ААКы менен бирдикте берүүлөрдүн фактысы боюнча
акы төлөө менен Ош шаарынын ТЭЦине мазут берүүлөр боюнча артта калууну
кыска мөөнөттөрдө жоюу жана графикке ылайык жагуучу мазут берүүнү кам-
сыздоо;
- 3,5 мињ тонна көлөмдө Ош шаарынын ТЭЦи үчүн мазутка алмашуу ме-
нен "Жылуулуккоммунэнерго" Каракол ишканасынын жана "Жылуулук" ишкана-
сынын муктаждыктары үчүн Кыргызтуракжайкоммунсоюзга Б-3 маркасындагы 25
мињ тонна көлөмүндө көмүр берүүнү ишке ашыруу;
- 2007-жылдын I кварталында Токтогул ГЭСинде 500 кВ Л-509 реакто-
рунун фазасын ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү.
7. Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын ТЭЦине керектелген жылуулук
энергиясы үчүн карыздарды жоюу графигин түзсүн жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө киргизсин.
8. Кыргызтуракжайкоммунсоюз 2007-жылдын мартына чейин Ош шаарынын
ТЭЦине 3500 тонна жагуучу мазут берүүнү ишке ашырсын.
9. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканын калкы үчүн
тиричиликтик газ эсептегичтерди орнотууну аяктоо боюнча чараларды көрүү
сунуш кылынсын.
10. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентти-
ги менен бирдикте иштердин түрлөрүнө лицензия алышкан көмүр ишканалары
боюнча жана алардын лицензиялык макулдашуу жагындагы милдеттенмелерди
аткарышы жөнүндө 2007-жылдын мартына чейин маалымат берсин.
11. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат
электр" ачык акционердик коомдоруна Кыргыз Республикасынын Финансы ми-
нистрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине
2006-жылдагы табигый кырсыктардын натыйжасында бузулуп зыянга учураган
объекттерди калыбына келтирүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча атка-
рылган иштер тууралуу маалымат берүү сунушталсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бир-
дикте республиканын автожолдорундагы кар жана жер көчкүлөрү жүрүшү
кооптуу участоктор боюнча маалымат даярдасын.
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- электр энергиясын керектөө лимитин бекиткенде республиканын мек-
тептеринде кенже класстын окуучулары үчүн ысык тамакты уюштурууга бай-
ланыштуу аларды көбөйтүүнү эске алсын;
- "Мамлекеттик жөнгө салуу" статьясы боюнча "Кыргызгаз" ачык акци-
онердик коомунун чыгымдарын төмөнкүдөй каржылоону камсыз кылсын:
- 2005-жылдын IV кварталы жана 2006-жылдын биринчи жарымы үчүн -
2007-жылдын 1-апрелине чейин;
- 2006-жылдын III кварталы үчүн - 2007-жылдын 1-майына чейин,
2006-жылдын IV кварталы үчүн - 2007-жылдын 1-июлуна чейин;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карыздарын жоюу максатында
жаратылыш газынын бюджеттик керектөөчүлөрүн каржылоону жана
2006/2007-жылдын жылытуу мезгилинде жаратылыш газы үчүн өз учурундагы
төлөмдөрдү камсыз кылсын;
- газга баанын жогорулашын эске алуу менен бюджеттик керектөөчү-
лөргө жаратылыш газы үчүн 2007-жылдын республикалык бюджетинде кошумча
сарптоолорду карасын.
14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүштүрүүчү
электр тармактарынын бөлүгүн реконструкциялоого катышсын;
- жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү боюнча бардык таламдаш тарап-
тардын катышуусу менен региондордо энергетикалык кењеш түзүшсүн.
15. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому-
на белгиленген мөөнөттөрдө Жалалабат облусундагы "Октябрьское" 220 кВ
подстанциясын реконструкциялоону аяктоо сунуш кылынсын.
16. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-
стволор, облустардын мамлекеттик администрациялары Бишкек жана Ош шаа-
рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары "Түндүк электр", "Чыгыш
электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ачык акционердик коомдору ме-
нен бирдикте электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн бөлүн-
гөн лимиттерин сактоону камсыз кылышсын.
17. "2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары
жана Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын
2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин: № 16 тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык
редакцияда берилсин.
18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри А.Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской…Постановление · 24.05.2006 · № 379 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун…Постановление · 02.08.2007 · № 307 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской…Постановление · 24.05.2006 · № 379 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун…Постановление · 02.08.2007 · № 307 · Күчүн жоготкон