# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 862 "Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 862 "Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 862
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11902/edition/1141229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 862 "Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө"токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58034

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 19-декабры № 862

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 27-майындагы № 195 буйругу менен бекитилген Кыргыз Респуб- ликасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планынын

2.6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекту-

ра жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Корея Республикасынын "Ар- тис-Глобал Ко.Лтд" курулуш компаниясы менен Бишкек шаарынын Акунбаев, Некрасов жана Коперник көчөлөрүнүн чегиндеги 15-кичирайондун жер учас- тогунда турак жай куруу жагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол кой- гон. Долбоордун социалдык-экономикалык өзгөчө маанисин эске алып, Биш- кек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонду куруу үчүн узак мөөнөттүү ипо- текалык кредит берүү менен ыњгайлуу шарт түзүү максатында Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея Республикасынын "Артис-Гло- бал Ко.Лтд" курулуш компаниясынын ортосунда түзүлгөн Бишкек шаарынын Акунбаев, Некрасов жана Коперник көчөлөрүнүн чегиндеги 15-кичирайондун жер участогунда узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү менен турак жай куруу жагында кызматташуу жөнүндө келишим жактырылсын.

2. Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун долбоорлоо жана ку-

руу шаар куруунун жањы принциптерин, көлөмдүк-пландоочу жана конструк- циялык чечимдерди, жањы курулуш материалдарды жана нерселерди, конст- рукцияларды жана жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды инженердик камсыздоо системасын, бийик турак үйлөрдү куруу боюнча куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүнүн прогрессивдүү технологияларын киргизүүнү эске алып "эксперименттик долбоор" деп эсептелсин.

3. Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонунда 400 (төрт жүз) бир

жана эки бөлмөлүү квартиралар социалдык турак жай болуп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги соци-

алдык турак жайды куруу үчүн алгачкы взносту жана проценттик ставкалар- ды субсидиялоо жана инвестордун кредиттик каражаттары боюнча сунушту 2007-жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде киргизсин.

5. "Кант цемент-шифер заводу" ачык акционердик коомуна Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 "Кыргыз Республи- касынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун курууну цемент менен жетиштүү көлөмдө өз убагында камсыздоо сунуштал- сын.

6. "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна, "Кыргызгаз" ачык ак-

ционердик коомуна Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонундагы турак жай жана социалдык-маданий-тирчиликтик объектилерди жылытуу, тамак жа- соо үчүн энергия, газ менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо маселелерин че- чүү сунушталсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация- ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри Ф.Кулов
