# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-январындагы №23 "Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү үчүн Мамлекеттик № 1 резиденцияда «Кабыл алуучу үй жана мейман үйлөр» атайын арналыштагы объекттерди куруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-январындагы №23 "Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү үчүн Мамлекеттик № 1 резиденцияда «Кабыл алуучу үй жана мейман үйлөр» атайын арналыштагы объекттерди куруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11965/edition/1141377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-январындагы №23 "Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү үчүн Мамлекеттик № 1 резиденцияда «Кабыл алуучу үй жана мейман үйлөр» атайын арналыштагы объекттерди куруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58107

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 30-январы №23

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү үчүн Мамлекеттик № 1 резиденцияда «Кабыл алуучу үй жана мейман үйлөр» атайын арналыштагы объекттерди куруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27- июлундагы № 274 буйругуна ылайык 2007-жылы Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кењешинин кезектеги жетинчи заседаниесин өткөрүү үчүн Мамлекеттик № 1 резиденциянын аймагында «Кабыл алуучу үй жана мейман үйлөр» атайын арналыштагы объекттерди куруунун чектелген мөөнөттөрүнө байланыштуу жана долбоордук документтерди сынактан өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Чанцзиндеги «Фан-

Хуей» (Fang Hui) жоопкерчилиги чектелген долбоордук коому иштеп чыккан «Кабыл алуучу үй жана мейман үйлөр» долбоору бекитилсин жана ага көрсөтүлгөн долбоор боюнча курулуш иштерин жүргузүү жана жер титирөөгө туруктуулугу үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын

«Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасына эксперимент катары жогоруда көрсөтүлгөн атайын объектилердин курулушун жогоруда бекитилген долбоор боюнча жүргүзүүгө уруксат берилсин.

Премьер-министр А.Исабеков
