# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы №856 "Эс алуу базасын куруу үчүн берилген Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерин «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы №856 "Эс алуу базасын куруу үчүн берилген Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерин «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 856
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11896/edition/327071/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы №856 "Эс алуу базасын куруу үчүн берилген Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерин «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому (14.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58028

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-декабры №856

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Эс алуу базасын куруу үчүн берилген Кыргыз

Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы

Бостери айылдык кењешинин жерин «Токой фондунун жерлери»

категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын

жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 33-статьясына

жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан

маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-майындагы №

223-6 буйругу менен бекитилген Ысыккөл облусунун курорттук-

рекреациялык зонасындагы мамлекеттик менчикте турган жер

участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча

комиссиянын заседаниесинин 2005-жылдын 11-мартындагы № 5

протоколуна ылайык эс алуу базасын куруу үчүн берилген

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы

Бостери айылдык кењешинин 6,0 га жерин «Токой фондунун

жерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык

аймактардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө сунушу

кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик

администрациясы:

- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер берилген адам

тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген

тартипте токой жерлерин токойлуу эмес жерлерге алып коюуга

байланыштуу токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын

суммасынын төлөнүшүн камсыз кылсын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү

өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай

комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
