# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-январындагы №10 "Кыргыз Республикасында дүң жана чекене соода жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жол берилчү үлүшүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-январындагы №10 "Кыргыз Республикасында дүң жана чекене соода жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жол берилчү үлүшүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11950/edition/327136/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-январындагы №10 "Кыргыз Республикасында дүң жана чекене соода жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жол берилчү үлүшүн белгилөө жөнүндө" токтому (28.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58085

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 28-мартындагы № 106 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 12-январы № 10

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында дүњ жана чекене соода жүргүзгөн

чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын

жол берилчү үлүшүн белгилөө жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

27-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, ички эмгек рыногун коргоо, ата мекен-

дик ишкердик үчүн ыњгайлуу шарт түзүү жана Кыргыз Республикасынын жа-

рандарынын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүн активдештирүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2007-жылдын 1-апрелинен тартып жеке ишкер катары катталган,

анын ичинде патенттин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандардын жана

жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүгө жана дүњ жана чекене соода

жүргүзүүгө жол берилчү үлүшү төмөнкүдөй белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы соодалык-рыноктук комплекс-

терде, базарларда жана кичине базарларда, ошондой эле туруктуу эмес со-

одалык жайларда (контейнерлер, павильондор, ларектор, лотоктор) - 0

процент;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы туруктуу соода жайларда (соо-

далык борборлор, гипермаркеттер, супермаркеттер) - ошол объектилердеги

ишкерлердин санынын 10 процентинен ашык эмес.

2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-

кеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чарбакер субъекттердин

администрацияларынын чет өлкөлүк ишкерлерди белгиленген квотадан ашык

ишке тарткандык үчүн жоопкерчилигин катаалдатуу жөнүндө сунуш киргиз-

син.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-

публикасынын Ички иштер министрлиги:

- Кыргыз Республикасында ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн

объектилерде ишкердик жүргүзүүчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы

жок адамдарга визаларын 2007-жылдын 1-апрелине чейин тариздешсин;

- 2007-жылдын 1-апрелинен тартып аларды Кыргыз Республикасынын

Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети берүүчү жумушка

уруксаттын негизинде гана узартышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитети ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жаран-

дарга ишкердик жүргүзүү үчүн патенттерди 2007-жылдын 1-апрелине чейин

тариздесин, ал эми 2007-жылдын 1-апрелинен кийин ишкердик жүргүзүүгө

патентти ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адам-

дарга гана берсин.

5. Бул токтом жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
