Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызылкыя шаарынын Акбулак айылдык кеңешинин калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-декабры №854
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызылкыя
шаарынын Акбулак айылдык кењешинин калктуу конуштарынын
аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Баткен
облусунун Кызылкыя шаарынын Акбулак айыл өкмөтунүн турак жай шарттарын
жакшыртууга муктаж 1257 үй-бүлө жер участкаларын алууга катталган.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызылкыя шаарынын Акбулак
айылдык кењешинин тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү
максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-
статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү
менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен
макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызылкыя
шаарынын Акбулак айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын
кењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 25,9 га
сугат айдоосун берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- Караван айылынын - 10,7 га;
- Жинжиген айылынын - 6,7 га;
- Акбулак айылынын - 6,0 га;
- Ортокыштак айылынын - 2,5 га.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба
багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын аймактары»
категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик
администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы
пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта социалдык-
маданий багыттагы обьекттерди жана инженердик коммуникацияларды
жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчу
документтерин иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон