# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 851 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 851 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 851
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11891/edition/1292022/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 851 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58023

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 13-декабры № 851

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика- сынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө

салуу кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас- мий өкүлү болуп дайындалсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2003-ж., N 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 38-статьяда:

- 1-пунктунун 18-пунктчасындагы "коомдун жылдык отчетторун, бух-

галтердик баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын кире- ше менен чыгашаларын бөлүштүрүү" деген сөздөр "акционердик коомдун жыл- дык бюджетин, коомдун жылдык отчетторун, баланстарын, киреше жана чыга- ша эсептерин бекитүү, анын киреше менен чыгашаларын бөлүштүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун экинчи абзацы "бекитет" деген сөздөн мурда "жылдык

бюджетти" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 55-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "бир жылдык мөөнөт

менен" деген сөздөр "үч жылдык мөөнөт менен" деген сөздөр менен алмаш- тырылсын.

3. 65-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "жана директорлор

кењешинин мүчөлөрүнө" деген сөздөр алып салынсын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
