# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы №903 «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы №903 «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 903
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11945/edition/327130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы №903 «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (30.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58080

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-декабры №903

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин

органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу

өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32

токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин

органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каржылоону тартипке

салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

«Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы

Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин

жана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-

жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

- преамбуладагы «Я.Е.Фишер жөнүндө» деген сөздөр, «1994-жылдын 9-

декабрындагы» деген сандар жана сөздөр тиешелүү түрдө «Ч.Ибраимова

жөнүндө» деген сөздөргө, «2004-жылдын 7-майындагы № 158» деген

сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттагы «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин

Аткаруу комитети бул кызмат орду үчүн белгилеген кошумча акчалай

каржылоо шарты менен» деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - төртүнчү абзац менен

толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги:

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин

алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз

Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө эсептелген 2004-2006-жылдар

үчүн 30477 сом суммасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча

милдеттүү камсыздандыруу взносторун Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондуна которсун;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин

алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз

Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чыгашалар сметасында

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу

взносторун 2007-жылдан тартып карасын.»;

5-пунктта:

«Р.О.Качкеевге» жана «Кыргыз Республикасынын Латвия

Республикасындагы жана Литва Республикасындагы Атайын жана Толук

укуктуу Элчисинин» деген сөздөр алып салынсын;

«50» деген сан «30» деген санга алмаштырылсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык

органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү

жана Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана

Ыйгарым укуктуу Элчиси Л.А. Иманалиевага кызматтарды айкаштырып

иштегендиги үчүн кызматтык маянасына анын бул кызматка дайындалган

күнүнөн тартып 30 процент өлчөмүндө үстөк төлөнсүн.»;

- 6 жана 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Көз карандысыз

Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Кыргыз

Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Көз карандысыз

Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин алдындагы

Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын

ыйгарым укуктуу өкүлүн кармоо үчүн жыл сайын чыгашалар сметасын

бекитсин.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги:

- аталган чыгашаларды каржылоону «Эл аралык уюмдарга взностор»

статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

Минск шаарындагы (Беларусь Республикасы) жана Москва шаарындагы

(Россия Федерациясы) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өзүнчө ачылган алыш-

бериш эсептери аркылуу жүргүзсүн;

- аларды кармоо үчүн каражаттарды дайыма которуп турууну камсыз

кылсын.

8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык

органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү

жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин

алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз

Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү жыл сайын 1-апрелге карата

Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине өткөн жыл

үчүн чыгашалар сметасынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турушсун.»;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде «90» деген сан «555»

деген санга алмаштырылсын.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
