# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №848 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №848 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 848
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11888/edition/400642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №848 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58020

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-декабры №848

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары

жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы

алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна

толуктоолорду киргизүү тууралуу

«Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 15-мартындагы № 166 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен

көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери жөнүндө» токтомуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №

596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү

тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү

жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары

жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып

кызмат көрсөтүүнүн реестриндеги «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министрлиги» деген XI бөлүм төмөнкү мазмундагы бөлүмчө

менен толукталсын:

«Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик

инспекция (Мамткентехкөзөмөл)

1. Кооптуу өндүрүш объектилерин курууга, кењейтүүгө,

реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого

жана жоюуга долбоордук документациялардын өнөр жайлык коопсуздугун

экспертизалоо.

2. Кооптуу өндүрүш объектилеринде колдонулуучу техникалык

түзүлмөлөрдүн өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо.

3. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги имараттардын жана курулмалардын

өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо.

4. Өнөр жайлык коопсуздук декларациясын жана кооптуу өндүрүш

объектилерин иштетүүгө байланышкан башка документтердин өнөр жайлык

коопсуздугун экспертизалоо.».

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук

агенттигине жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).

Премьер-министр Ф.Кулов
