# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 863 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 863 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 863
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11903/edition/648832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 863 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (27.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58035

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-апрели № 258 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 19-декабры № 863

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Аза күтүү кызматындагы ишканалардын кызматкерлеринин өзгөчө эмгек шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- преамбуладагы "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек

акы төлөө жөнүндө" 219-статьясына" жана "Зыяндуу же кооптуу шарттардагы иштерге жана оор жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" 227-статьясына" деген сөздөр жана сандар "164 жана 224-статьяларына" деген сөздөргө жа- на сандарга алмаштырылсын;

- 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Өзгөчө шарттарда иштегендердин кызматтык маяналарына үстөк бел- гилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмеси.";

- 3-пункттагы "Финансы министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана

финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттагы "социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр

"социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына" деген сөздөргө алмаш- тырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө шарттарда колдонулуучу

жумуштарга эмгек акы төлөө тартибинин 5-пунктту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5. Өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча төлөө эмгек шарттарынын зы- яндуулук даражасына жараша кызматтык маянага (тарифтик ставкага) пайыз- дык катышта, бирок эмгек шарттары оор жана зыяндуу болгон жумуштарга 15 проценттен жана эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу болгон жумуштарга 30 проценттен кем эмес белгиленет.";

- аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө шарттарда иштегендердин

кызматтык маяналарына үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын тип- түү тизмесинде "Коммуналдык-тиричиликтик тейлөө ишканалары" деген бөлү- мүнүн I бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын: "29. Мүрзө казуу, сөөк жана сөөктүн калдыктарын коюу, эксгумация боюнча иштер.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри Ф.Кулов
