Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 октября 2008 года № 556 "Об утверждении Положения о выпуске, размещении, обращении и погашении государственных ценных бумаг Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-10-02.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12-декабрындагы № 845
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык
векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана
тындыруу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
3. Мамлекеттик казыналык векселдерди чыгаруунун, жайгаштыруунун,
жүгүртүүнүн жана тындыруунун жалпы шарттары
4. Мамлекеттик казыналык векселдерди чыгаруу
5. Мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу
6. Мамлекеттик казыналык векселдерди жүгүртүү
7. Мамлекеттик казынолык векселдерди тындыруу
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик
казыналык векселдерди (мындан ары - МКВ) чыгаруунун, жайгаштыруунун,
жүгүртүүнүн, тындыруунун тартибин аныктайт.
1.2. МКВ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан
эмитенттелген (мындан ары - Эмитент) мамлекеттик баалуу кагаздар болуп
саналат.
2. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Аукцион - МКВны соодалоонун формасы, анда өтүнмөлөрдү
канааттандыруу эњ жогорку дисконттук баалардан башталып жана эмитент
үчүн кабыл алгылыктуу шарттарда калган арыздарды канааттандыруу менен
бүтөт.
МКВнын депозитарийи - МКВны эсепке алуучу, сактоочу, МКВга менчик
укугун каттоону жана тастыктоону, Эмитент менен түзүлгөн келишимге
ылайык МКВнын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү ишке ашыруучу Кыргыз
Республикасынын юридикалык жагы.
МКВны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу - Кыргыз
Республикасынын региондорунда МКВны жеке жактарга атаандаштык эмес
негизде Сооданы уюштуруучу аркылуу сатуу.
Атаандаштык эмес негизде сатуу - МКВны аукциондо түзүлгөн орточо
баада сатуу.
МКВ менен эсептешүүлөр боюнча оператор - Эмитенттин тапшыруусу
боюнча иштөөчу жана МКВны сатуу жана тындыруу боюнча эсептешүүлөрдү
жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы.
Тооруктарды уюштуруучу - өзүнүн соода аянтчасында МКВны
жайгаштыруу боюнча операцияны Эмитештин тапшыруусу боюнча ишке
ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы.
Эмиссиянын параметрлери - чыгаруу тууралуу маалымат: эмиссиянын
номери, эмиссиянын көлөмү, аукцион өткөрүлүүчү дата, эмиссиянын
датасы, тындыруу датасы.
Баштапкы дилер - МКВ, анын депозитарийи менен эсептешүүлөр боюнча
Оператор менен келишим түзгөн жана Тооруктарды уюштуруучунун соода
аянтчасында МКВны баштапкы жайгаштыруунун катышуучусу катары чыгуучу
Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы.
Тындыруу - тындырылуучу чыгарылыштагы МКВны кармоочулардын эсебине
номиналдык наркты чегерүү.
3. МКВны чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана
тындыруунун жалпы шарттары
3.1. МКВны чыгаруунун максаты Кыргыз Республикасынын республикалык
бюджетинин учурдагы тартыштыгын каржылоо болуп саналат.
3.2. МКВ 3, 6, 9,12, 18 жана 24 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар
дисконттук баалуу кагаздар болуп саналат, ал документтик эмес формада
чыгарылат.
3.3. МКВнын ар бир чыгарылышынын көлөмү Кыргыз Республикасынын
республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында тиешелүү жылга белгиленген
эмиссиянын чектелген көлөмүнө жараша Эмитент тарабынан аныкталат.
3.4. МКВны жайгаштыруу дисконт менен - номиналдык наркынан төмөн
баада, тындыруу - номиналдык наркы боюнча жүзөгө ашырылат. Бир МКВнын
номиналдык наркы - 100 сом.
3.5. Тооруктарды уюштуруучу МКВны аукциондук негизде жайгаштырууну
анын Эмитент менен макулдашылган ички эрежелерине ылайык жүзөгө
ашырат.
3.6. МКВны баштапкы жайгаштырууну жүргүзүүдө Тооруктарды
уюштуруучу менен Эмитенттин ортосундага мамилелерди укуктук жөнгө
салуу максатында тиешелүү келишим түзүлөт.
3.7. МКВны сатуу жана тындыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө
МКВ жана Эмитент менен эсептешүүлөр боюнча Оператордун ортосундагы
мамилелерди укуктук жөнгө салуу максатында тиешелүү келишим түзүлөт.
3.8. Депозитарий менен Эмитенттин ортосундагы мамилелерди укуктук
жөнгө салуу максатына депозитарийдик ишти жүргүзүүдө тиешелүү келишим
түзүлөт.
3.9. МКВны Тооруктарды уюштуруучунун соода аянтчасында жайгаштыруу
жана жүгүртүү эрежеси Тооруктарды уюштуруучу тарабынан Эмитенттин
макулдугу менен аныкталат.
3.10. МКВны сатуу жзна тындыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү
эрежеси Эмитент менен макулдашылып, МКВ менен эсептешүү боюнча
Оператор тарабынан аныкталат.
3.11. МКВнын ээлерин эсепке алууну уюштуруунун жана реестрин
жүргүзүүнүн эрежелери Эмитент менен макулдашылып, Депозитарий
тарабынан аныкталат.
3.12. МКВны жайгаштыруу, эсепке алуу жана тындыруу боюнча
кызматтарды Эмитент тарабынан тартуу мамлекеттик каражаттардан ушул
кызмат көрсөтүүлергө акы төлөнгөн шартта «Мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
3.13. МКВнын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген чектөөлөрдөн башка учурларда МКВ менен жарандык-укуктук
бүтүмдөрдү жасай алышат.
3.14. МКВ менен жүргүзүлгөн операцияларга салык салуунун тартиби
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
3.15. Эмитент МКВнын эмиссиясынын пландаштырылып жаткан көлөмдөрү
жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
4. МКВны чыгаруу
4.1. МКВны мезгил-мезгили менен чыгаруу Эмитент тарабынан
аныкталат. Чыгаруунун параметрлери да Эмитент тарабынан аныкталат.
Мында ар бир чыгаруу тиешелүү документтер менен таризделет, алардын
курамы жана формасы Эмитенттин буйругу менен аныкталып, Эмитенттин
ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бекитилет жана колу коюлат.
4.2. МКВны чыгаруу күнү Кыргыз Республикасында иш күнү болбогон
учурларда, МКВны чыгаруу кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт, мында тиешелүү
түрдө МКВны тындыруунун датасы да жылдырылат.
5. МКВны жайгаштыруу
5.1. МКВны баштапкы рынокко жайгаштыруу Эмитенттин тапшырмасына
ылайык Тоорукту уюштуруучу тарабынан аукциондор аркылуу жүзөгө
ашырылат.
5.2. Аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жана аларга катышууга жол
берүүнүн эрежелери Тоорукту уюштуруучунун Эмитент менен макулдашылган
ички нормативдик укуктук документтери менен аныкталат.
5.3. Эгерде аукцион өгкөрүлүүчү күн иш күн эмес болсо, анда
аукцион кийинки иш күндө өткөрүлөт.
5.4. Эмитент үчүн киреше алгылыксыз шартта Эмитент МКВны
жайгаштырууну токтотууга же эмиссиянын жарыяланган көлөмүн кыскартууга
укуктуу.
5.5. Аукциондо үчкө жетпеген катышуучу болгон учурда Эмитент
жайгаштырууну токтото турууга укуктуу.
5.6. Эмитент зарыл учурда МКВны жарыяланган эмиссиядан ашык түрдө
кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыра алат.
5.7. Кошумча (аукциокдон тышкары) жайгаштыруунун тартиби Эмитент
менен макулдашуу боюнча Тоорукту уюштуруучу тарабынан аныкталат.
6. МКВны жүгүртүү
6.1. МКВны жүгүртүү МКВ чыгарылган күндөн кийинки күнү башталат
жана аларды тындыруунун алдындагы күнү аяктайт.
6.2. МКВны жүгүртүү эрежелери Эмитент, Депозитарий жана МКВ менен
эсептешүүлөр боюнча оператор менен макулдашылып, Тооруктун
уюштуруучусунун нормативдик документтери аныкталат.
6.3. МКВ менен экинчи рынокто жарандык - укуктук бүтүмдөрдү
түзүүгө алар иш күнүндө жүгүртүлгөн мезгилде гана жол берилет.
7. МКВны тындыруу
7.1. Жүгүртүү мөөнөтү 3, 6, 9, 12, 18 жана 24 ай болгон МКВны
тындыруу тиешелүү түрдө 91, 182, 273, 364, 546 жана 728 иш күндөн
кийин жүргүзүлөт.
7.2. Эгерде тындырыла турган күн иш эмес күнгө туура келип калса,
тындыруу кийинки иш күнүндө жүзөгө ашырылат.
7.3. МКВны сатууда жана тындыруудагы эсептешүүлөрдүн тартиби МКВ
менен эсептешүүлөр боюнча оператордун Эмитент менен макулдашылган
нормативдик укуктук актылары жана/же Эмитент менен МКВ менен
эсептешүүлөр боюнча оператордун ортосунда түзүлгөн келишим менен
аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону…Постановление · 02.10.2008 · № 556
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №845 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү…Постановление · 12.12.2006 · № 845 · Күчүн жоготкон