Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-декабры №843
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы
администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Кыргыз
Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэриясынын
муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык, Токмок шаарынын мэриясын кошумча кызматтык жайлар
менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- Чүй облусу, Токмок шаары, Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсү дареги
боюнча жайгашкан Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын балансындагы
администрациялык-тиричилик имараттарынын комплексин Токмок шаарынын
мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;
- аталган администрациялык-тиричилик имараттары Мамлекеттик
имараттар реестринен алып салынсын.
2. «Шаардык жамааттын жана Чүй облусунун Токмок шаарынын шаар
башкармалыгынын структурасынын коммуналдык менчигине объекттерди
өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-
декабрындагы № 726 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн, 2000-жылдын 20-июнундагы № 362 токтомуна
төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Токмок шаарынын
коммуналдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси
"_________________________________________________________________
| ШИИБ | Объект | 1 | - | |
| _________________________________ | ______________ | _______ | _______ | " |
"
деген позициясынан кийин:
________________________________________________________________
| Чүй облусунун ИИБинин | Комплекс | 1 | - | |
| Кыргызстандын 50 жылдыгы | ||||
| көчөсүндө жайгашкан админис- | ||||
| трациялык-тиричилик имараттары | ||||
| ________________________________ | ______________ | _______ | _______ | " |
деген позиция менен толукталсын;
- «Саны» деген графасындагы «Бардыгы» позшиясында «230» деген сан
«231» деген санга алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери
боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Постановление Правительства КР от 20 июня 2000 года N 362 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 27 декабря 1999 года N 726 "О передаче…Постановление · 20.06.2000 · № 362
- Постановление Правительства КР от 27 декабря 1999 года N 726 " О передаче объектов в коммунальную собственность городского сообщества и структуре городской управы города Токмок…Постановление · 27.12.1999 · № 726 · Күчүн жоготкон