# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13-декабры № 849 "Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилиги жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13-декабры № 849 "Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилиги жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 849
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11889/edition/327063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13-декабры № 849 "Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилиги жөнүндө" (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58021

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-декабры № 849

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын

Сауд Аравия Королдугундагы

Элчилиги жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигин уюш-

туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-сен-

тябрындагы Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигинин

кызматкерлеринин саны 6 (алты) бирдиктен, анын ичинде 4 (төрт) диплома-

тиялык кызматкерден турары;

- Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигинин

кызматкерлеринин кызматтык маяналары тиркемеге ылайык өлчөмдө болору.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-

гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Рес-

публикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигин күтүүгө чыгымдардын

көлөмүн аныктасын жана андан ары "2007-жылга Кыргыз Республикасынын

республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбо-

оруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоо менен 2007-жылга керектүү бюджет-

тик каражаттарды карасын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 13-декабрындагы

№ 849 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 2400 |
| Кењешчи | 1 | 2148 |
| Биринчи секретарь | 1 | 1908 |
| Атташе | 1 | 1548 |
| Бухгалтер-кењсе башчысы | 1 | 1668 |
| Чарба башчысы-айдоочу | 1 | 1200 |
| Бардыгы: | 6 |  |

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев
