# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №845 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №845 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 845
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11885/edition/327055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №845 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому (02.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58016

---

УТРАТИЛО СИЛУ

в соответствии с постановлением Правительства КР

от 2 октября 2008 года № 556

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-декабры №845

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү

жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин

чыгаруу, жайгаштыруу жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 273

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу,

жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»

токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) өзүлөрүнүн

нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
