# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 847 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 847 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 847
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.02.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11887/edition/327060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 847 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (21.02.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58019

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 21-февралындагы №67

токтомунун негизинде)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-декабры № 847

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

20-октябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын структурасы

жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №

490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы

жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык

жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын ВИЧ/СПИД тармагында координация-

лоо жана мониторинг боюнча секторунда сектор башчысынын, 2 эксперттин

жана 1 референттин курамындагы 4 штаттык бирдик боло тургандыгы белги-

ленсин;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык

жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын Жогорку патогендүү канаттуулар

тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планы-

нын координациялоо, мониторингдөө жана баалоо боюнча секретариатында

жооптуу секретардын, 2 эксперттин жана 1 референттин курамындагы 4

штаттык бирдик боло тургандыгы белгиленсин.

Көрсөтүлгөн штаттык бирдиктер эл аралык уюмдардын каражаттарынын

эсебинен кармалат.";

- токтомдун тиркемесинин 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы позиция

менен толукталсын:

"Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча

Кыргыз Республикасынын улуттук планынын координациялоо, мониторингдөө

жана баалоо боюнча секретариат.".

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты өзүнүн нор-

мативдик укуктук" актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министри Ф.Кулов
