# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4 январындагы № 1 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4 январындагы № 1 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 850
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11890/edition/372678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4 январындагы № 1 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58022

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-декабры №850

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4 январындагы № 1

токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Конституциялык мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

жана Премьер-министри тарабынан чечимдерди оперативдүү кабыл алуу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине

төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык

ведомстволор тарабынан өз алдынча чечилүүгө тийиш болгон маселелер

боюнча Өкмөттүн токтому жана буйругу кабыл алынбайт.";

- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мындай маселелер боюнча чечим, эгерде ага Өкмөт мүчөлөрүнүн

көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Мындай учурда

Өкмөттүн чечимине кийинки виза коюу Өкмөт мүчөлөрү тарабыкан талап

кылынбайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө фамилияларды көрсөтүү

менен протокол түзүлүп, ага Премьер-министрдин Аппарат Жетекчиси жана

тиешелүү структуралык подразделениенин начальниги (башчысы) кол коюшат

жана Өкмөтгүн чечимине тиркелет.";

- 38-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын:

"жана мындай чечимдерге Өкмөт мүчөлөрүнүн виза коюшу талап

кылынбайт.";

- 5.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"55. Долбоорду макулдашуучу жак ага виза коюудан анын - себептерин

жазуу жүзүндө түшүндүрбөстөн баш тартууга укугу жок. Долбоорго карата

бардык сын-пикирлер жана сунуштар жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

Мындай учурларда долбоорго "сын-пикирлер менен" деген белги коюлуп, ал

Премьер-министринин Аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо

башкармалыгында катталган өзүнчө баракка жазылат, макулдашуу

баракчасына тиркелген же сын-пикирлердин тексти макулдашуу

баракчасынын арткы жагына кол менен жазылат.

Биротоло чечимди ушул Регламенттин 54-пунктунун бешинчи абзацында

көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо Премьер-министр кабыл алат.";

- 62-пункттун биринчи абзацы "милдетгер" деген сөздөн кийин "бир

күндүк мөөнөттө" деген сөздөр менен толукталсын;

- V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 64-пункт менен толукталсын:

"64. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-статьясында жана

нормативдик укуктук башка актыларда белгиленген ыйгарым укуктарынын

чегинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

чечимдери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктары

түрүндө ал тарабынан жекече түрдө кабыл алынат.

Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү структуралык

подразделениелери тарабынан киргизилиши мүмкүн жана Өкмөт мүчөлөрү

менен макулдашууга жатпайт.";

64-106-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 65-107-пункттар деп

зсептелсин;

74-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Өкмөт зарылдыгына жараша Өкмөт тарабынан демилге кылынган жана

кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлорунун тизмесин

кезектен тышкаркы тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешине жиберет.".

Премьер-министр Ф.Кулов
