# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11985/edition/879761/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу программасы жөнүндө" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58128

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 9-февралы № 43

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту

өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу программасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жана импортту алмаш-

тырууну көбөйтүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү ишке

ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү

жана импортту алмаштыруу программасы;

- 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү жана стимулдоо боюнча не-

гизги иш-чаралардын планы;

- 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында импортту алмаштыруучу

өндүрүш түзүү үчүн инвестициялык долбоорлордун тизмеси.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору жана облустардын мамлекеттик администра-

циялары Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү

жана импортту алмаштыруу программасын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди уюш-

турушсун.

3. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-

ларынын мэриялары продукцияны экспорттоо жана импортту алмаштыруу

чөйрөсүндөгү жергиликтүү шарттарды жана топтолгон тажрыйбаларды эске

алуу менен экспортту өнүктүрүүнүн жана импортту алмаштыруунун региондук

программаларын иштеп чыгышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жана иштерди координация-

лоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрли-

гине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын эконо-

микалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Исабеков
