# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы №891 "Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы №891 "Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 891
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11929/edition/327112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы №891 "Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө" токтому (28.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58063

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-декабры № 891

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында билим берүүнү

каржылоонун орто мөөнөттүү

стратегиясы жөнүндө

Билим берүү секторунда кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун бирдиктүү

мамлекеттик саясатын жүргүзүү жана мамлекеттик финансылык ресурстарды

натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун тиркелген орто

мөөнөттүү стратегиясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасында

билим берүүгө чыгымдарды каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясын ишке

ашыруу боюнча иш-чаралардын толук планын иштеп чыксын жана Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен

бирдикте 2007-жылы Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун ор-

то мөөнөттүү стратегиясынын негизги жоболоруна ылайык билим берүү меке-

мелерин программалык негизде жана жан башына каржылоодо билим берүүгө

чыгымдар боюнча мамлекеттик бюджетти түзүү үчүн мыйзамдык базаны даяр-

дасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
