# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы №855 "Бишкек шаарында шаар транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы №855 "Бишкек шаарында шаар транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 855
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11895/edition/327070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы №855 "Бишкек шаарында шаар транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө" токтому (14.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58027

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-декабры №855

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында шаар транспортунун

ишин өркүндөтүү жөнүндө

Бишкек шаарында транспорттук тейлөөнү андан ары өркүндөтүү жана

тартипке келтирүү, ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган

"Шаар транспорту" долбоорунун консультанттары иштеп чыккан сунуштарды

жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте белгиленген

тартипте төмөнкү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин:

- жүргүнчүлөрдү жењил транспорт менен ташууга, жүк тартуучу жана

атайын транспорт менен ишке ашырылуучу ташууга лицензиялоону киргизүү

жөнүндө;

- "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

белгиленүүчү тарифтерди макулдашуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-ноябрындагы №

630 «Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө»

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттун биринчи абзацындагы "Бишкек шаарынын мэриясы" деген

сөздөр алып салынсын;

- 3-пункттун "б" пунктчасы "ачык тендерлер" деген сөздөрдөн кийин

"Бишкек шаары боюнча аталган ыйгарым укук Бишкек шаарынын мзриясына

караштуу Шаардык транспорт департаментине берилсин жана Бишкек

шаарынын мэриясына караштуу Шаардык транспорт департаментинин

кызматчыларынын штаттык санынын жана чыгашалар сметасынын алкагында

акы алынуучу франшиздердин эсебинен каржылоо булагы аныкталсын" деген

сөздөр менен толукталсын;

- "Шаар транспорту долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин

планы" деген II бөлүмдүн 1 жана 2-пункттарындагы "Бишкек" деген сөз

алып салынсын.

3. Бишкек шаарынын мзриясы бирин-бири кайталоочу маршруттарды

болтурбоо максатында маршруттук тармактарды оптималдаштырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана

коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
