Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында дүң жана чекене соода жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жол берилчү үлүшүн белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 марта 2008 года № 106 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, регулирующих предпринимательскую деятельность иностранных граждан и лиц без гражданства в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-03-28.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-мартындагы № 106 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-январы № 10
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында дүњ жана чекене соода жүргүзгөн
чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын
жол берилчү үлүшүн белгилөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
27-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, ички эмгек рыногун коргоо, ата мекен-
дик ишкердик үчүн ыњгайлуу шарт түзүү жана Кыргыз Республикасынын жа-
рандарынын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүн активдештирүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-жылдын 1-апрелинен тартып жеке ишкер катары катталган,
анын ичинде патенттин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандардын жана
жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүгө жана дүњ жана чекене соода
жүргүзүүгө жол берилчү үлүшү төмөнкүдөй белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы соодалык-рыноктук комплекс-
терде, базарларда жана кичине базарларда, ошондой эле туруктуу эмес со-
одалык жайларда (контейнерлер, павильондор, ларектор, лотоктор) - 0
процент;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы туруктуу соода жайларда (соо-
далык борборлор, гипермаркеттер, супермаркеттер) - ошол объектилердеги
ишкерлердин санынын 10 процентинен ашык эмес.
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чарбакер субъекттердин
администрацияларынын чет өлкөлүк ишкерлерди белгиленген квотадан ашык
ишке тарткандык үчүн жоопкерчилигин катаалдатуу жөнүндө сунуш киргиз-
син.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-
публикасынын Ички иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасында ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн
объектилерде ишкердик жүргүзүүчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы
жок адамдарга визаларын 2007-жылдын 1-апрелине чейин тариздешсин;
- 2007-жылдын 1-апрелинен тартып аларды Кыргыз Республикасынын
Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети берүүчү жумушка
уруксаттын негизинде гана узартышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жаран-
дарга ишкердик жүргүзүү үчүн патенттерди 2007-жылдын 1-апрелине чейин
тариздесин, ал эми 2007-жылдын 1-апрелинен кийин ишкердик жүргүзүүгө
патентти ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адам-
дарга гана берсин.
5. Бул токтом жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн жөнгө салуучу…Постановление · 28.03.2008 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-июлунундагы №216-б буйругуРаспоряжение · 16.07.2007 · № 216 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн жөнгө салуучу…Постановление · 28.03.2008 · № 106
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.