# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы №24 " Жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы №24 " Жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11966/edition/327162/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы №24 " Жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому (31.01.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58108

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 31-январы №24

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды

каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүн

белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз

мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин

жамаатынын сунушун жана жер реформасын жүргүзүүдө, кыймылсыз

мүлккө укуктарды каттоонун улуттук системасын түзүүдө, жер

жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүдө жана картография,

геодезия боюнча иштерди жүргүзүүдө жер жайгаштыруу,

кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография

кызматкерлеринин салымын эске алуу менен Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 22-февраль жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз

Республикасынын жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды

каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү

болуп белгиленсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр А.Исабеков
