Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары,Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-декабры №835
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасы, Литва
Республикасы, Польша Республикасы, Ватикан Ыйык Престолу.
Швеция Королдугу, Дания Королдугу жана Норвегия Королдугу
менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык
кызматташуусун кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы
№ 626 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо
киргизилсин:
- № 4 тиркемедеги эскертүү төмөнкүдөй редакцияда
берилсин: «Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Германия
Федеративдик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу
Элчиси М.С.Бакиевге өлкөлөрдү айкалыштырып иштегендиги үчүн
кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк
белгиленсин.»;
- № 18 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен
толукталсын:
«Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Беларусь
Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Л.А.Иманалиевага өлкөлөрдү айкалыштырып иштегендиги үчүн
кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк
белгиленсин.».
2. Бул токтомдун 1-пунктунда каралган үстөктөр аталган
адамдар айкалыштырып иштөө боюнча кызматка дайындалган
күндөн тартып төлөнөөрү белгиленсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 ноября 1999 года N 626 "О реорганизации загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.1999 · № 626 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 ноября 1999 года N 626 "О реорганизации загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.1999 · № 626 · Күчүн жоготкон