# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы №843 "Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы №843 "Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 843
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11883/edition/327052/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы №843 "Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (08.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58014

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-декабры №843

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы

администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Кыргыз

Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэриясынын

муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ылайык, Токмок шаарынын мэриясын кошумча кызматтык жайлар

менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:

- Чүй облусу, Токмок шаары, Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсү дареги

боюнча жайгашкан Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы

администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Токмок шаарынын

мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;

- аталган администрациялык-тиричилик имараттары Мамлекеттик

имараттар реестринен алып салынсын.

2. «Шаардык жамааттын жана Чүй облусунун Токмок шаарынын шаар

башкармалыгынын структурасынын коммуналдык менчигине объекттерди

өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-

декабрындагы № 726 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн, 2000-жылдын 20-июнундагы № 362 токтомуна

төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Токмок шаарынын

коммуналдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси

"\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| ШИИБ | Объект | 1 | \- |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_ | " |

"

деген позициясынан кийин:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| Чүй облусунун ИИБинин | Комплекс | 1 | \- |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Кыргызстандын 50 жылдыгы |  |  |  |  |
| көчөсүндө жайгашкан админис- |  |  |  |  |
| трациялык-тиричилик имараттары |  |  |  |  |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_ | " |

деген позиция менен толукталсын;

- «Саны» деген графасындагы «Бардыгы» позшиясында «230» деген сан

«231» деген санга алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери

боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
