Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун калктуу конуштарынын аймактарьш кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-декабры №906
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун
калктуу конуштарынын аймактарьш кењейтүү үчүн
жер берүү жөнүндө
2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Ош облусунун
Өзгөн районунун Өзгөн шаарында Дөњбулак айыл өкмөтүнүн турак жай
шарттарын жакшыртууга муктаж 2500дөн ашуун үй-бүлө, анын ичинен
Карадарыянын суусу жеп кетип жаткан жээк тилкесинде тургандар жер
участкаларын алууга катталган.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун тургундарынын
социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча
республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош
облусунун Өзгөн районүнун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү
үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 35,5 га жерин, анын
ичинен 19,0 га сугат айдоосун жана 12,9 га кайрак айдоосун, 3,6 га көп
жылдык өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын,
анын ичинде:
- Дөњбулак айылдык кењешинин - 10,0 га сугат айдоосу, 12,9 га
кайрак айдоосу жана 3,6 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жери, анын
ичинен төмөнкүлөрдүн тургундары үчүн:
Өзгөн шаарынын - 18,6 га;
Дөњбулак айылдык кењешинин - 7,9 га;
- Өзгөн шаарынын тургундары үчүн Башдөбө айылдык кењешинин -9,0 га
сугат айдоосу.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба
багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»
категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик
администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы
пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, социалдык-
маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды
жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчу
документтерди иштеп чыксын;
- шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча каржылоо маселелерин
чечсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон