Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 „Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-02-21.
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-февралындагы №67
токтомунун негизинде)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-декабры № 847
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
20-октябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын структурасы
жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №
490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы
жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык
жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын ВИЧ/СПИД тармагында координация-
лоо жана мониторинг боюнча секторунда сектор башчысынын, 2 эксперттин
жана 1 референттин курамындагы 4 штаттык бирдик боло тургандыгы белги-
ленсин;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык
жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын Жогорку патогендүү канаттуулар
тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планы-
нын координациялоо, мониторингдөө жана баалоо боюнча секретариатында
жооптуу секретардын, 2 эксперттин жана 1 референттин курамындагы 4
штаттык бирдик боло тургандыгы белгиленсин.
Көрсөтүлгөн штаттык бирдиктер эл аралык уюмдардын каражаттарынын
эсебинен кармалат.";
- токтомдун тиркемесинин 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы позиция
менен толукталсын:
"Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча
Кыргыз Республикасынын улуттук планынын координациялоо, мониторингдөө
жана баалоо боюнча секретариат.".
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты өзүнүн нор-
мативдик укуктук" актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 " Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2005 · № 490 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 " Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2005 · № 490 · Күчүн жоготкон