Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Туристтик комплекс куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл јкмөтінүн жерлеринен жер участкасын берүү жөнүндј»токтому
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 25-январы № 21
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Туристтик комплекс куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй
облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл јкмөтінүн
жерлеринен жер участкасын берүү жөнүндј
Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү
максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-
статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмјтү токтом кылат:
1. Туристтик комплекс куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй
облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл өкмөтүнүн суу
фондусунун жерлерине тиешелүү жайыттарынан "Бөрүлјрдүн дарбазасы"
капчыгайындагы аянты 0,30 га жер участкасын "БЕКПР" жоопкерчилиги
чектелген коомго 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү
жөнүндө Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп
берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия
менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.
2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- берилген участкага "БЕКПР" жоопкерчилиги чектелген коом
тарабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана "Айыл чарба
муктаждыктары үчүн айыл чарба жерлерин алып коюу менен байланышкан
айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын наркынын убактылуу
нормативдерин бекитүү жјнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен бекитилген
нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун
толтуруу наркынын жана алынбай калган пайданын суммасын төлөјнү
камсыз кылсын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүічі јнјр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон